Садыр Жапаров, экс-депутат: “Сооронбай Шарипович эки жүздүү кошоматчылардан бүгүн арылбаса, эртең бармагын тиштеп калат”

Кечээ, 6-декабрь күнү камактагы кыргыздын уулу эр ортону элүүгө чыгып отурат. Жашоонун күнгөй-тескейин, жакшы менен жаманын башынан экинчи ирет өткөрүп жаткан эл уулу менен кенен-чонон маектешүү шыбагасы дал ушул мүнөттөргө туш келгендиктен, биз маектешибиздин назарына бир катар соболдорубузду жолдодук. Садыр Нургожоевич кырааты менен кепти келиштире жооп узатканга аракет кылды. Баса, Садыр мырзанын бүгүнкү өздүк майрамы менен гезит жамаатынын атынан куттуктап, каарманыбызга бекем ден соолук жана мойнуна салынган укуруктан эртелеп бошоп алышына чын ыкластан тилектешпиз!

-Садыр мырза, учурда кайсы жаза өтөө жайындасыз? Ден соолук, абалыңыз жакшыбы? Кандай шартта кармалып жатасыз?

– Молдовановка айылындагы биринчи түзөтүү колониясындамын. Ден соолугум чың. Шартым Кудайга шүгүр, баары жакшы.

– Мен билгенден сиз 2005-жылдан бери чоң саясатта жүрөсүз. Комиссар да болгонсуз. Эмне үчүн Бакиев бийлигинин тушунда Кумтөрдөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкпай, 2010-жылдагы элдик революциядан кийин бул маселеге кайрылдыңыз?

– Туура. Биринчи жолу 2005-жылы бир мандаттуу округдан депутат болуп келдим. Революция болду. Президент болуп Бакиев шайланды. Ошондон баштап эле Кумтөрдү көтөрдүм. Жогорку Кеңештин архивдеринде азыр да материалдар сакталып турат. Ошондо эле комиссия түзүлүп, төрага болуп Кубанычбек Исабеков шайланган. Мен ал комиссияга кирбей калгам. Себеби, «ар бир облустан бирден эле депутат болсун» деген чечим чыккан. Ошон үчүн Ысык-Көл облусунан Кубанычбек Исабеков кирген болчу. Ал ошол Жети-Өгүз районунан депутат болуп келген эле да. Ошентип ал 2010-жылга чейин текшерип жүрбөдүбү.

Ооба, комиссар да болдум. Бирок ал убакта менде Кумтөрдү текшергенге кыпындай да укугум жок эле. Анүстүнө «20 жылдан бери Кыргызстанды Кумтөр жыргатып жатат» деп ишендирип келишпеди беле? Баарыбыз эле ишенчү эмес белек? Кумтөр менен кандай келишим түзүп жатышканы тууралуу өкмөт маалымат да берчү эмес. «Укмуш сонун келишим болду. Мурдакыдан да жыргамай болдук» деп коюшчу эмес беле? «Ии, чын экен» деп отура берчүбүз. Кыргызда жакшы сөз бар го, «аты улук, супарасы курук» деген. Анын сыңарындай, аты дүңгүрөп «комиссар» деп айтылганы менен мыйзамдар боюнча Кумтөр эмес, кандайдыр бир жөнөкөй ишкананы текшергенге укугум жок эле. Тергөөсү, оперативдик кызматы жок агентчилик болчу. Бирок, ошентсе да бир жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жасадык. Бир жылдан кийин биздин агенттикти жоюп жиберди. Ошентип 2010-жылы экинчи жолу революция болду. Кудайдын буйругу менен кайрадан депутат болуп келдим. Ошондо комиссия түздүрүп, төрага болуп шайландым. Мына ошондо толук текшерип чыгууга мүмкүнчүлүк алдым. Укмуштуудай жан кейиткен тоскоолдуктарга карабай иштедим. Балким менин ордумда башка бирөө болсо «тойдум байдын кызына» деп аягына чыгарбай таштап кетип калмак. Биздин бийлик менен канадалык ишкерлердин кыргызга кылган кыянаттык кылмыштарынын баарынын бетин ачып, Жогору Кеңештин жалпы жыйынында жарыялап салдым. Бирок, көпчүлүк депутаттар колдобой коюшуп, Кумтөрдү мамлекетке ала албай калдык. Эл тарапта болгон мекенчил депутаттар азчылыкты түзүп калдык. Атамбаев менен Бабанов да караманча каршы болуп туруп алышты. Бабанов Жогорку Кеңешке келип, сессияда ачык эле сөз сүйлөп, депутаттарды тескери үндөдү: «Урматтуу депутаттар! Каршы добуш бериңиздер! Кумтөрдө чет өлкөлүк 20 миң акционерлердин кызыкчылыгы бар, алар эмне болот?» деп. Бабановду 6 миллион кыргыз элинин кызыкчылыгы ойлондурбады. Анысы аз келгенсип, мен жалдаган кырктай экспертке эмгек акысын төлөп бербей койду. 300 миң доллар сарпталмак. «Өкмөт төлөп берсин» деп Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып берген. Ошого да баш ийбей, бир тыйын бербей койгон. Мен ар кимге жалдырап жүрүп мекенчилдерден 150 миң доллар топтоп, эксперттердин жарым акчасын төлөп бергем. Жарымын албай калышкан. Мамлекеттин бир тыйынын короткон эмесмин. Кийин Сариевдин комиссиясын түзүшүп, ага 5-6 миллион доллар беришти. Ошентсе дагы кыргыз элине эч пайда жок, бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр уурулардын колунда кала берди.

– Көпчүлүк депутаттарды сатып алган Кумтөр сизди сатып алганга кудурети жеткен жокпу?

– Аракеттери катуу болду. Ортого салбаган кишилери калган жок. Бирок сатылган жокмун. Талкаланган мөңгүлөрүбүздү, кыргыз элибиздин ата-бабаларыбыздан мурас катары калган миңдеген тонна алтын-күмүштөр, миллиарддаган долларлар уурдалып кетип жатканын өз көзүм менен көрүп, ыйлагым келди. Менин оюмда алар сунуштаган пара эмес, башка ой турду. «Башка өлкөлөргө жалдырап кредит, грант сурабастан, өзүбүздүн бут алдыбызда жаткан байлыгыбыз менен эле өлкөбүздү экинчи Швейцария кылып, ар бир кыргызстандыктын тамак ичкен тарелкасын эле эмес, итке тамак берген табагын дагы алтындан кылып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз болуп туруп, эмне үчүн ошону кыла албайбыз? Эмне үчүн элибизди чет өлкөлөргө тентитип жибердик? Кантип Кумтөрдү мамлекетке алабыз? Ал жактан көзөмөлсүз, суроо-сопкуту жок чыгып кетип жаткан миллиарддаган долларларды кантип өлкөнүн казынасына бурабыз?» деген ой турду. Эгер ошол кезде көпчүлүк депутаттар колдоп, Кумтөр мамлекетке өтүп кеткенде, азыр бүгүнкүдөй экономикалык кыйын кырдаал жаралмак эмес. Кытайга карыз болмок эмеспиз. Азыр эми кеч болду. Кумтөрдө алтын-күмүш жана башка баалуу металлдар түгөнөйүн деп калды.

– Күркүрөп иштеп жаткан ишкананы жөн эле барып тартып алсак туура болот беле? Канча айткан менен эл аралык ишкана эмеспи, башында алар инвестиция салышкан да?

– Баары мыйзам чегинде, адилеттүү болмок. Алар башында инвестиция салган эмес. Кумтөрдү күрөөгө коюп кредит алышкан. Башынан баштап эле кыргыз элин алдап киришкен. Фабриканы салууда эки эсе кымбат көрсөтүшүп, (476 миллион доллар) жарым акчасын «быссымылда» дегенде эле жеп коюшкан. Бул сумма кийин толугу менен Кыргызстандын үлүшүнүн эсебинен жабылган. Албетте биздин өзүбүздүн ошол кездеги чоңдордун жардамысыз мындай ири суммадагы уурулукту алар кыла алмак эмес.

Экинчиден, Кумтөр эл аралык келишим болгон эмес. Себеби, тигилер тарап жеке менчик ишкана экен. Бүгүнкү күнгө чейин биздин чоңдор «бул эл аралык келишим. Эл аралык сотко берсе утулабыз» деп элди алдап келишпеди беле? 2012-жылы текшерүү учурунда ООНго кат жөнөтүп, «бул эл аралык келишим эмес» деген алардын жообун кат жүзүндө алып койгом. Ошон үчүн эл аралык соттон эч коркпостон, «Кумтөрдү денонсация кылалы, Кумтөр менен элибизди, мамлекетибизди байытып алат экенбиз» деп алдыга кеттим эле. Тилекке каршы, парламенттен, өкмөттөн, президенттен колдоо таппай калдым. Тескерисинче, тигилерди колдоп  туруп алышты. Жалгыз эч нерсе кыла албайт экенсиң. Айрыкча президент баш болуп каршы туруп алса…

– Сиздин алгач ирет камалганыңызга кепти бурсак. 2012-жылы аянттан Кумтөр маселесине байланыштуу нааразычылык акция кылганыңыздар эсибизде. Ошол нааразычылык акциясында ызы-чуу салбай эле, Камчыбек Ташиев Акүйдүн тосмосунан секирбей эле мыйзамдуу жолдор менен күрөшсөңүздөр болот беле?

– «Эл үчүн иштейм» деп, бирок парламентке жетип алгандан кийин элди алдап, башкача иштеген эл өкүлдөрү менен бийлик төбөлдөрүнөн колдоо таппай калганда митинг өткөрүп, коомчулукка так маалыматты жеткирип коёюн дедим эле. Анткени, сессияда эмне болгонун КТРКдан же башка ТВлардан таптакыр көрсөтпөй коюшту. Ошон үчүн Бишкекте митинг өткөргөн элем. Ташиевдин секирип кетүүсү албетте, мен үчүн күтүүсүз болду. Бирок, ал досумдун абалын туура түшүндүм. Себеби, ал дагы мекенчил жигит катары бийлик башындагылардын сатылып кеткенине ичи ачышты. Анткени, Кумтөрдүн абалын ал да толук билет эле. Менден текшерүү маалында маалымат сурап турчу. Ошон үчүн ал байкуш да митингде «Кумтөр элге өтсүн» деп чырылдап жүрбөдүбү. Ошентип ал жылы үчөөбүз камалып кеттик. Бийлик КТРК колунда болгондон кийин болушунча шыбап, «булар Кумтөрдү шылтоо кылып бийликти басып алганы келишти» деп элге жаман көрсөтүп койду. Чындыгында Камчыбек Ташиев элди Акүйдү көздөй ээрчиткенде «депутаттардын кабинеттерине барып жатабыз, Кумтөрдү бүгүн чечебиз» деген кыйкырык салганы чын. Бирок анын оюн кийин сурасам, «эмне үчүн өлкөбүздөн миллиарддаган долларлар чыгып кетип жатса, убакыт коротуп күтүп жатабыз? Элдин күчү менен депутаттардын кнопкаларын «макул» деп бастырабыз, Кумтөрдү бүгүн эле элдин пайдасына чечебиз» деген ою болгон экен. Эл ал убакта бири түшүнсө, бири түшүнбөй калды. Убакыт өтүп, кеч болуп калгандан кийин түшүнүшөт экен. Көпчүлүк эл эми түшүнүп жатат. Бирок кыргыз мамлекети, кыргыз эли көп нерседен кечиктик. Кумтөрдөн бир жылда бир миллиард доллардын алтынын чыгарып кетип жатышат. Акыркы сегиз жылда 8 миллиард доллардын алтыны чыгып кетти. Бул кагаз жүзүндө көрсөткөнү. Көмүскөдө канча баалуу металлдар чыгып кетип жатат аны бир Кудай өзү билет. Биз болсо «5 миллиард сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз?» деп кейип отурабыз. Макул, мурда Кумтөр жыргатып жатат десе ишенип, 20 жыл бою билбей жүрүппүз. 8 жыл мурда билдик. Эң жок дегенде ушул акыркы сегиз жылдык алтынды өз элибиздин пайдасына алып калсак жакшы болбойт беле. Азыр эми Кумтөрдү алганыбыз менен пайда жок. Кеч болуп калды.

– Былтыр чет өлкөдөн келгениңизде, сизге жана тарапташтарыңызга катуу чара көрүүлөр менен камакка алышкан. Бийлик үчүн «өтө кооптуу» болгонуңузга кандай себептер бар эле?

– Баягы эле Кумтөр себеп болду да. Анткени, Кумтөр – бул кыргыз каймактарынын эле мафиясы эмес, дүйнөлүк масштабдагы мафия экен. Ким Кумтөргө каршы чыкса, ал адамдын үстүнөн тигилер тараптан дайыма заказ келип турат. Биздин бийлик аргасыз аткарышат. 28 жылдык тарыхыбызда көп эле окуяларга күбө болбодукпу. «Быссымылда» дегенде эле легендарлуу парламенттин башын жеген, андан кийин Насирдин Исанов агабыз каза болуп кеткен. Отуздун тегерегинде премьер-министрлер алмашты. Ушул премьерлердин жарымы эле «Кумтөрдүн түтүгүн казынабызга буралы» деген үчүн кызматтан кетишкен. Ошондуктан «доляда» отурган чоңдор калп эле «Кумтөр бюджетке чоң салым кошуп жатат, тийбеш керек» деген шылтоо менен 28 жылдан бери элди алдап келе жатышыптыр да. Муну текшерүүдө толук билдик. Ошон үчүн «Центерранын» үстүнөн Кыргызстанга 3,5 миллиард доллар коррупциялык чыгым келтиргени үчүн эл аралык сотко берип, өндүрүп алалы деп чет өлкөдөн келе жаткам. Атамбаев болсо тигилердин заказын кыйшаюусуз аткарды. Чек ара постунан күтүп жаткан элге жеткирбей уурдап кетип, каматып койду.

– Сизге карата коомчулукта саясый туткун катары баа берүүлөр арбын болууда. Жеке өзүңүздөн да уксак, козголгон кылмыш иштери канчалык деңгээлде далилдүү, же жасалма негиздеби?

– Далил жок. Нөл. Толук жасалма. Анысы аз келгенсип, соттор күйгүзбөдүбү. Сотто УКМК кызматкерлери тарабынан жасалма кылып коюшкан күбөлөрдү сурап жаткан учурда соттор күбөлөрдү «минтип айтпайсыңбы», «тигинтип айтпайсыңбы», «ошондой болгон да ээ?» деп тилден тартып, мага карата жалаа жаптыргысы келип жатышпайбы. Анткени, тергөөчүлөр ишти чала-була эле чампалаган да. «Президент артыбызда турганда соттон любой ценой өтөт» дешип. Байкуш күбөлөр «жок, андай болгон эмес, тиешеси жок» деп жатышат. Залдан биз сотко кыйкырдык: «Эмне буларды тилинен тартып жетелеп жатасың? Прокурорсунбу?” деп. Соттордун беттери кызарып да койгон жок. Ошентип, кийин өкүмгө күбөлөр айтпаган нерселерди «айтты» деп жазып коюшуптур. Бизде сот процесстериндеги аудиожазуулар толук бойдон сакталып турат. Убагы келгенде салыштырабыз, териштиребиз дегендей. Акыры бир күн өлкөбүздө адилеттүүлүк орноор… Бара-бара соттордун баарын тазалашыбыз керек. Ансыз эч качан адилеттүүлүк орното албайбыз.

Менин ишим боюнча камакта жаткан күбөлөр боштондукка чыгышып, Жогору сотто баардык чындыкты айтып беришти. Мисалы, Кенжебек Жумабаевди УКМКнын кызматкерлери ур-тепкиге алышып, ал жасабаган кылмышты мойнуна коюп туруп, мен келе жатканда тездик менен 8 жылга соттотуп жиберишет. Анан соодалашышат. Атайын мага көрсөтмө алабыз деген план менен соттошкон да. «Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсең эле сени бошотуп жиберебиз. Бербесең 8 жыл толук отурасың» дешет. Ал эптеп чыгып кетиштин айласынан макул болуп, алар алып келген сурак протоколуна кол коюп берип, Атамбаевдин указы менен түрмөдөн чыгып кетет. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин «мына эми жаңы президент келди, адилеттүүлүк орноду» деп агынан жарылып, Жогору сотко баардык чындыкты айтып беришти. Ал эми Жогору сот болсо укмаксан, дүлөй, дудук болуп, биринчи, экинчи соттордун өкүмүн күчүндө калтырып койду. А эгер мыйзам иштесе, мени актап, сот залынан бошотуш керек эле. Болбосо төрт жылдан бери бир дагы күбө, бир дагы митингчи, Каптагаев өзү баш болуп, «Садыр Жапаровдун тиешеси жок» деп жатышса да соттоп жибергени саясый заказ экени бешинчи класстын баласына деле белгилүү болуп калбадыбы.

– Өткөн жылы жаңы камалганыңызда СИЗОдон бычакталып, эс-учуңуздан танган сүрөттөрүңүз интернетке тарап кеткен эле. Эмне болгону бүдөмүк бойдон калган. Ошол окуяны эскерип, айтып берсеңиз?

– Ошол окуяда Кудайым мага экинчи өмүр берди. Мына азыр эми баары жакшы. Кыйынчылыктын, жамандыктын баары артта калды. Колдон келсе эскербей эле коёлу. Аман-эсен болсок, чыккаңдан кийин териштирип алабыз.

– Кээде жатып алып ойлонбойсузбу, «Кумтөр көйгөйүн көтөрүүнүн, саясаттагы каршылашуунун эмне кереги бар эле?» деп. Дал ушундай татаал жолду тандап алганыңызга, түрмөдө жатканыңызга өкүнбөйсүзбү?

– «Атасынан ажыраган көмгөнчө ыйлайт, мамлекетинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт» деген сөз бар. Анын сыңарындай, албетте атамды жоготуп алганым үчүн, топурак салып өз колум менен акыркы сапарга узата албай калганым үчүн өкүнүчтөмүн. Андан башкасына эч өкүнбөйм. Акыры бирөө чындыкты айтып чыгыш керек эле да. Баарыбыз башыбызды кумга тыгып алып, «мага тийбе, мен сага тийбейм» деп жата берсек мамлекетибизди жоготуп алабыз да. Кыргызстан – бул жалпыбыздын чоң мамлекетибиз. Анын ичинде үй-бүлө, ата-эне, бир туугандар – бул кичинекей мамлекет. Ошондуктан баарыбыз үчүн дайыма чоң мамлекетибиздин кызыкчылыгы эң жогорку оруңда туруш керек. Өз мамлекетиң болбосо жашоодо өтө кор болосуң. Муну мен чет өлкөлөрдө жүрүп, нечен бир кор болуп жүргөн улуттарды көрдүм. Жашоо кызыксыз болот экен алар үчүн, өздөрү айтышты. Өз мамлекети жок уйгур калкын көрүп жатасыңар, Кытайда эмне болуп жатышат. Алардын арасында этникалык казак, кыргыздар да бар. Эртең Кыргызсган ошондой абалда калбайлы деп көз карандысыздыгыбыз үчүн, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ар бир эркек кары-жашы дебей керт башыбызды сайышыбыз керек.

Мен бир эле Кумтөр эмес, көп маселелерди көтөрдүм. Кумтөр резонанстуу маселе болуп, баарыбыз бир эмес эки жолу камалып, ызы-чуу болгон үчүн элдин назарында Кумтөрдү көтөргөн саясатчы катары калдым. Андан башка эң ири болгон, мамлекетти экономикалык саздан сууруп кете турган Мегаком, Жерүй, Иштамберди, Талды-Булак, сот реформасы сыяктуу бир топ маселелерди көтөрүп келдим. Ошон үчүн акыркы 8 жылда бийлик тараптан ата-энем, үй-бүлө, бир туугандарым, тарапташтарым менен бирге адам чыдагыс кордуктарды башыман өткөрсөм дагы чыдадым. Элдин мүлкүн уурдап, Кыргызстанды талкалап жаткан мафиянын жүзүн ачтым. Албетте аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бирок ошентсе да чын жүрөгү менен мекенине күйгөн, сатылбаган, артка кайтпаган, «мекеним үчүн башымды саям» деген жаш улан-кыздарды бир партияга топтой алдым. Баралына келгенде ушул мекенчилдер мамлекетибиз үчүн көп иш жасайт. Ошондуктан эч өкүнбөйм десем болот.

– Сизди каматкан мурдагы президентибиз Апмазбек Атамбаев да. Ал кишиге кандай ойдосуз, каныңыз кайнап турса керек?

-Жок, каным кайнаган жок. Биз баарыбыз пендебиз. Ар бирибиз жаңылышабыз, адашабыз. Ал киши катуу жаңылышты, адашты. Кемчиликтерин бетке айткан бизди өзүнөн алыстатып, жанына жалаң подхалим, эки жүздүү, ичип-жегичтерди чогултуп алып, азыр эми өзү жалгыз жардын кырында турат. Кечээ эле «Кыргыз Эл Баатыры наамын берели, журт атасы болду» деп трибунада сайрап тургандар «смс жазып да куттуктабайм» деп шылдыңдап атат. Менин жеке менчик президентим деп өзүнө менчиктеп алган Абдил Сегизбаев, Данияр Тербишалиевдер бүгүн тескерисинче жардан ары түртүп жиберели деп турушат. Баары Сооронбай Шарипович тарапка өтүп алышкан. Эртең Сооронбай Шариповичтин буту үзөңгүдөн тайса, дароо жаңы президент тарапка «оптом» өтүп алышат. Мына ушундай принциби жок саясатчылар 28 жылдан бери бир эле Атамбаевди эмес, баардык президенттерди аңга түртүп келишкен. Маалыматты тескери жеткирип турушкан. Бүгүн да ошол эле көрүнүш уланып жатат. Мен жөнүндө да туура эмес маалыматтарды жеткиргендери боюнча маалыматтар бар.

Эми ушулар эле убакыт келгенде Жээнбековдорду да аңга түртүшөт. Өз позициясын ачык айта албаган подхалим, эки жүздүү саясатчылар эч качан жаныңда жолдош же коргоочу болуп бере албайт. Эртең бир нерсе болсо президенттин жанында жакын туугаңдарынан башка эч ким калбайт. Бул менин башымдан өттү. Азыр бийликте турганда «силер үчүн өлүп беребиз» дегендер толтура болот. Көчүгүнө күч келгенде «кокуй, мага, менин бала-чакама залакасы тийбесин» деп качып кетишет. Ит менен издеп таппай каласың.

Ошондуктан Сооронбай Шарипович азыртадан андай эки жүздүү, принциби жоктордон арылбаса, эртең кеч болуп, бармагын тиштеп калат. Мен алардан айырмаланып, «жардын кырында» турган кишини тепкилебейм. Атамбаев азыр оор абалда. Жалгыз калды. «Эртең-бүрсүгүнү камалып кетемби?..» деп коркуп отурат. Эр болсоң президент болуп, азуусун айга жанып турганда тепкиле. Президенттиктен кеткенден кийин итти деле «фас» десең үрүп коё берет.

Кыргызда жакшы сөз бар, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген. Бул түз мааниде эмес, «айкөлдүк кыл» деген мааниде айтылат. Мен жеке мага, менин жакындарыма жасаган кыянатчылыгы үчүн айкөлдүк кылам. Ал эми жалпы эл алдында, мамлекет алдында кетирген каталары, жасаган кылмыштары болсо Кудай алдында, эл алдында өзү жооп берет.

– Экинчи ирет түрмөдө отурасыз. Садыр Жапаров кандай жагына өзгөрдү? Өзүңүзгө мүнөздөмө берип көрүңүзчү?

– Өзүм эч өзгөргөн жокмун. Мурда кандай болсом азыр да дал ошондой элемин. Албетте түрмөнүн жакшы жактары да, жаман жактары да бар. Жаман менен жакшы жанаша жүрөт эмеспи. «Жакшы жактары бар» дегеним, турмуштан чоң сабак аласың. Жакшы менен жаманды, ак менен караны толук ажырата билесиң. Ошон үчүн жалаң жакшы жактарын алып, жаман жактары болсо көңүл сыртында калтырып коём. Жаман жактарга баскыдай жаш бала эмеспиз да. Эр ортону элүү жаш дегендей, элүүгө келдик… (уландысы бар)

Маектешкен: Арсланбек Сартпаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *