Самолётто жиндилик кылган президенттик аппараттын 4 кызматкеринин аты-жөндөрү такталды

Гезитибиздин өткөн санында президенттин аппаратында иштеген кызматкерлердин Ош аэропорттогу ызы-чуусун жазган элек. Алардын аты-жөндөрүн тактадык. Билеттин акчасын бербей, орун жетпей жатса, карапайым элди көзгө илбей, билетсиз эле атайын «вип» ма­шине менен келип, самолеттун алдыңкы орундуктарына отуруп алышкан эрендер Искендеров, Жакыпов, Бообеков, Махмутов экен. Аппаратчиктерди ким минтип эдиреңдетип жатат ыя?

Же «аппаратчиктер» самолётто бекер учушабы? Сооронбайга таянып алышып эле каалаганын кыла беришеби? Президенттин бетине кара көө сыйпап жатышпайбы? Фа­рид Ниязов бул төрт эрендин акесин таанытып, энесин Үч-Коргондон көрсөтүп коёбу эми? Же бармак басты көз кысты болуп, жабылуу аяк жабылуу бойдон кала береби? Кулагыбыз Фарид жакта?

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *