Сапар Исаков террорчуларды колдойбу?

Түркиялык Yeni akit гезитинин 4-сентябрдагы жарык көргөн санында Кыргызстандагы өкмөт башчылыкка келген Сапар Исаков тууралуу жаңылык чыккан. Анда Сапар Исаковду ФЕТӨнүн (белгилүү динаятчы М.Фетхулах Гүленди жактоочулары) адамы деп, анын бийликке келишин ФЕТӨнүн Кыргызстандагы төңкөрүш жасоо боюнча алгачкы кадамы катары баалаган.

Төмөндө аталган гезитте жарыяланган маалыматты толугу менен бердик:
“Кыргызстанда ушул жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо болот. Ага буга чейинки өкмөттү жетектеп келген Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу кызматын тапшырган. Анын ордуна Түркия менен мамилени бузган Сапар Исаков шайланды.

Кыргызстан мамлекетине Түркия тарабынан жиберилген маанилүү документтерди (президенти А.Атамбаев) катып алып, ФЕТӨ уюмунун Кыргызстанда абийиринин ачылышына тоскоол болгон Исаков Кыргызстандагы ФЕТӨ мектептеринин “террор ишканалары” катары каралашында да алдын алган.

ЦРУ жана ФЕТӨ менен байланышы бар экенин жашырбаган Исаков Премьер-министрликке келгени биздин Тышкы иштер министрибиз Мевлют Чавышоглунун “ФЕТӨ Кыргызстанда төңкөрүш уюштурушу мүмкүн”- деген сөзүнүн канчалык чын экенин далилдеди.

Кыргызстанда ФЕТӨнүн “урагыс чебинин” “убактылуу премьерликке” келүүсү ФЕТӨнүн Кыргызстандагы төңкөрүшүнүн башталышы катары бааланууда».

Түркияда ФЕТӨ террор уюмуна таандык делип, 50 миңден ашык адам расмий айып тагылбастан, абакта жатат. Алардын ичинде 12 миңден ашык аял жана 700гө жакын бөбөк энеси менен бирге камалган”.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *