Сабыр Мукамбетов, саясый серепчи: “Жакында эле ажобуздун кеңешмеде сүйлөгөн сөзү ишке ашпай, бир аз создугуп жаткансыйт”

Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы проку­рор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү ме­нен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.

– Кыргызстанда сот бийлиги коррупцияга баткан чиновниктердин кызматын кылган, сөз эркиндигин, адам укугун басмырлаган органга айланып калды. Биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалына доо кетип атат. Эгемендик алган 25 жылдын ичинде бийлик башына келген аткаминерлерибиздин баары мыйзамды бузуп, коррупцияга барып, уурулук кылып, эки жолу эл серпилип, ошолорду кууп чыктык. Тилекке каршы, сот системасында өзгөрүүнү көрбөй жатабыз. Сот адилеттүүлүгү болбогон мамлекеттин түпкүлүгү жок. Жакында эле ажобуздун кеңешмеде сүйлөгөн сөзү ишке ашпай, бир аз создугуп жаткансыйт. Бүгүнкү аракетибиз менен биринчиден, президентке жардам берип атабыз, чечкиндүүлүккө багыттап, сот адилеттүүлүгүн орнотуу менен мамлекетти сактап калуу салымын кошот деген ишеним артуудабыз.

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *