Самаргуль Адамкулова Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Адамкулова Самаргюл Эркиновна  Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Адамкулова Самаргюл Эркиновна Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Бангладеш Эл Республикасындагы жана Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматынан бошотулду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *