Сабырдуу Азиз Турсунбаевдин муштуму акеси Арапбай Төлөновго тийбей калганда

Бир курдай журналист Аслан Сартбаев менен Азиз Турсунбаев Киев көчөсүндөгү Ормоновдун офисине барып калышат. А жерде чылгый түштүктүн тыңчыкмалары отурушуптур: Айтибай Тагаев, Искендер Гаипкулов, Улукбек Ормонов, Арапбай Төлөнов, Мавлян Амракулов, Нурпазыл Атамбаев ж.б. Бир маалда Арапбай албууттанып эле Асланга асыла баштайт: «Сен бала, түштүктүн балдарын сындайт экенсиң, бу кандай?» деп омуроолоп кирет. Аңгыча Азиз Атакозуевич «Аслан андай эмес, акелеринин баары түштүктөн болуп атса кандай?» деп тамаша чала сүйлөйт.

Төлөнөв болсо, «Азиз, сен качантан бери иче элексиң?» деп кыртышы сүйбөй сайыла баштаганда, Гаипкулов менен Ормонов ордуларынан акырын туруп, жакындай басышат. «Эй аке, байкап сүйлөңүз! Эмне деп айтып атасың?» деди Турсунбаев ачууланып. Кер-мур күчөй баштаганда Мавлян, Искендер, Улукбектер арачыга түшүшүп, кырдаалды жумшартышкан болчу. Ошо арада курсактарын сылай Айтибай менен Нурпазыл кыткылыктай отурушту го чиркин. Бир маалда Азиз мырза «тарс» эткизе эшикти ачып, сыртка чыгып кетти. Артынан Аслан да жөнөдү. Сырттан Турсунбаев «Арапбайдын жашын сыйладым, болбосо жаткыза чапмакмын!» деп айтканы бар. Ток этери, ушундай уюктар түндүк-түштүккө бөлүнбөй качан оңолушат?

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *