Сапар Исаков Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыкты баштоого расмий старт берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 15-декабрда, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөөрүн билдирди.

Сапар Исаков өз сөзүндө 2012-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан дүйнөлүк коомчулукка Көчмөндөр оюндарынын долбоору сунушталгандыгын эске салды.

«Андан бери 5 жыл өттү. Бул арада Кыргызстан өзгөрүлдү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу биздин өлкөнү жер шарындагы көптөгөн адамдар тааный баштады. Биз Оюндардын уюштуруучулары жана ээлери катары дүйнө жүзүнө көчмөндүн жашоо образын, көчмөндөрдүн маданиятын жана цивилизациясын көрсөткүбүз келет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, көчмөндөрдүн маданияты жана цивилизациясы бул дүйнө жүзүндөгү эң байыркылардан болуп саналат жана ал жыл сайын жаш муундар арасында кеңири сүймөнчүлүккө ээ болуп жатат.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул этно-маданият менен этно-спорттун тогошкон уникалдуу аянтчасы. Ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көчмөндөр цивилизациясына тийиштүү илимий конференциялар өтөт», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабын катышуучу өлкөлөрдүн иш-чарага карай кызыгуусунун өсүшү көрсөтөт, ошондой эле туристтердин биздин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт.

Аны менен катар Премьер-министр ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданият мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин он экинчи сессиясында Кыргыз Республикасынан «Көк-бөрү» салттуу оюну ЮНЕСКОНУН Материалдык эмес маданият мурастарынын тизмесине киргизилгендигин өзгөчө белгилеп кетти.

«Менин пикиримде, бул аябай биз үчүн абдан маанилүү, анткени, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну  этно-спорттун дал ушул түрүн өзгөчө таанытты. Биз ошондой эле, көчмөндөр кантип жашаган, анын кандай баалуулуктары болгонун, эмнеге ишенип, эмнеге умтулганын, көчмөндөрдүн маданий  аспектилерин жана тиричилигин көрсөткүбүз келет. Бул максатта Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда «Кырчын» капчыгайы 7-8 кылымдагы көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырган ири этно-аянтчага айланат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн негизги милдеттеринин бири – көчмөндөр тиричилигин жана баалуулуктарын сактап, аны келечек муун үчүн учур талабына жараша өнүктүрүү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *