Садык Шер Нияз, депутат: Мамлекеттик сыйлыктар түшүнүксүз жолдор менен берилип атса – ал жерде коррупция бар

-Садык мырза, социалдык комитеттин жыйынында ардак наамдар татыктуу кишилерге берилбей жатканы тууралуу күйүп-бышып айтканыңызды угуп калдым. Бул чындыгында эле чоң көйгөй окшойт.

– Андай учурларды мен өзүм башымдан өткөздүм да. Комиссиядан чечим чыгып, керек болсо ошол комиссиянын мүчөлөрү мени эл көзүнчө куттуктап, анан кайра теңирден тескери чечимдер чыкканына күбө болгом. Чыныгы элге эмгеги сиңген кишилер четте калганы байкалат. Мисалы, Эрнест Абдыжапаров деген кинорежиссерду алалы. Аны дүйнө жүзү тааныйт, бирок, бир да наамы жок. Капкачан эле Эл артисти боло турган киши да. «Айыл өкмөтүнөн» баштап, канчалаган фильмдерди тартты. «Боз салкын», «До плюс Фа», «Саякбай»… Биз «кинону өстү» деп атабыз, муну президент да, премьер да оозуна алып сүйлөп атат. Эми кино өсүп аткандан кийин ошол өстүргөн кишилерди сыйлаш керек го, туурабы? Дагы бир мисал айтайын: Темир Бирназаров деген кинорежиссер бар. Мына жакында эле Кыргызстандын тарыхында болбогон ийгиликти жаратып, Таллин кинофестивалынан баш байгени жеңип келди. Мындай фестивалдардан дүйнө жүзү боюнча көп болсо он төртү эле бар. Бул киши токтоосуз түрдө наам алышы керек эле да, кандай деп ойлойсуз? Элдин баары жолуккан жерден сурайт, «Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадилаевдин бир да сыйлыгы жок турбайбы» дешсе, башыңды ийип, уялат экенсиң. Ал киши жок дегенде Эмгек сиңирген артист наамын алса жарашат эле го? Же болбосо манасчыларды алалы. Биз «Кыргыз, Манас, Ала-Too» деп жашайбыз. Манасчылык өнөрдү ЮНЕСКОго каттаткандар «Манас» орденин алып атышат. Бирок, ириде Манас өнөрүн аздектеп, алып жүргөн кишилерди баалаш керек да. Рысбай, Талантаалы, Улан, Дөөлөт, Самат… Булардын биринин дагы наамы жок. Анан кантип биз «Манас кыргыздыкы» деп айтабыз?

– Ошол эле учурда бул наамдар кимдир бирөөлөргө «пачкалап» берилип атат да. Арасында аты элге белгисиз, же болбосо жаңы эле чыккан жаштар бар. Ушундан улам «бул жерде да коррупция жокпу?» деген күмөндүү суроо туулат.

– Бир нерсе түшүнүксүз болсо эле, ошол жерде коррупция бар да. Мисалы, «ТЭЦке аттиштерди 600 доллардан сатып алышыптыр» дегенде элдин баары түшүнбөй калышты. Чын эле, кантип бир аттиш отуз эки миң сом турсун? Демек, коррупция бар да. Эгер сыйлыктар дагы түшүнүксүз жол менен берилип калса, ал жерде да коррупция бар. Сыйлыкты көбүнчө Акүйдө тааныш билиши бар кишилер алышат. Баягы «таанышын болсо танкасын» деген ыкма иштеп кетип аткандай. Жок дегенде наамды саясатташтырбаш керек. Сыйлык берген комитетти коомдук уюмга айландырыш керек болуп калды.

– «Наамдар союз мезгилинен калган эски жөрөлгө. Аларды жоюп эле салыш керек» деген да көз караштар бар. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Ал бир чети туура. Бирок, кайсы мамлекетте ошондой кылса болот? Мисалы, Россияда сиз кино тартсаңыз, ал жерде 150 миллионго жакын калк бар. Жакшы болсо сиздин киноңузду эл көрөт, сиз тыйын табасыз. Өзбекстанда китеп жазсаңыз ал жерде 30 млн. калк жашайт. Китебиңизди тыйындап сатсаңыз да пайда көрөсүз. Ал эми бизде кыргызча сүйлөгөн 3 млн. эл болуп атат. Өнөр адамдарына тыйын табыш мүмкүн эмес. Мындай учурда мамлекет коргойт маданиятын. Мамлекеттик коргоонун бир стимулу – бул наам. «Тилибиз, маданиятыбыз жоголуу коркунучунда» деген сөздөрдү угуп эле атабыз. Биз аларды кантип сактайбыз? Мамлекет коргоого албаса, сакташ мүмкүн эмес. Ошондуктан, Кыргызстанда наам калыш керек. Ошол нерсеге таянып, «жок дегенде Эл артисти болуп өлөм» деп 3 миң сом алып иштеп жатышат да булар. Болбосо булар деле бизнеске кирип кетпейт беле? Арак завод ачканга, тамдарды курганга, жок дегенде Дордой, Ош базарына барып кийим-кече сатканга артисттердин, жазуучулардын мээси жетпейт деп ойлойсузбу? Булардын мээси ашып кетет андан. Бирок, «кыргыздын маданияты, өнөрү, келечеги үчүн чыгарма жаратайын» деп кара жанын карч уруп, бекер тыйынга иштеп жаткан адамдарга жок дегенде наам бериш керек да.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *