Садык Шер-Нияз, депутат: Андай болсо: “башты оорутпа, соттон көрүшөбүз, бийлигиңдин да кереги жок” – деп басып кетмек

Эки үч күндөн бери Белизгейт маселеси козголуп жатпайбы. “Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо керекпи?” – деп айрым депутаттар айтса, башкалары “козгобош керек” – деген маселе болуп, ортодо козголобу-козголбойбу деген маселе көтөрүлүп жатат. Албетте бул жогорку бийликтин иши, көз карашы дегендей. Сиз бул боюнча эмне айтасыз?

—Мен бир гана нерсени айтам. Негизи бул иш жөн калбастан жок дегенде мындай иш үчүн моралдык жактан дагы жазасын алышы керек. Анткени ал кезде эсиңизде болсо керек. Бийлик колунда болуп УКМКнын төрагасы катары ушул жерге келип парламентте манчыркап, депутаттарды көзүнүн төбөсү менен карап, аттарын да айтпай зекип, ныгыра басып сүйлөгөндө чынында көпчүлүк адамдарда коркуу сезими пайда болуп отурушту да. Аз санда гана депутаттар чыгып өзүнүн ойлорун айта алышты да ошол кезде. Анда бул Белизгейттин түпкүлүгү жок экенин кээ бир адамдар ички туюму менен сезсе керек. Эсиңизде барбы? Мен муну шоу деп атадым. Албетте, ошол кезде бул кандайдыр бир чектен чыккан сөз болду. Президентти кошуп туруп шоу жасадыңар деп айтканыбыз. Бирок бул сөздү айтууга аргасыз болдук. Себеп дегенде ал келип парламентте бүткүл эл шайлаган 120 адамды зекип отурганы бул мага кесирликтей сезилди. Ал эми парламентке келип ошентип сес көрсөткөнү башында эле жакшы эмес болчу. Эми ошонун жыйынтыгы жакында чыкты.

—Көзүңүз жетеби жоопко тартыларына?

—Мен артынан сая түшүп жоопко тартылсын, камалсын дегендерден да эмесмин. Бирок моралдык жактан болсо да жоопко тартылышы керек да. Менин өзүмдүн жеке оюмда мен гуманитардык багытта жүргөн кишимин. Менин оюмда ал мамлекеттин аппараты иштеп, ал камалуу процесси жүргөндөн улам ошол иш-чаралар азыр мен үчүн өзүнүн авторитетин жоготту. Далай мыкты азаматтар күнөөсүз түрмөдө отурганын билем. Демек, камалуу ал мен үчүн негизги бир башкы максат да эмес. Мен үчүн чындын чындай, актын актай болуп ордуна келгени жогору турат. Кеп ошондо. Анткени, ошол кезде чыркырап жаттык. Биздин сөзүбүз бурмаланьш берилип жатты. Же телевидениеге чыкпай, же эл укпай биздин айткандарыбызды. КТРК болсо көрсөтпөй кесип салып… Ошону айттым. Менин оюмча ошондой тарыхтын ордуна коюлганы жетиштүү.

Бирок аттиштин баасын 200 долларга чыгаргандар, ТЭЦтен биздин жылуулукту уурдагандар, канчалаган миллион сомду сологондор, же ошолорго жардам берип, ошолорду кызматка койгондор, же болбосо Тарых музейин оңдоп-түзөөдөн миллиондорду уурдагандар күнөөлүү. Мына ал жердеги аттардын баасы 22 миң долларга чыкты деген маалымат чыкты. Аны дагы биздин дагы бир кесиптешибиз эшек түспөлдүү деп атады. Мүмкүн ошол эшек түспөлдүү аттар биздин жегендердин кейипкеридир. Андыктан ошолорду Тарых музейине калтырып коюш керек. Эл дагы барып көрсүн. Ошол аттар анык символ болду. Анан бул саясатта акты кара, караны ак кылып коюш оңой экен. Бул бизге окшогон чыгармачыл адамдар үчүн оор экен. Ал үчүн дагы мен трибунага көп чыкпаганга аракет кылдым. Сүйлөсөм эле жарышып кетээримди билем. Ошон үчүн айда-жылда бир сүйлөгөнүм ошол себептен. Анткени саясат болуш керек. Бирок практикалуу жумуштун 30 пайызы саясат болуш керек деген ойдомун. Бизде болсо 99 пайыз саясатка өтүп, 1 эле пайыз практикалуу жумушка болгон иш-аракет болуп калды.

—Өкмөт кетет экен. Он күн калыптыр, жыйырма күн калыптыр деген уу-дуу кеп аябай тарады эле. Президент ишкерлер менен жолукканда Өкмөт иштейт, парламенттик шайлоо убагында болот деп бир сөз айткандан кийин ошону менен бул сөз басылып калды. Иштеп жаткан өкмөттүн аракетине алты айдан ашты. Бул боюнча эмне демекчисиз?

—Кайсы өкмөт келсе дагы ал биринчиден ушундай сынга кабылат. Экинчиден, ушундай эле иштейт. Биз азыр жөнөкөй механизмдерден бир чоң глобалдуу жагын сүйлөшүп жатабыз да. Эмнеге дегенде биздин системабыз ушундай түзүлүп калбадыбы. Бул системаны убагында Текебаев да кошо түзүшкөн. Баары келип президентке байланган. Бул система биз демократиянын анык үлгүлөрүн көп кабыл албагандыктан, мүмкүн биз бийликти жакшы көргөн психологиябыздан улам түзүлүп калды. Бул системанын канчага чейин иштээрин мен билбейм. Бирок бул дагы мүмкүн Кыргызстандын элинин өсүү жолундагы эволюциянын бир бөлүгү. Албетте, менин бул системага кейип-кепчийм.. Бирок бизден башка Азия өлкөлөрүндөгү саясатты карап туруп, биз аларга салыштырмалуу аз болсо да жакшы жолдо бараткандайбыз деген гана нерсе мени кичине тынчтандырат.

Бул кандай болгон күндө дагы бизде премьер-министр бул элди жооткочу эле фигура. Кудай сактасын. Эртең эскилиги жеткен канализациябыз бузулуп баары көчөгө ага баштаса албетте, эл толкуйт. Анан элди биз тынчтандырышыбыз керек. Кантип? Биринчи кадам – бул премьер-министрди алмаштыруу. Биз ошол нерсени абдан үйрөнүп алдык. Анан өнүгүү жолунда аз-аздан биз турмушка тике карап кылган жакшы иштерибиз да бар. Мисалы, мына тейлөө кызматын мамлекет киришпей жеке ишкерлерге өткөзүп берди. Курулуш иштерин да өкмөт өткөзүп берди. Учурда Бишкекте биз мурда көрбөгөн имараттар бар. Кинотеатрларыбызга дагы эл барып жакшынакай эс алып жатат. Мына ушул сыяктуу багыттарыбызды биз моюнга алышыбыз керек. Биздин мамлекеттин эң негизги өсүшү ал премьер-министрди алмаштыргандан эмес. Биз багытты туура коюшубуз керек. Биздин мамлекеттин өсүшү үчүн биринчи кезекте сот бийлиги көз каранды болбошу керек.

—Баары келип президентке такалып жатканын бийлик да, эл да жакшы түшүнүп турат. Бул нерседен арыла албай калдык го…

Жакында биз Жогорку Соттун судьясын шайладык. Эми ал дагы депутаттарга көз каранды болуп турду да. Ал депутаттарга жумшак жооп берип жатты. Эмнеге? Эгер ал катуураак сүйлөсө депутаттар шайлабай коймок. Ал эми президентке, парламентке көз каранды болуп келип шайланган соттун төрагасы эртең көз карандысыз болот деп кепилдик бере аласызбы? Албетте, жок да. Биз ротация дегенди ойлоп таптык. Эми ойлосоңуз. Сиз шаарда жашап Биринчи Май районунун сотунун төрагасы болуп туруп бийликке жакпай эки-үч көз карандысыз чечим чыгарып көрүңүзчү. Эртең Алайкууга кетесиз. Ротация бул бизде көз каранды механизм болду да. Биз чыркырап айтсак болбой өтүп кетти. Анткени бүгүнкү күндө бийликке көз каранды соттор керек болуп жатат.

—Парламент өзү да көз каранды болуп жатпайбы…

—Ооба. Парламент да көз каранды. Баары келип сотко такалып жатат… Биз эртең кызматтан кеткенде бул соттун пайдасы тиет деп ойлоп жатабыз. Чынында эч кимге деле пайдасы тийген жок. Бирок ошол ой бар. Мисалы, Кыргызстанга акча салам деп инвестор келет. Өкмөт тараптан тоскоолдук боло турганын билет. Эгер сотко кайрыла турган болсо ал ишти Өкмөттүн пайдасына чечерин билип туруп ага берчү акчасын берет. Мына ушундай учурда коррупцияга жол ачылат. Бул биздин шорубуз. Сот системасын мыкты реформалоого 30-40 жыл кетээр. Бирок ошого азыртан кадам коё турган болсок, анда Кыргызстан эбегейсиз өнүгөт. Бизнесмендер эмне үчүн депутаттыкка жанталашып жатат? Баарыбыз билебиз. Бийликте болбосо, бизнесин тартып алат. Анан айла жок бизнесин коргош үчүн келип жатапайбы. Болбосо бизнесмендер бийликке келбейт эле. Бир коркунучутуу чыр маселе болсо: “башты оорутпа, соттон көрүшөбүз, бийлигиңдин да кереги жок”- деп басып кетмек. Маселен, өнүккөн мамлекеттерде ушундай да.

—Акыркы жылдарда мамлекеттик сыйлыктардын баркы бир топ эле кетпедиби. Жээнбеков жакында бир топ адамдарга сыйлык-наамдарды берүү боюнча жарлыкка кол койду. Татыктууларга берилдиби?

-Бул жолу сыйлык татыктуу адамдарга берилди десек болот анткени, көптөн бери сыйлык-наам берилбей жүргөндөргө берилиптир.

Парламентке көз карандысыз мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүрүүчү көз карандысыз комиссияны президентке караштуу кылып койдук эле. Мунун аягы эмне болду? Кыргызга күйгөн инсандар алакандай кагаз албай өлүп кетип жатышат. Шоопурлар “Манас” орденин алышты го. Көрсө, комиссияны бир адамдын колуна тапшырып койгон болбойт экен да. Атамбаевдин убагында мамлекеттик сыйлыктардын баркы кетти. Эми мамлекеттик сыйлыктардын арасынан мен сизге салыштырмалуу айтсам бул Токтогул атындагы сыйлыктын башкаларга караганда даражасы төмөн турат. Анткени тиги сыйлыктарга Президент кол койсо, бул сыйлыкка премьер-министр кол коёт. Бирок, байкасаңыз бул сыйлык баалуу. Эмне үчүн? Анткени Токтогул сыйлыгы саясатташкан эмес. Бул сыйлыкты бир гана чыгармачыл гана адамдар чечет. Премьер-министр болсо айла жогунан кол коёт.

-Коррупцияга каршы күрөштөн атайын эсепке 400 млн. сом түшүптүр. Бирок баарыбыз көрүп жатабыз. Коррупцияга каршы күрөш тандамал жүрүп жатпайбы. Мен деген коррупционерлер (алардын арасында сиздин кесиптештер да бар) президентти коштоп чет өлкөлөргө чыгып жүрөт. Баягы эле акылдуу сөзүн айтып, “билгениңерди кылгыла” деп манчыркап жүрүшөт. Президент өзү коррупционерлердин аттарын ачык айткыла деп жатат. Эл айтып жатат. Бирок андай “баалуу” коррупционерлерге чара көрүлбөй жатпайбы. Алардын аттарын атабасак сизден тышкары ал да абдан жакшы билет. Бул боюнча ачуу, терең сөзүңүздү айтпасаңыз болбойт го…

-Сенин суроолоруң дайыма провокациялык да. Менин оюмча сенин ушундай курч суроолоруңан көп эле саясатчылар качат болуш керек. Эми мен да качып кеткендей болбой, суроо берип калгандан кийин жооп берейин. Сиздин бул сурооңуз өтө оор маселе. Бул суроого терең жооп бериш дагы мага көп көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн да. Коррупциянын өзөгүн биринчи кезекте шайлоо деген шайтан оюн түзүп жатпайбы. Шайлоо ж.б. маселелер баары эле акчага байланып калбадыбы. Мына шайлоодо пендечилик менен коррупцияга малынып жатышпайбы. Маселен, шайлоодо сиз эл башчы боло турган адамга бир райондун, же бир облустун добушун алып берсеңиз дейли. Анан сиздин кызматтагы бир коррупцияңыз чыгып калса, сизди кантип камашат? Кептин төркүнү мына ушул маселеге келип такалып жатпайбы. Же биздин мисалды айтайын, “Айтыш” фондуна демөөрчүлүк кылгандарды мен кантип жаман деп айтам.

Текебаев оппозицияны сакташ үчүн атайын мыйзамды иштеп чыккан. Азыр ошонун натыйжасында парламентте эки оппозициялык фракция жана негизги эки комитет оппозициялык фракциянын энчисинде. Бул дагы оппозицияга чоң күч кубат берет. Ушундай мыйзамдар көп болсо, коррупциялык иштерге бир топ бөгөт болмок.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *