Сапар Исаков Liglass алдамчылыгына өкмөттү күнөөлөдү

Өкмөт башчы Сапар Исаков чехтердин Liglass Trading компаниясы менен түзүлгөн келишимде өкмөттүн кемчиликтери болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, аягы эл көзүнчө осолдукка алып келген бул келишимди түзүүдө алешемдиктерге жол берилген. “Ооба, Liglass Trading менен болгон окуя Өкмөттүн кемчиликтеринен болду”, – дейт С.Исаков. Ал эми “кайсы өкмөттүкү?” деген табигый суроону бүдөмүктөтүп, туюк калтырды. Исаков ачык айталбай, кыйытып жаткан болсо, биз тактап коёлу. Чехтер менен Жогорку Нарын каскаддарын куруу келишими Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарып турган кезинде жетишилген. Ал кезде Сапар Исаков Президенттин аппаратынын жетекчиси болчу. Liglass Trading компаниясынын Кыргызстанга келип коомчулуктун каршылыгына карабай, ири долбоорду бөктөрүп кетишине так ушул С.Исаковдун ролу абдан чоң болгондугу көп айтылды. Келишимге кол коюп: “Бул долбоор үчүн жоопкерчиликти керт башым менен тартууга даярмын”, – деген Д.Зилалиев жоопкерчиликке тартылмак тургай кызматынан өйдөлөп, вице-премьер-министр болуп отурат. Ал эми шефи С.Исаков болсо “бул өкмөттүн кемчилиги” деп чаңын күбүп, четке чыгуунун аракетин жасоодо. Көрдүңөрбү, “балакай” премьердин кандай жылма экенин?

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *