Сабыр Муканбетов: Акчага таянган талапкерлер деле келесоо эмес

– Сабыр байке, сөзүбүздү улайлы. Мына көптөн күткөн 10-сентябрь да келип, 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун үгүт иштери да башталып кетти. Катталган 13 талапкердин төрт-беши үгүт иштерин баштаса, калгандары үгүтчүлөрдүн кейпин кийип бараткандай. Ушул шайлоонун жыйынтыктары кандай болчудай, кимиси жеңип, кимиси жеңилүү ызасын тартат деген ойдосуз?

– Менин оюм мындай, биринчиден, ким жеңсе да “эл жеңсин” дегендей бололу. Жеңилүү ызасын тарткандар ачууга алдырып, эл ичинде тынчтык бузулбасын. Ушул ой мен үчүн баарынан жогору турат. Ал эми катталган талапкерлердин көбү үгүт иштерин баштагандын ордуна татыктуурак  талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга үгүтчү болгулары келгенсип аракеттенип жатышы деле мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жетиштүү каражат, ишенимдүү электорат жок болгон  соң ошондой сүйлөшүүлөр аркылуу ар кимиси өз жолун таап, чакан ресурстарын соодалагандан башка аргалары жок да. Эми, азыркы 13 талапкердин ичинен активдүүлүк көрсөтүп, эл оозуна  алынып жаткандар үчөө, төртөө – Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев анан, “эмне болсо да багыман көрөйүн”  деп, аягына чейин барууну болжогон Бакыт Төрөбаевден  башкасы кандайдыр бир өзүлөрунө ылайыктуу сунуштарды издеп, кайсы бир талапкер менен биригүүгө ынтызар болуп атканы ачык байкалып калды. “Төртилтик” деп дүңкүлдөп чыккандардын соболдору деле жалпы колдоого ээ болоору күмөндүү болуп, ал турмак ишенген, белдүү дегендеринин бири Камчыбек Ташиевдин Сооронбай Жээнбековго кошулганы маалым болуп, уюшмага киргени жаткандардын бир далайын шок абалына кептеди.  Талапкерлердин баарын бийликке каршы бириктирүүнү  көздөгөн Адахан Мадумаров Ташиевди сынга алганы менен, өзү деле атка кыйшык отуруп алгансыйт. Өмүрбек Бабановго таандык үч жолтандабас тулпарды коштоп минип, чаң узгутуп, куюндатып журсө элден мындан башка эмне кеп чыкмак эле. Айтор, азырынча, “бийликтин талапкерине каршы бирдиктүү команда болуп, бир
альтернатива түзүп, бир кандидатты алып чыгабыз” деген идея ишке аша элек. Мындай жагдай, ансыз да, административдик ресурсту кеңири колдонуп, жеңишке жетет деп жаткан Сооронбай Жээнбековдун гана арымын арттырууда. Акчаны самандай сапырып, “баарын сатып алсам да жеңип чыгам” деген Өмүрбек Бабановдун да колдоочулары арбын болууда. “Мен ким элем, мени менен ким эсептешет эле, бир келип калыптыр, бергенин алып добушумду берип салайын” деген кайдыгерлердин басымдуу экенин көргөндө келечегиң күңүрттөнүп, эртеңкиден үмүтүң үзүлө түшөт экен. Ушундай уу-дуу арасында “акчага азгырылбайлы, адмресурска басынбайлы” деген чакырыктар угулбай эле калып жаткандай.

– Белгилүү теле журналист Каныбек Темиров ФБдагы баракчасына: “Акчасы көп олигарх талапкерлер элди сатып алабыз деп атышат. А бирок эл деле оңой эмес. “Олигархтарды ордуна коюш керек, акчасын алабыз бирок сүйгөнүбүзгө салабыз” деп жатышат дейт. Админресурска багынбай, акчага сатылбай таза, адилет калыс шайлоо өткөзүү мүмкүнчүлүгү барбы?

– Акчага таянган талапкерлер деле келесоо эмес. Жөн жерден эле талаага акчасын чача бербейт да. Алар да кыргыздын менталитетин билет, жок дегенде жарымынан көбү “кой уят, тузу урат,  акчасын алган соң салып берейин” дешет. Ошону билишет, ошого расчет кылышат. Ырас, арасында адилетсиздикти, добуш сатмайды, олигархтарды жек көргөн, аргасыздан жүргөндөр да бар. Алардын көбү саясаттан алыс, саясатчыларды жакшы таанышпайт, б.а. сен айткандай  сүйгөндөрү жок. Ошон үчүн акчага азгырылгандар көп, андайларды дагы бир топ убакытка  колдоно беришет го? А бирок убакыт өткөн сайын, акчага сатылуу менен мамлекетибизге чоң  залал келтиреерибизди түшүнө баштайт болушубуз керек. Биз түшүнбөсөк да өсүп келе жаткан жаңы коом муну түшүнөт деген ойдомун. Эгер алар түшүнбөй, ушундай ыпылас иштер улана берсе анда биздин мамлекетибиздин келечеги өтө күмөн. Анткени эрки бар элдин гана мамлекеттүүлүгүн  сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Эрки жок эл эл боло албайт. Жок болот.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *