Салимбай байбаччадан салам дубай келдиби?

Өзбекстанда таасири күчтүү Салимбай байбачча деген бар. Көп маселелерди азыр дагы чечип келет. Анын таасири бир гана Өзбекстанда эмес, биздеги өзбек улутундагы калкка да өтүмдүү. Жакында эле ошол байбачча бизден барган адамдарды кабыл алып, бул жактагы туугандарына ысык салам дубай айтып жөнөтүптүр. Анын салам дубайы шайлоого байланыштуу болгонун барып келгендер ачыкка чыгарса керек. Салимбай байбачча талапкерлердин бирине жан тартып, колунан келген жардамын бере турганын барып келгендер айтып жүрүшөт. Президенттер эмес, байбаччалар биздеги шайлоого салам дубайын айтып аралашып жатса, өзүбүз келечегибизди кантип аныктайбыз, бурадар?

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *