Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Сооронбай Жээнбеков сүрмө топтун кызыкчылыгы үчүн жеңил-желпи пиар акцияларды кылып, кылычты оңду-солду шилтеп “шоу” кылган жок!”

– Сабыр байке, көнүмүш болгон маегибизди улайлы. Мына, элдик революция күнү майрам катары эсептелген 7-апрелдин сегиз жылдыгы белгиленди. Сиз ошол коогалаңдуу күндө эл алдында жүргөн адам катары кандай таасирлендиңиз? Иш чараларга катыштыңызбы? 

– Мен үчүн 2005-жылдын 24-марты менен 2010-жылдын 7-апрели экөө тең тарыхка өчпөс из калтырган дата. Адилетсиздик менен зомбулукка моюн сунбаган кыргыз эли үй-бүлөлүк, криминалдык бийликти тактан кулатып, өлкөдөн сүрүп салган күн. Келечек муундарга эрдик менен кайратмандыктын үлгүсүн көрсөтүп, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн. Мен ошол коогалаңдуу күндөрдө элим менен бирге болгонума сыймыктанам. Тилекке каршы, апрель революциясынын жыйынтыктары ойдогудай болбой, баягы орустардын притчасындагыдай – “революцияны романтиктер баштайт, фанатиктер ишке ашырат, шылуун, шумпайлар үзүрүн көрөт” дегендей болуп, Атамбаев ит кушту жыйнап алып, дүнүйөкорлуктун кулу болуп, элдин мүдөөсүн Максимдин куйруктарына тепселетип таштады. Бирок ошого карабастан, революциянын көп максатары аткарылбагандыгына карабай бул элдик көтөрүлүштөр элибиздин эрки күчтүү экенин кабарлап, бийликти узурпация кылгысы келгендерди көзгө сайып, өзүм билемдике жол бердирбей турган белги сыяктуу болуп калды дээр элем. Мен расмий иш чараларга чакыруу алган жокмун. Ал жакта, дагы деле, кун доолап бүтпөгөн Мискенбайларга окшогондор жүрүшпөйбү. Биз өмүр бою адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жүрөбүз. Бир күн аянтка чыга калып, өмүр боюу өкмөттү жакалап, ардеңке, бирдеңке сурап жүргөндөр менен майрамдоо, чынын айтсам, мен үчүн уят көрүнүш! Мени 6апрелге Сокулукка куран окутууга Темир Сариев чакырган. Зарыл жумуштар менен көлгө кетип ал жакка да бара алган жокмун.

– 7-апрелге удаа Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барып экс-президенттин ишенимдүү кадрлары: УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүмбаевдер кызматтан алынды. Президенттин Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү сунушу да Жогорку Кеңештин комитети тарабынан тездик менен жактырылды. Атамбаевди калкалайт делген Сапар Исаковдун да басмайылы бошоп калганы айтылууда. Буга чейин, “бул экөө партиялаш, кыйышпас дос катары бири бирин кыйбайт, Сооронбай Жээнбеков жумшак, жоош, экске карап баш көтөрүп, бир сөз айта албайт, музоо кезинде сүзүлүп калган” деген сөздөрдү угуп келгенбиз. Эми мындай чечкиндүүлүктөр болуп атат. Ушу боюнча оюңузду айтсаңыз?

– Эки жолку элдик көтөрүлүштө кан төгүлдү. Элибиз бул окуялардан алдыга жылыш, ийгиликтерди, жашоонун жакшы жакка өзгөрүшүн күткөн. Ооба, апрель революциясынан кийин өзгөрүштөр болду. Тынчтык, туруктуулук келди. Муну бийликтин кыйындыгы менен түшүндүрүп жаткандар да бар. Албетте бийлик коркутуп, үркүтүү жолу менен салым кошту. Бирок негизинен “куушмак ойноо” менен, орун алмаштыруудан майнап жок экенин түшүнүп, шаабайы сууган элдин тынчтанганы туруктуулуктун негизи болду деп ойлойм. Алмазбек Атамбаев деле элдин сүрүнөн чочуп, экинчи мөөнөткө бара алган жок. Анда эл -“төгүлгөн кан бекер беле?” деп чыгаарынан коркту. Анан ушундай кырдаалда шайлоо жолу менен бийлик алмашты. Чыдамы кеткен эл жаңы бийликтен өзгөрүүлөрдү талап кыла баштады. Сооронбай Жээнбеков эки оттун ортосунда калды. Таразанын ташына, бир жагына эл, экинчи жагына эсирген досу, анын эрке уурулары коюлду. Мындай шартта Соке (Сооронбай Жээнбеков) элди тандаган башка аргасы бар беле? Албетте, ал башкача кете алмак эмес. Анүстүнө “жооштон жоон чыгат” деген элибиздин сөзү бекер сөз эмес да.
Ошентип, Эл, саясый күчтөр убакыт өткөн сайын президенттин багына таш ыргытып, нараазычылыктар айтыла баштады. Сооронбай Жээнбеков сүрмө топтун кызыкчылыгы үчүн жеңил-желпи пиар акцияларды кылып, кылычты оңду-солду шилтеп шоу кылган жок. Ашыкпай талдап, сабырдуулук менен иш алып барууда. Коопсуздук кенешинде айткандарын орундатып, мамлекеттик бийлик башын иритип аткандардан тазалап баштады. “Досум болобу, бир тууганым болобу эч нерсеге карабайм. Баары жоопко тартылат” деди го, теледен. Бул сөзү: “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”,- деп өскөн элге жакпай койчу беле, албетте абдан  жакты.
Негизи Сооронбай Жээнбеков үчүн мындан башка туура жол жок болчу. Айрымдардын: “Ал досун калкалап, анын астында бөйпөлөктөй берет, музоо кезинде сүзүлүп калган” дегендер бүгүн жаңылгандарына сүйүнүп, президенттин чечкиндүү кадамдарын кош колдоп колдоп, кубанып отурушат. Баарыбыз эле чарчадык го? 25 жылдан бери турмуш жакшырат деп күтүп келебиз. Менимче Сооронбай Жээнбеков ошону – элдин демин, калоосун сезип иш алып барып жатат. Антпесе берки, мурункулардыкындай тагдырга туш келээрин билет. Анан Кудай ушундай шанс берип жаткандан кийин, жакшы аттуу болуга эмнеге аракет кылбоосу керек? Мен Президентти жакындан билем. Кудай деген киши! Көр оокатка азгырылбайт! Кудай буюрса тазаланабыз. Өнүгөбүз!

– Эми азыр, мына минтип жаңы бийлик бекемделип бара жаткан сайын ар кандай сөздөр чыгып, регионалдык жиктешүү тууралуу айтыла баштады. Президенттин инисинин таасири күч алганы айтылып, Жаныш Бакиевге салыштырганга чейин жетип жатабыз. Сиз ушу тууралуу кандай дейсиз?

– Регионализм темасы ар дайым бийлик алмашып, өткөөл мезгил келип, портфелдер бөлүштүрүлүп жатканда, “бийлик бутагына конуп калайын”- деп жүгүргөндөр менен, бийликтен кетип көчүгүн жабууга жанталашкандар тарабынан көтөрүлүп келгенин соңку жаңы тарыхыбыздан көрүнүп турбайбы. Бакиев да качканда: “Түштүккө барып жатып алам, бөлүп алам!” деп элди экиге бөлүүдөн кайра тарткан эмес. Азыр да мына, “менин быкыйымды чукуп атышса, тыйып койбой, кайра менин кадрларыма асылат, сатып кетти” деген Атамбаев да регионализге багыт алып, “жөө жүрүш жасайм” дедиртип, жөөлөп да көрдү.  Муну менен Чүйлүктөрдү Сокеге каршы үгүттөп, тукурам дегенсигени ачык байкалып калды. Серепчилердин көбүнүн: “Сооронбай Жээнбековго каршы тукуруп, провокаторлор чыкса акча чачып, будуң-чаң кылып, коррупциялык иштерден алагды кылып, артын жапкандан кайра тармак эмес, просто, жалпы элдик колдоо жаңы президент тарабында болгон үчүн, Мискенбаевге окшогон бир экөө, анан дагы абийирин акча менен пайдага алмаштырган бир эки ажаан катындан башка провакатор чыкпаганынан улам, аргасыз токтоду”,- деген пикирлерин эл айныгыс чындык катары эле кабыл алып жатат. Партиясынын курултайын алты айлап өткөрө албай, партиялаштарынан чочулап, иргеп, чакан топ менен тар конулга тыгылганы эле айтып турбайбы. Анткени, резонанстуу коррупциялык иштер жөнүндо сөз боло калганда эле Алешанын кулагы көрүнө түшүп жатпайбы. Бул бийликтен кетип аткандардын регионалдык картага ставка жасаганы.
Андан тышкары бийлик жаныланып жатканда бирдеңкеге илинип калайын деп жүгүргөндор да түндүк-түштүк болуп үймөлөктөшүп, бир тарабы “бекем бололу, бийликти колдон чыгарбайлы, аркалыктарга алдырып ийбейли” демиш болуп, экинчи тарабы, “түштүктүктөр кыйын экен, уюшуп алыптыр, Оштуктар жайнап кетти, түндүктүктөр каралбай кала береби?”- демиш болуп, ар кандай сөздөрдү чыгаргандары менен баарынын көздөгөнү эптеп бир кызматка илээшип калуу. Чындыгын айтканда алардын түндүк-түштүгүңдү деле урганы жок, өз кара жандары үчүн үйгүшүп жүргөн иттерден деле айырмалары жок. Элди бөлгөн эмелерди ким болбосун жек көрөт болуш керек, деп ойлойм.
Президенттин иниси Асылбек Жээнбековду деле Жаныш Бакиев менен салыштыргандар деле ошолор. Асылбек Жээнбеков эки ирет Жогорку Кенештин төрагасы болуп, өзүнүн ким экенин эл алдында далилдеди. Кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын канагаттандыруу максатында шектүү иштерге аралашып жаманатты болбой, атанын баласы катары, абийри менен кызматын өткөрүп берди. Эми деле, президенттин иниси катары мамлекеттин ишине кийлигише турган болсо, дасыккан мамлекеттик ишмер катары улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кийлигишет деген ишеним бар. “Каждый рассуждает по мере своей распущенности” деп орустар айтмакчы Асылбек тууралуу сөз чыгарып жаткандар жогорудагы, жанбагарлар, регионалистер.
Бүгүн бизге эмне керек? Бизге өнүгүү, адилет заман, бакубат жашоо керек. Андай жашоого жетиш үчүн ишеним керек. Азыр Кудай колдоп, мына бизде ишеним пайда болду. Ишеним бар! Бул океңдер айтмакчы: “главное”. Ошол ишеним өчпөсүн, ишеним кетпесин. Барынан жаманы ишеним кетиши. Ошондон Кудай сактасын!

Булак: Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *