Сабыр Муканбетов, саясый серепчи: “Коалициянын “үч буттуу” болушу опурталдуу”

— Сабыке, кандайсың? Учурда өлкөдө түзүлгөн саясый кырдаалды талкуулайлы да. Адегенде “КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата Журт” биригет” деп атышып эле, эми “Бир Бол” деп калышкандай. Ушу тууралуу эмне кеп уктуң? Өмүрбек Бабановдон эмнеге айнып жатышат?

— Өмүрбек Бабанов жаш, амбициялуу, капчыктуу, элге төбөсү көрүнүп калган, жетиштүү электораты бар саясатчы. “Башкаруучу коалицияга кирсе, аброю мындан да артып, КСДП анын көлөкөсүндө калат, бийликти тартып алып коюу шансы арта түшөт, бийликтин пландары бузулуп, өткөрчүбүзгө өткөрө албай калабыз” деп чочулап жатышкандай. Бир сөз менен айтканда, бийликти ага берип, аны мураскер катары көргүсү келбегендиктен, “алдырып ийебиз” деп чочугандан улам болсо керек…

— Буга чейин Алмазбек Атамбаев “Бир Бол” фракциясын “бакиевчилердин уюгу” деп айтып жүргөнү белгилүү. Эми аларга күнү түшүп калганына кандай карайсың? Эл эмне дейт?

— Эл эмне демек эле? Эл “бакиевчилердин уюгуна кантип кирээр экен, көрөлүчү” деп күлүп жатат. Чындыгында бу сапар КСДП фракциясына коалиция куруу мурдагыдай жеңил болчудай эмес. Атамбаев “Бир Бол” фракциясын “бакиевчилердин уюгу” деп жектесе, Иса Өмүркулов “Ата Мекенге” “Өнүгүү-Прогрессти” кошуп, коалициянын урашынын негизги себепкерлери катары баалап, алар менен принципиалдуу түрдө кошула албастыгын айтып жатса, жайыты тарып, ары жакта “Республика – Ата Журттан” башка эч ким деле калбай калбадыбы. Анан Бабановдон да чочулашып, айласыз “Бир Болго” күнү түшүп жатпайбы.

Эми Жогорку Кеңештеги саясый күчтөрдүн дээрлик баары менен бир-эки иреттен кошулуп, ажырашып бүтүшкөн соң жаңы түгөй табуу оңойбу? Бабановдон баштап колдонуп, “кидать” этип отурушуп, Текебаевге чейин жетишти. Эми кезек кайрадан Бабановго жетип, экинчи айлампа башталганы турат. А Бабановду мурунку чакырылышта мандатынан ажыратып, көчөдө калтырганы унутула элек. Анан орустардын баягы “за одного битого двух небитых дают” дегениндегидей, Бабанов битый, бу сапар оңой алдатпайт. Ошон үчүн “эми алдырбайт, өзү “сайып кетет” дешип, аны кошуп алгандан чочулап атышат. Айтор, баары чакар болуп, эч ким ишенбей калган заман. Президенттик шайлоого бир жыл калып, “төкөр өрдөк” синдрому иштей баштады, саясатчылардын баары келечегин ойлоп, “кетээрине бир жыл калды” деп моюн толгогондор четтен чыга баштады. Ушундай кырдаалда “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” фракциялары оппозиция болуп, “Республика – Ата Журт” КСДП менен “Кыргызстанга” кошулуп, коалицияга кирсе кандай болот? Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо жакындаганча Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов ж.б оппозициядагы депутаттардын бир далайы менен жакшылап чай ичишип, быгышып туруп, маселен, жазында “Республика – Ата Журт”коалициядан чыгып, тигилер менен биригип кетсе кандай болот? КСДП менен “Кыргызстан” президенттик шайлоо алдында оппозицияда калса ит болбойбу? Мындай болушу толук мүмкүн экендигин бир далай эксперттер айтышууда. Ошондон улам “Республика – Ата Журт” оппозицияда калтырылып, “Бир Бол” фракциясын кабыл алганы жатышат шекилди. Бирок, мурун депутаттыгынан, премьер-министирлик кызматынан, фракциясынан айрылып, талаада калтырылганына карабай, кайрадан кол курап, элдин ишенимин таап келген Өмүрбек Бабанов да оңой жоо эмес. Ал кыйла такшалгандыгын көрсөттү. Андыктан, ал коалицияга кирсе да, оппозицияда калса да, бул бийлик үчүн коркунучтуу бойдон кала берет. Албетте, коалициянын сыртында калганынын коркунучу азыраак, кодулаганга да ыңгайлуу…

— “Бир Бол” фракциясы да баш тартса кандай болот? КСДП коалиция курай албай калып, калгандар биригип коалиция түзүп кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

— КСДП менен “Кыргызстан” фракцияларысыз коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү ар дайым болуп келген, азыр дагы бар. Саясый эрк гана жоктугунан фракциялар андай кадамга бара албай жүрүшөт. Кырдаал өзгөрүп, президенттин мөөнөтү азайган сайын андай комбинация куруу шансы жогорулай берет. “Бир Бол” фракциясынын кошулуусу тууралуу айта турган болсок, бул маселе фракция ичиндеги акыбалга көз каранды. Алтынбек Сулайманов чечкиндүү кадамга бара албайт. Анткени партия ичинде нааразычылык күч. Өткөн шайлоодо жеткиликтүү добуштарды жыйнап, керек болсо “Бир Бол” партиясын Жогорку Кеңешке өткөрүүгө чечүүчү салым кошкон талапкерлери депутаттык мандатка илинбей катуу нааразы болуп, Алтынбектин айласы кетип жүрөт. Ал коалицияга кирип, депутаттарын кызматка, тизмедегилердин бирин депутаттыкка, бирин кызматка коюп, нааразы болгондордун катарын суюлтууга кызыкдар. Ошондуктан менин оюмча, “Бир Бол” коалицияга кирүүгө кызыкдар эле болот.

— Айрым серепчилер “үч фракциядан куралган коалиция үч буттуу үстөлдөй туруксуз, төртөө болсо жакшы болмок, конституциялык көпчүлүк 80 добуш да болмок” деп айтып жатышат…

— “Төртөөң төп болсоң төбөңдөгүнү аласың, алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың” деген кеп бар. Үч буттуу деле бекем турган үстөлдөр бар. Төп болсо, бекем болсо болгону. Анан төрт бурчтуу чоң үстөлдүн үч жагына үч бут тагып, бир бурчуна такпай коюп, тең салмактуулук сакталбаса, анда албетте урайт. Төп болуш керек. Төп болуп, ошол үстөлдүн ортосунан үч жакка тең тиреп турган үч бут бекем болушу шарт. Азыр ошол жаңы куралып жаткан коалициянын үч буту бекем болобу? “Эгер үч буттуу болот” деген ишке ашса дегеним да… “Бир Бол” деген буттун кыртышын Чолпон Жакупова кемирип атса, “Кыргызстан” деген буттун тиреги Канат Исаев үстөлдү солкулдатып атса, “үч бут бекем” деп да айта албайт экенсиң. Ушул өңүттөн алганда коалициянын “үч буттуу” болушу опурталдуу. Ал эми конституциялык көпчүлүктү камсыз кылган сексен добуш кеп эмес. Ар кайсы фракциядагы саясый сойкулук менен шугулдангандардын эсебинен жеңил эле камсыздалып келген, дагы деле ошол бойдон кала берет.

— Өмүрбек Бабанов өзүң айткандай жаш, элдин ишенимине арзыган саясатчы болуп калды. Анан эмнеге ушундай келечеги бар, такшалып да калган саясатчыларга жол ачпай, кайра бут тосуудабыз. Бул деген элге, мамлекеттин өнүгүүсүнө каршы кадам болуп калган жокпу? Же чындап эле баягы Атамбаев айткандай, “Кыргызстанды комок кылат” деген пикир дагы деле басымдуу бойдон калуудабы?

— Кыргыздар “жебеген жер астында” дешет. Ансыңарындай, көз карандысыздыкка ээ болгондон берки кыска мөөнөттө эл башына келгендердин дээрлик көпчүлүгү ууру-кески чыгып, азапка малынып келе жатканыбыз жалганбы? Ошолордун катарында Өмүрбек Бабанов да жаш экенине карабай алдым-жуттуму менен оозго алынып, Айдар, Максимдерге жармашып байып, олигархтардын катарына кошулганы далай ирет айтылган. Жаш болуп туруп ошончо каражат топтоп, башкарууга жетишкени бир жагынан ар кимдин эле колунан келе бербеген менеджерлик сапат экенине карабай, экинчи жагынан “жашабай жатып…” деген жаман көздөрдүн айынан маселени ого бетер күчөтүп таштаган десек да болот. Бирок кандай деген күндө да, акыркы алты жылдагы саясаттагы турмуштун ачуу-таттуусу аны өзгөртпөй койгон жок. Мурун акча-акча деп жүгүргөн Өмүрбек Бабанов азыр “акча керек эмес, киши керек” деп калганын партиялаштары байкап, элге айтып жүргөнү бекер эмес го. Ошончо бийиктиктен – премьерликтен көчөгө ыргытылып, кайра көтөрүлүп жетинчи кабатка жетип, “президенттикке чыгам” дегенге жетүү оңой бекен? Албетте, тагы калат. Андыктан “тирүүдөн түңүлбө” дегенди эске алуу керек.

— Эми КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол” башкаруучу коалицияга кирип, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, Республика – Ата Журт” оппозиция болуп, эки тарап үч-үчтөн болсо кандай болот? Оромпой тебишеби же пляжный волейбол ойношобу? “Булар элди ойлобой калды, ар ким эле өз кара башынын камын жеп, бири байлыгы, бири бийлиги үчүн жанталашып жатат” дегендердин айтканын айтып атам, Саке-ее…

–Эми үч болсунчу адегенде, Суке-ее. Андан кийин деле айтабыз. Бирок, эгер ошондой болсо президенттин мөөнөтү бүтүп, алсырап баратканына байланыштуу оппозиция күч алаары шексиз. Өмүрбек Текебаев катуу ачыгып калды, жөн жатпай Канат Исаевди, Бакыт Төрөбаевди, Өмүрбек Бабановду жакшылап бышырып туруп, коалициядагы Алтынбек Сулаймановду сууруп чыгып, КСДПны оппозицияга калтыруу аракетин ишке ашырып кетиши толук мүмкүн. Анткени баары КСДПга алданып жапа чеккендер болуп калды. Бийлик мунун алдын алуу үчүн катуу кысым жасап, каршылаштарды катардан чыгарууга аракет жасоодон башка аргасы калган жок окшойт.

 Маектешкен Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *