Рустам Маманов Үзөңгү-Куушту сактап калуу үчүн күрөшкөн адамдардын катарында жүргөн Патриоттун ишин эл билет, көрө албаган көр казат….

Кайсы бир гезит экс-депутат, “Улут жүзү” коомдук фондунун төрагасы Рустам Мамановдун “маскасын” санагысы келип, эби келишпесе да, ар кандай ушактарды чогултуп, түз жерден эле жаманатты кылгысы келген экен. Эки сөздү эптеп кошуп, “эл ырыскысын жеп жатат”- дегендей бүтүм чыгарып салышыптыр.

Арийне, мунун баары көчө деңгээлиндеги ушак сөз болгондуктан, Маманов буга окшогон ойдон чыгарылган сочинениелерге маани деле бербесе керек. Коргонуп, актанып чыгууга деле себеп жок. Бирок, жеке мен Рустам мырзаны канча убактан бери билген адам катары, жөнү-жок жугунду куюлуп жаткандыктан, акыйкаттуулук үчүн эки ооз сөз айтып коюуну туура көрдүм.

“Чү” дегенде эле  “Бул адам үчүн акча эң башкы орунда тураары да анык. Анткени анда принцип деген нөлгө барабар”- дегенине көз чалдыкты. Мына ушул дейди кепти чыгаргандар чындап келгенде Рустам Мамановдун улут үчүн күйүп-бышып, кыргыздын желегин желбиреткендерди колдоп келатканын билбесе керек. Кыргыздын көөнө санжырасын изилдетип, ошол таза жол, бешене тер менен тапкан каражатын сарптаганы кимге белгисиз? Бей-бечара, жетим-жесир, өнөрпоздор, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштарды ар кандай долбоолор аркылуу колдоп келе жатат. Муну көпчүлүк анча билбейт, себеп дегенде, Р.Маманов анын баарын “рекламалап”, саясат кылбайт. Тек, өзүнүн милдети катары санайт. Бирдиктүү мектеп формасы азыр тегиз колдонулуп жатат, бул биринчиден окуучулар арасындагы бай-кедей болуп мурдагыдай бөлүнүүчүлүккө чекит койду, анан да агай-эжейлер “окуучум менден жакшы кийинет” – деген тартынуудан кутулду. Өз убагында көтөрүлгөн улуттук масштабтагы демилгени Р.Маманов баштап, ишке ашырып берди. Кыргыздын улуттук бий сынагынан кийин кайсы тойго барба, “кара жорго” менен башталып, бүтүп калганын танууга болобу? Жапырт республика боюнча колдоого алынып, “эң зарыл иш-чара” экени айтылып жатса, ушуну да жерге киргизе сындоо үчүн сен эң биринчиден өз улутуңдун душманы болушуң керек. Эгерде, булар жазгандай, Рустам мырза үчүн акча эң башкы орунда турса, миллиондогон каражаттарды жумшап, мунун баарын жасабай деле койсо болот эле го?! Бизде канчалаган бизнесмендер, бай саясатчылар бар. Алар депутаттык креслону сатып алышып, жеке бизнесин гана гүлдөтүп жатышат. Минтип улуттук масштабта акция өткөзүү алардын түшүнө да кирбейт. Мына ошолор үчүн балким, акча эң башкы орунда турса керек.

А баса, принциби жок дегениңерге жол болсун… Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга тартуулап жаткан учурда азыр бийликте олтурган, депутат болгондордун көпчүлүгү колдоп, кол чаап турушканы белгилүү. ЖК Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Рустам Маманов ошол кезде Үзөңгү-Куушту сактап калуу үчүн күрөшкөн адамдардын катарында жүргөнүн айта кетүү абзел. Андан кийин, 2010-жылдын июнь айында түштүктөн чыккан тополоң маалында кимдин кай жакта жүргөнү азыр катуу талкууга алынып жатат. Түштөн кийин баатыр маскасын кийгендер уялбай-этпей, “мен согушту токтотком”-десе төбө чачың тик турат. Бирок, Рустам Маманов Ошто коменданттын орун басары катары арбын эмгек жумшаганы эмнегедир айтылбайт. Кошкон салымы чоң. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жашынып, бекинип жатканда Р.Маманов араздашууну жеринде токтотуунун камын көрүп, эл аралап, башын тобокелчиликке салганын мисалы, принципсиздик дешибиз керекпи? “Принциби бар” деп эл башына оор сыноо түшкөндө басып баргандан корккон жетекчи сөрөйлөрдү айтабызбы ошондо?

“Беш өрдөкчүлөр” мындан ары, “Бакиев учурунда 300-500 сомго алып алган кен иштетүүчү лицензияларды миллиондогон долларга пулдап жатканы белгилүү болду. “Эбин тапкан эки ашайт” дегендей, мындай эргулдар эл ырыскысын бир эмес эки эселеп жеп, соодалап атканын качан токтотоор экен?”- дептир. Келжирек сөз да. 2010-жылдан кийин Бакиев маалында сатылып кеткен кендин баары кайтарылып, инвесторлорго катуу талаптар коюла баштаган. Маселен, “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө алган россиялык компания лицензия үчүн 100 миллион доллар дароо бюджетке которду. Анан ушундай шартта кен байлыктарды өз алдынча эле сата бергидей Рустам Маманов чиновник же тийешелүү министрликтин башчысыбы? Андай укук бул кишиде жок да, ал катардагы эле бизнесмен. Баса, ушул Рустамдай болгон жигиттер биздеги алтын кендерди мамлекеттен алып, иштетсе, биринчи кыргызга жакшы болот эле. Ошондой өзүбүздө инвестор жоктугунан “Кумтөр” эмне болду? Эгер кыргыздын жигиттери Кудай берген кендерибизди колго алып, эл үчүн иштете турган болсо, анын эмнеси жаман? Муну колдош гана керек. Ал эми лицензияларды 300-500 сомго Бакиев учурунда алып, сатып байып жатканы – жөн эле Рустам мырзаны каралоо. Ал убакта Р.Маманов деле азыркы айрым бийликте олтурган ошол кездеги оппозиция мүчөлөрүнүн катарында жүрсө, ага каяктан эле лицензияларды кармата коюшмак?!

Азыр заман ушундай. Элге көрүнүп калган эле адам болсоң болду,  ким экениңе карабай тепкилеген адат болуп калды. Көрө албастык, ичи тардыктан чыккан неме да бул. А бирок, таза адамга канча аракет кылсаң да, каралоо жукпайт. Азыркы президенттин кеңешчиси Султан Раев “Кыргыз Руху” гезитин чыгарып жатканда жакшы адамдарды коргосо эле “жылдыздарга чаң жукпайт”- деген сөздү көп колдончу. Ошол сыңары, Рустам мырзага деле чаң жукпайт, канча аракет кылбагыла!

Сейитмурат Сейитказы уулу,

Баткен облусу

Булак: “Майдан.kg” гезити

1 ой-пикир

  • Алайдан says:

    Азыраак мактагыла. Ыссык-Кол инвестбанкынан алган 10 млн. сом мамлекеттик карызды толоп койсун кредиторду какшатпай ошондо мактап жазабыз.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *