“Рыспайдан жеңилдим”- деп ырдабай койгом…

“Ырдын пири Рыспай” аттуу макалам “Майдан” гезитине жарыялангандан тартып көптөгөн окурмандар телефон аркылуу өз ойлорун билдирип жатышат. Макаланын талкуу жараатарын өз туюмум аркылуу билип туруп, телефонумдун номурун кошо жарыялаган элем. Албетте, ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Бирөө мактайт. Дагы бирөө жемелеши ыктымал. Кабарчы деген баарына даяр болуш керек. Чыңгызхан айтмакчы: “Корктуңбу, баштаба. Баштадыңбы, коркпо!”

Күтүлгөндөй эле жемелеген сымаал же нааразы болгонго тете да пикирлер айтылды. Мисалы, Оштон Гүлбара аттуу эжекебиз:

– Сиздин фельетон сыяктуу жазган макалаларыңызды дайыма кызыгып окуучумун. Ал эми “Ырдын пири Рыспай” аттуу макалаңызды дагы тактап, тереңдеп жазсаңыз болмок. Обончу менен менин үй-бүлөлүк катышым бар болчу. Анын мурунку аялдары Оңолкан, Тотулар менен дагы жакшы таанышмын. Алардын үйүнө барып-келип жүргөм. Бардыгы жакшы аялдар,- деди телефондон безилдеп.

Атайы убакытын коротуп мага байланышка чыккандыгы үчүн, албетте, Гүлбара эжеге чоң ыраазычылык билдирем! Бирок, макалада Оңолкан, Тоту, Давлет жеңелерге акаарат келтирген менин сөзүм жок. Боз үйдүн ичиндеги бир жолку олтурушта кандай сөздөр айтылса, дал ошондой кылып жазууну гана эп көргөм. Эгер андан башка сөздөрдү кошуп жиберсем, ошол күнкү каармандарым “мындай сөз болгон эмес эле, кабарчы калп айтыптыр”- дешмек. Балким, сөздүн көлүнө чумкуп кирип кеткен Мелис байке олтурушта калемин кайырмактай камдаган кабарчы да бар экенин этибарга албай, бир аз рамкадан чыгып кеткендир. Тилди каякка бурса кете берет эмеспи. Ошондой болсо да бирөөлөрдүн ар-намысына чындап тийген өтө деле орой сөздөр айтылбаган болчу. Эгер ошого тете сөздөр чыгып  кеткен болсо, алардын атынан мен кечирим сурайм!

Мына эми, мен азыр боз үйдүн ичинде эмесмин. сырттагы сөздөрдү да укканга, жазганга мүмкүнчүлүктөр бар.

Кечээ күнү Сузактын Тайгараев айылынан 78 жаштагы Зулпукаров Жоро аксакал телефон чалыптыр

– Рыспай тууралуу аябай сонун макала жазыпсың, айланайын! – деди карыя алкап. –Мен андай макалаларды калтырбай окуйм. Эми Рыспайды эң алгач качан көргөнүмдү айтып берейин. 1963-жылы Ош  шаарындагы Токтогул паркынын ичиндеги жайкы клубда райондук өнөрпоздордун кароо-сынагы болуп калды.  Мени сынакка маданият тармагында, мектепте иштеп жүргөн Тойгонбай Кошматов деген жигит ээрчитип барган эле. (Тойгонбайдын ысымы көзү өткөндөн кийин Тайгараев айылындагы мектепке берилген).

Мен “Жалжалым” деген ыр менен дагы бир ырды (экинчиси эсимде жок) даярдап баргам. Бизден кийин Совет районунун таланттары чыкты сахнага. Аңгыча, алып баруучу кыз:

– Рыспай Абдыкадыров! – деп кулактандырды да ала чыккан комузун столго жөлөп коюп кирип кетти эле, бир арык бала чуркап чыгып, комузду күүлөбөстөн “шартылдата” чертип, ырдап жиберди. Болгондо да мен даярдап барган эки ырды тең катарынан аткарып салды. Залдагылар жанданып, муюп, жыргап угушту. Талант жаткан турбайбы!

Ошондо мен катарымда олтурган Тойгонбай Кошматовго кайрылып:

– Жеңилдим! Мен экинчи ырдабайм,- дедим.

Ошол кезде Рыспайдын аты-жыты элге белгисиз болчу.

Арадан көп өтпөй мен аскерге чакыртылып, кеч болсо да жоокердик милдетимди аткарганга туура келип калды. Аскерде жүргөн кезимде Тойгонбай Кошматов “Баягы Рыспай аккордеон менен укмуштай керемет обондорду чыгарып жатат” деп мага кат жазып жүрдү.

Аскерден келгенден кийин музыкалык факультетте окуган иним Аман аркылуу Рыспай менен тааныш болуп калдым. “63-жылы кароо-концертте сенден жеңилип калып, мен ырдаганды таштап койгомун. Болгондо да мен даярдап барган эки ырды тең ырдагансың”, деп айтсам, Рыспай күлүп: “Мен аны кайдан билейин? Сынакка даярданып жаткан учурумда менин дагы көңүлүмө ушул ырлар туура келген болчу”, -деген.

Ырас, карыя кийин да Рыспай Абдыкадыров менен байланышып тургандыгы тууралуу бизге жакшы аңгеме куруп берди. Биз болсо, бир нече минутага созулган баарлашуудан соң: “Сизге бактылуу карылык каалайбыз! Балдарыңыздын, неберелериңиздин жакшылыктарын көрүп жүрө бериңиз! Кудай буюрса, сиз менен дагы байланышабыз”, – деп жылуу коштоштук.

Өнөрдү баалаган, ыйык туткан адамдар Жоро авадай болсо гана, атаганат! Бир эле жолку жеңилүү ызаасынан кийин өз дараметин сезип, сахнадан кетип калыптыр. Өнөр дүйнөсүнө угарман, көрарман болуп деле салым кошо  алаарыбызды ар бирибиз билүүбүз абзел. Ал эми азыр колунан келбесе да “ырдайм” деп энесинин эмчегин көргөн кулундай жулунуп, чыныгы таланттардан сахна талашып, наам талашып жүргөндөр канча! Мисалы, кыргыз  музыкасына опол тоодой салымын кошуп келе жаткан обончу Маматибраим Бостонкулов ушул кезге чейин мамлекеттик наамдардан куру болсо, айрым напсисин агыткан уятсыздар бешиктен бели чыга элек жатып эле тааныштын, акчанын “амири” менен наам, сыйлыктарды сунулган алакандары менен “мыжый” кармап, алып жатышат. Жакшы ырларды бузуп, тебелеп ырдагандарды көргөндө уяласың. Алар табигый таланты болбогон соң компьютердин жардамы аркылуу үнүн кооз чыгарганга далаалаттанып угармандарды алдабай, эң оболу өздөрүнө  сын көз менен карап, анан бактысын башка чөйрөдөн издесе ийги болоор эле демекчибиз.

Ар бир окурманын урматтап,
Рыспайды кумир туткан Орозбек Бөрүгулов

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *