Самарбек Самаган “ээрине” минеби же нарындыктарды “калмак” башкарабы?

Бүгүнкү доордо «таанышың болсо танкасың» деген сөздү турмуш чындыгында тастыктап келе жаткан Самарбек Болотбеков деген «молокосос» жигиттин Нарын областына жетекчи болуп, тагыраагы губернатор болуп бара жатканы желдей тарады. Бул эрен учурда Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими болуп олтурат. «Кожосунун» колдоосуна таянып Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болуп барат дегенден бери Самарбектин дарегине сын-пикир жамгырдай жаап туру. «Балакай Нарынды жетектегенче кичине такшалса болмок» деп бирөө айтса, «Биринчи аялын кетирип, Бакыт Төрөбаевдин карындашын экинчи аял кылып алып алган бул эргул кайнагасынын колдоосу менен кызматтык секирик жасап жаткан турбайбы» деди экинчиси. Ал ортодо жөн турбай, «Нарындыктарды башкартканга кыргыз таппай калдыңарбы, бул деген калмак» деп үчүнчүсү чыкты. Айтор, Теңир-Тоого жетекчи болот деген Болотбековду «соцтармакта» ит талаган түлкүдөй кылышууда. Жогору жак элдин пикири менен эсептешеби, ыя?

Айтмакчы, дарегине айтылган сындар боюнча өзү унчуга элек, демек элдин айткандарына макул болгонубу? Бул айткандарыбыз боюнча өз чындыгын айтып жооп берем десе, гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Бирок, биздин суроолорго жооп берүүгө духу жетпейт го…

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *