С. Жээнбеков саясый эркин билдирди, эми чечкиндүү кадамга барабы?

Өткөн жумада Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында баарыбыз үчүн  күтүлгөн – күтүлбөгөн билдирүү жасады. Сыягы, күтүлгөнү коррупциядан көңүлү көк таштай калып, мындай чечкиндүү кадамды чыдамсыздык менен күткөн эл үчүн, күтүлбөгөнү ошол жыйынга катышкан чиновниктер үчүн болду окшойт. Себеби коррупция асмандан түшүп келген балекет же табигый кырсык эмес, аны ошол чиновниктер жаратышкан. Ошондуктан мурдагыдай эле жеп-ичип жүрө беребиз дегендердин тамагына кылкан сайылгандай кекирип, уйкудан чочуп ойгонгондой бир селт этип алышты.

Кыргызстан, президент өзү баса белгилегендей, Коррупциянын деӊгээлин иликтеген  “Трансперенси интернейшнел” эл аралык уюмунун рейтинги боюнча  176 өлкөнүн ичинен 136-орунга түшүп кетиши эле биздин баардык мамлекеттик органдар узун-туурасынан туташ коррупциялашып калгандыгын далилдеп турат. Чындыгында тээ А. Акаевдин доорунда эле Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин чыгып кеткен коррупция чейрек кылымдан ашык мезгилде жети баштуу ажыдаарга айланып, коомубуздун өнөкөт илдетине айланып кеткен. Балаңды бакчага орноткондон тартып, ЖОЖго тапшыруу, жумушка орношуу, кыскасы кай жагыңды карабагын пара бербесең ишиң бүтпөй калган заманда жашап жатабыз. Ал тургай экс-президент А. Атамбаев биздеги коррупция коомдун, чиновниктердин кадимки жашоо образына айланып калгандыгы тууралуу чет элдик бир окумуштуу докторлук диссертация жактаганын айткан менен бул илдеттин тамырын кырка алган жок.  Кыскасы, Кыргызстан дүйнө жүзүнө да коррупциянын мекени, символу катары таанылып, илимге “салым кошуп” жатат.

Бирок улам карапайым калк ишеним артып шайлаган президенттер, алардын тегерегиндеги бийликтин жогорку тепкичинде отурган аткаминерлер кайра эле чийилген пластинкедей кызарган жердин баарын үзүп-жулуп, сатып, менчиктештирип, мамлекеттик эмес, жеке кызыкчылыгын гана ойлоп калышкандыгы кадыресе көрүнүшкө айланууда. Ал эми жөнөкөй жарандардын укугун коргойт, мыйзамдуулукту сактайт деп ишеним артып, маяна, машина, аскердик жана мамлекеттик чиндер берилген сот, прокуратура, ички иштер жана башка көзөмөл органдарынын өздөрү коррупцияга малынып калгандыгы элибиздин “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма” деген макалын эске салат. Айрыкча соттордун акча менен гана иштеп калгандыгы коомубуз жетер чегине жетип, аңга кулап бараткандыгынын бир далили.

Мындан бир нече жыл мурда бир немис саясатчысы Кыргызстанга келип, “Казакстандын келечегине ишенсе болот, бирок Кыргызстандын келечеги бүдөмүк, мамлекет катары жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби мамлекеттик чиновниктери бир кызматты ишенип берсе, уурдап, тоноп, бүтүндөй системаны талкалап салат экен” деп аныктама бергендигин уктум эле. Жакында Кытай жана башка ири инвестор өлкөлөр бизден кайсы бир тендерден утуш үчүн мамлекеттик чиновниктерге пара берүү үчүн атайын берене иштеп чыгыша тургандыгын (мисалы, сыйлык, техникалык көмөк же табигый кырсык үчүн деп) да маалымат каражаттарынын бири жазып чыкты. Бул көрүнүш керек болсо мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч экендигин С. Жээнбеков: “Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш – мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат” деп моюнга алды.

Коопсуздук кеңешинин Президенттин жетекчилиги астындагы алгачкы жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралышы өтө туура кадам болду.

“Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек.Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки!  Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун  алдында “Коррупция менен күрөшүү – менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам.  Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын!  Силерден да Кыргызстаныбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам! Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам” деп сөзүн жыйынтыктады.

13-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын тездетүү тапшырмасын берди С. Жээнбеков алгач кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин талдап, ал өз милдетин толук аткарып жатабы, кызматкерлер ал жерде иштөөгө ылайыктуубу деген өңдүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин коюп, жыйынтыкты талап кылды.

Ал эми эл Президенттен өздөрү коррупциялашкан чиновниктерди кызматтан алуу менен гана чектелип калбастан, миллиондорду  жеген-ичкен, мамлекеттик кызматты “бизнеске” айланткандардын жоопко тартылышын күтүшүүдө. Андыктан жакын арада айыл өкмөт башчыларынан тартып, сот, УКМК кызматкерлерине чейинки таза эмес иштегендер жоопко тартылууга тийиш.

А. Жапаров

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *