Сүйүнбү Оролбаева, “Кашка –Суу” айылынын тургуну: “Кетким келсе мен деле этегимди түрүп кетип калам,бирок жеримди таштап кетким келбейт”

 

Урматтуу туугандар, 1994-жылы көчкү болуп чек арага көчүп келгенмин.   Өзүбүз чек арага туш болуп калганыбыз аз келгенсип  үлүш жерлерибиздин баары  Сары-Булакта. Тебелеп-тепсеп Өзбекстан  жыргап жатат. 2011-жылы алар тебелеп чек араны казаарда  жолдошум экөөбүз аскерлерге келгенбиз.  Өзбек аскерлери бизге автоматын такаган. Мен качкан жокмун, чалым да качкан жок. Ошол жерден атсаң ат, бирок  жерди бербейм дегенбиз. Мамлекеттик каттоого, СНБга телефон чалып  кыскасы айыл башчыларын топтоп бир жума тытышып жүрүп казыктарын алып ыргытып салганбыз.  Өзбектер казыктарды кагып, вышка орнотуп,  жолду бузабыз дешкен. Ошол жерди бербейли деп чалым экөөбүз бир жума көкүрөгүбүздү окко тосконбуз.  Биз ал жерди каздырбай койсок, бизден кийин 5 метр алыстыктан казышкан.  Ошентип алдырбай калган нерсени алты жылдан кийин кантип өкмөт ошол жерди алдырып коёт.  Катын башым менен мен турганмын ошол жерде автоматтарга көкүрөгүмдү тосуп. Эмне үчүн өкмөттүн күчү жетпейт. Ошончо кирип келишсе да  басып келишпейт биздин башчыларыбыз.  Мына чек арада  турабыз. Эч нерсе каралбайт, кылынбайт, статус берилбейт силерге дейт. Эмнеге берилбейт. Ошол чек араны биз коргойбуз.  Күн сайын аскери келет мага мылтыгын көтөрүп алып. “Эже канча адам жашайсыңар, бул жерде адам жашайбы?” деп сурай беришет. Баардыгы бар баардыгында жашайт деп коём.  Мен ошол жерде турам. Күйөөм өтүп кеткен жалгыз кемпирмин.  Ошол Гүлбактагылардын баардыгы ошол жерде  чек ара үчүн жашайт.  Бирок мен жеримди элимди бергим келбейт. Ушундай кыйналып жашасак дагы бизде тынчтык же көңүл буруу деген жок. Анысы аз келгенсип жөлөк пулдарыбызды дагы  силерге берилбейт деп кыркып салды. Эмне үчүн бизге жөлөк пул бербейсиңер десем жетим жесирлерди чет мамлекет каржылайт имиш. Ушуну карап койгула, жогору жактарга үнүбүз жетпей жатат. Кетким келсе мен деле этегимди түрүп кетип калам,бирок жеримди таштап кетким келбейт.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *