Салянова деле периште эмес тура

Саясаттагы тиреш далай мен тазамын дегендердин былыгын чубап,  карапайым калктын кулагын делдейтип жатат.  Мына башкы прокурор болуп турганда коррупционерлердин эки бутун бир кончуна тыгып мыйзамдын үстөмдүгүн көргөзүп,  мыйзам бузуучулукка каршы жигердүү иш жүргүзгөн, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова туурасында кызыктуу фактылардын бети ачылууда. Көрсө Аида айым деле периште эмес тура. Алсак, Салянова 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда Бакиевдердин юристи, мыкты адвокаты Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бериптир. Бул тууралуу  Юстиция министри Жылдыз Мамбетова айтып чыкты. Ал кезде Бакиевдердин айланасындагыларга текши кылмыш иши козголуп, Елисеев да шектүүлөрдүн катарын толуктагандардын бири болчу. Анан ошону билип туруп Аида айым Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергени кайсы акылга сыйсын. Бул дегендик, Елисеев аркылуу  Бакиевдердин бул жактагы бүтпөй калган иштерин мыйзамдаштырып, каржы капиталын сыртка чыгарып кетишине шарт түзүп бергенге жатат да…

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *