Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болду

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Сагынбаев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын этегинде, тактап айтканда 2017-жылдын 18-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кооп­суздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев кызматтан алынган болчу. Кызматтан алынган Курманалиев жакында эле өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду, Атамбаев кор­рупция менен күрөшүп жатканда кайсы жакты карап отурду эле деп, бир топ фактыларды атап сынга алган болчу.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *