Сабыр Муканбетов: ЖЭБге келген насыя урдалгандыгынан шек жок. Ким күнөөлүү экендигин айта албай кыйналып жатышат

Сабыр байке, бүгүнкү талкууну ЖЭБдеги (ТЭЦ) авария, ЖЭБди реконструкция кылуу үчүн Кытайдан алынган кредит маселесинен баштайлы дегим келип турат. Өзүңүз угуп-көрүп жатсаңыз керек, ЖЭБди оңдоп түзөө үчүн алынган карыздар максатсыз пайдаланылып, жеп-ичкичтердин кулкунуна кирип кеткени белгилүү болгону менен, бийлик башындагылардын кимиси канчадан жегендери ачыкталбай жатпайбы. Өткөн жумада Жогорку Кеңеште катуу ызы-чуу, кызыл-чеке болгонго чейин барышып, эскилер жаңысын, жаңылар эскисин айыптап, экс-президенттин кол тийбестигин алууга чейин сунушталды. Кызматынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү аркылуу кол жууган Сапар Исаков кайтадан УКМКга суракка чакырылды. ЖКда бул жума дагы ушул маселе улана турган болуп жатат. Сиздин оюңузду угалычы. Кай тарабынын аргументтери чындыкка жакын, кай тарабын күнөөлүү дейт элеңиз?

– ТЭЦ боюнча эле, үстөгүн кошкондо жарым млрд. долларга жакын каражат Кытайга карыз болуп калдык. Бул келечек муундун кешигин жеп, жонуна арткан жүгүбүз. Эми ошол эбегейсиз акча максаттуу пайдаланылып, элдин керегине жумшалса да мейли дейт элек да… Жарымынан көбү уурдалып, бир топ ач көз жетекчилердин кулкунуна кирип кетип атпайбы. Ошого коомчулук, жалпы эле элибиз нааразы болуп, кыжырданып атат. “Тапкыла (!), таап жазасын бергиле, кустургула”- деген талаптар ошон үчүн айтылып атат да.

Жаңы президент да апрелде курман болгондордун тууган-туушкандары менен болгон жолугушууда “аягына чыгарам, дос, тууган экенине карабайм”, – дегенин уккансыздар. Ошон үчүн, талаптар катуу коюлгандыктан, мурдагы кездегилердей, күүлдөп барып токтоп, унутуп, унчукпай калмай адатыбыз бузулуп, ызы-чуу болуп, токтобой жатабыз.

Сен айткандай, насыя урдалып, желип-ичилип кеткенинен шек деле жок. Конкретно ким уурдаганын айта албай, кыйналып жатышат. Бет тырмаарлык кылып аткандар да ошондон. “Кан-жинин аралаштырып, боктоп салсак, баары бирдей, баары тең ууру деген түшүнүктү орнотсок, кимиси күнөөлүү эке-нин билбей, мээлери айнып калсын’’- деген максат. Так ушул аракетти көрүп жаткандар уурулар экени ачык эле байкалып турат. Эл деген алар ойлогондой маңкурт, келесоо эмес, баарын көрүп турат.

– Сапар Исаковдун: “Айтсак, баардык фамилияларды толук айталы, баарына бирдей мамиле болсун, мен августун аягында өкмөт башчылыкка келдим, кышка даярдыкка Сооронбай Жээнбеков жоопкер, ЖЭБдеги двария менен модернизация эки белок каралышы керек, жаңыланган жакта авария болгон жок, авария зеки бөлүгүндө болду, ага кышка даярдык көргөндөр жооп бериши керек”,- дегендей сөздөрдү айтып жатат го. Буга кандай дейсиз?

– Ооба, модернизация кытайдан карыз алынган акчага жасалып атат. Кышка даярдыкка мамлекеттик казынадан акча бөлүнүп, өкмөт, өкмөттүн алдындагы структуралар, мамлекеттик чарбалар ишке ашырышы керек эле. Ошондуктан, бөлүп караган чындыгында эле чечмелегенге оңтойлуу. Бул жагынан алганда туура эле айтып атат.

Бирок Сапар Исаков бул сунушту маселенин түйүнүн чечүү үчүн айткан жери жок да. Ал мындай ойду таңуулагысы бар: “ЖЭБдеги чатак авариядан чыкты, авария модернизацияга тиешеси жок эски бөлүгүндө болду, ал жакка бюджеттен өзүнчө каражат бөлүнгөн, кышка даярдыкты жүргүзүү өкмөттүн иши, Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын август айынын аягына чейин өкмөт башчы болуп иштеп, кышка даярдыкты жүргүзгөн, ошол кишиден сурагыла, ошол киши жооп бериши керек, мен өкмөт башчылыкка августа келгем, мен да тиешелүү жоопкерчиликти моюнга алам, бирок тегиз жоопкерчилик болсун, саясый куугунтук башталып атат!”- деп безилдеп атат.

Булак: Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *