Садык Шер-Нияздын тарбиясы

Токтогул сыйлыгын алган кинорежиссёр Садык Шер-Нияз кубанычын достору менен тең бөлүшүп жатса, досторунун арасынан бирөөсү:

-Саке, сен кыргыздын айтыш өнөрүнө бир топ салымыңды коштуң. Бул оңой иш эмес. Биз сени менен ар дайым сыймыктанабыз. Туурабы?-дептир бир аз мактап.

-Туура. Эми эмне демекчимин? Чындыгында эки сап ырдын башын курай албаган “көкмээ” акындарды элге белгилүү төкмө акын кылып таанытуу – учурунда мен үчүн түйшүктүү эле иш болгон,- деп коёт имиш мактоону жактырып турган режиссёр.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *