Сайдулла Нышанов, депутат: «Өмүрбек Чиркешовичке чейин эле өзүм депутаттык мандат алгам»

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камалган күндөн баштап, партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго ар кандай кайчы пикирлер айтылып келет. Ошол сөздөрдүн канчалык чындыгы бар экенин билүү үчүн Сайдулла Канболотовичти кепке тарттым.

— “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камалып жатса, Сайдулла Канболотович президент Алмазбек Атамбаевдин колунан “Даңк” медалын алды, партия лидери Өмүрбек Чиркешовичти сатып кетти дегендерге көз карашыңыз кандай?

— Эми эл болгондон кийин ар кандай сөздөр айтылат экен. Былтыркы референдум боюнча мыйзам каралганда биз сүйлөшкөнбүз. Жаңжалды туура жерден чыгарбаш керек да. Жакшыны жакшы, жаманды жаман деш керек. Мен кээ бир адамдардан айырмаланып, бир мандаттуу округдан утуп келген депутат болгом. Өмүрбек Чиркешовичке чейин эле өзүм депутаттык мандат алгам. Кийин партиялык система болгон соң “Ата-Мекенге” кирип калдым. Ким кандай бааласа ал өз эрки. Менин оюмча кээ бир адамдар ичи тардык, көрө албастык кылат экен да. Эмне үчүн ушул алды, мен албадым деп ызалангандар болот тура. Эгер тагыраак айтсак, ошол “Даңк” медалына Өмүрбек Чиркешович өзү мени фракциядан сунуш кылган. Бул үч күндө же бир айда берилбейт. Бул алты-жети ай мурда сунуш кылынат. Өмүрбек Чикешович тарабынан 2015-жылы берилген сунуш эле. Сыйлык бир күндө бериле калчу нерсе эмес. Партия лидери ишеним артып, мени көрсөткөн сыйлыгы. Болгону Өмүрбек Чиркешович камалган мезгилде тапшырылгандыктан коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди жаратты.

— Кечээки шайлоодо Сооронбай Жээнбековго өзүңүздүн туулган жериңизден көп добуш алып берүүңүздүн себеби эмнеде?

— Алып берип койгондой ал менин колумдагы нерсе эмес да. Сооронбай Шариповичти элдер колдоп берди.

— Сизди аябай чуркады деп жатышпайбы?

— Чуркады дегендей бир сом акча берген жокпуз. Бизде шайлоо таза өттү. Эл өзүнүн көз карашын билдирди. Азыркы президент кетемин деп ачык айтып, жаңы президент таза шайлоо менен элдин ишенимине ээ болуп шайланып келип жатат. Тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп алуу деген жакшы өбөлгө. Бүгүнкү күндө эл арасында нааразы болгондор деле бар. Бирок, көпчүлүгү тынчтыкта, бүгүнкү жолдун тууралыгына ыраазы. Жасалып жаткан жолдор, салынып жаткан ооруканалар, мектептер, спорт залдар эл көптөн бери күтүп жүргөн нерселер болчу. Акырындан тартиптин орноп атканы элге жакшы нерселерди алып келди.

— Партиялаштарыңыз бийликтин талапкеринен башка талапкерди жандап жүрдү. Сиз Жээнбековдун кайсыл сапатын жогору койдуңуз?

— Мен өлкөнүн жеке атуулу катары президенттикке Сооронбай Жээнбековду тандадым. Ал кишинин мага жаккан сапаты – таза инсан. Эч качан колу булганбаган адам. Кайсыл тармакта иштебесин таза иштеген. Ошондуктан ага ишеним арттым.

— Сиз менен байлынышуу кыйынга турду. Бош убактыңыз такыр болбойбу?

— Менде бош убакыт жок. Көбүнчө шайлоочуларым менен болом. Менде эч убакта бош убакыт болбойт. Эгер болгон болсо пайдалуу иштерди жасамакмын. Бирок азырынча жок.

— Шайлоочуларыңыз менен саат сайын байланышып турасызбы?

— Мен үчүнчү жолу Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам. Шайлоочуларым менен байланышым тыгыз. Кайсыл учурда, кандай кырдаал болуп кайрылса ар дайым жардамга колумду созом. Ооруканага жатабы, түрмөгө түшөбү кабар алам. Кайсыл шайлоочум болбосун мени менен байланыша алат. Мен кээ бирөөлөргө окшоп шайлоочуларымды өзүмдөн алыс кармабайм.

— Өзүңүздү колдогон шайлоочуларыңызга гана жардам бересизби?

— Мен өлкөбүздүн кайсыл аймагынан кайрылса деле жардам берүүгө даярмын.

— Эгер мыйзам жол берсе токол алат белеңиз?

— Жок, токол алуу өткөн бир доордон калган көз караш да.

— Бирок, токол алуу ушул доордо деле актуалдуулугун жогото элек го?

— Токол алууга ар кимдин көз карашы ар кандай. Эркектерде моюнга алышыбыз керек, жоопкерчилик азайып кеткен. Аялга, бала-чакага болгон жоопкерчиликти сезбей калган эркектерибиз деле арбып барат. Ошол эле учурда, аялдардын көз карашы да өзгөргөн, мурунку доорлордогудай токол, байбиче кылып жашайм дегендер өтө жаңылат. Жашашы мүмкүн, бирок эки же андан ашык үй-бүлөлүүлөрдүн арасында уруш-талаш, жаңжал көп болот. Эми ошондой жаңжалдарга чыдап жашоо кимдир бирөөлөргө жагат болушу керек. Ал эми мага жакпайт. Неберелүү болгон кезде токол алгым да келбейт. Сыйлашып жашаган келинчегим бар.

— Балалык издериңиз кайсыл чөлкөмдө калган?

— Балалыгымдын издери, айтылуу Арсланбоб тоосуна чектеш болгон Кызыл-Үңкүр аймагында Көк-Алма деген айылда өттү. Бардык эле тоо койнунда чоңойгон балдар сыяктуу, мал артында жүрүп чоңойдум. Он бир туугандын алтынчысымын. Жашыл жайлоо, мисте, жаңгак токойлору жайгашкан абдан кооз өрөөндө бой жеттим. Ата-энем биз үчүн көп жакшы өрнөктүү иштерди жасаган. Кыскасы бал татым балалыгым кызыктуу өткөн. Биздин учурда азыркы мезгилдегидей сабак окууга шарт түзүлгөн эмес. Жумуш көп болчу, жумуштан убакыт артса гана сабак окуучу элек.

— Ата-энеңиз сизге берген тарбияны балдарыңызга бере алдыңызбы?

— Эми кандай десем, биз келинчегим экөөбүз колубуздан келишинче тарбия бердик. Ата-энем берген даражада берүү кыйын. Биздин ата-энелер турмуштун профессорлору эле да.

— Жигит үйлөнгөн соң, ата-эне менен карым-катнаш азаят дегенге кандай көз караштасыз?

— Карым-катнаш азаят деген ата-эне менен чогуу жашабай, өз үй-бүлөңдү багуу үчүн кам көрүп, аларга көп көңүл бөлүп каларыңды түшүнөм. Ошол эле учурда балалуу болгон соң ата-энеге болгон сый жогорулаарын айта кетким келет. Карым-катнашты үзбөй, эне-атадан кабар алып, кем-карчын алып берип турууга ар бир бала милдеттүү экенин унутпаса эле ортодогу байлап турган мээрим жиби үзүлбөйт дегим келет.

— Китеп окуганга кандайсыз?

— Бала кезимде, өтө көп китептерди окудум. Китептин кызыгына батып кетип, кайтарып жаткан койду унутуп, койлорду жоготкон учурларым болгон. Бир өкүнгөнүм китепке өтө кызыгып, бирок убакыттын тардыгына ичим ачышчу.

— Акыркы жолу качан китеп окудуңуз эле?

— Акыркы жолу Санкт-Петербургдан Миличиндин “КГБ” деген бир китебин алып келдим. Ошол китепти окуп чыктым. Азыркы кездеги китептер менен бала кездеги китептердин айрымасы бар.

— Кандай айырмасын айтып жатасыз?

— Биздин бала кездеги китептер өтө кызыктуу жазылчу. Чыныгы таланттуу гений жазуучулар жазар эле да. Гений жазуучулардын чыгармаларын биз сүйүп окучу элек. Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков өңдүү жазуучулар азыр дээрлик жок. Алар бир жаралчу залкарлар. Азыркы китептердин алсыздыгы, жазган автор өз оюн таңуулай бергендей сезилет. Же болбосо, уруу-урууга бөлгөн бир башкача көз караштагы китептер. Жада калса кимдир бирөөлөрдүкүн көчүргөн китептер да бар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *