Сапар Исаковго баасы $3000 турган Louis Vuitton портфелин белек кылып дос болгон Азамат Арапбаев азыр ким менен дос болуп жүрөт …

Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Азамат Арапбаев, 4-чакырылышта “Ак жолдон”, 5-чакырылышта “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп жүргөнүнө карабай Алмаз Атамбаевдин сүймөнчүгү эле. “Токочтуу бала сүймөнчүк болот” дегендей Атамбаевге ким токоч көрсөтсө эле КСДПсына кошуп алчу. Токочту көргөндө эч кандай принцип, эч кандай идеология иштебей калар эле.

Ошондой эле принцип менен премьер-министр Сапар Исаков да Азамат Арапбаевди дос кылып жүрдү. Сапар Исаковдун чет элден келген жеке меймандарын Арапбаев өзү тосуп алып, Кыргызстандын сыйлуу ресторандарын, кооз жерлери менен тоолорун көрсөтүп, бардык чыгымдарын каржылап жүрчү. Алтургай Сапар Исаковдун атасынын көзү өткөндө көп чыгымдарын Азамат Арапбаев көтөргөнү айтылган.

Баарынан да Азамат Арапбаев  өзүнө эмне кымбат баалуу буюм алса экини алып, “досум сага да алдым” деп экинчисин Сапар Исаковго көтөрө келчү. Баасы 15 миң доллардык костюм болобу же көйнөк, галстук, кымбат баалуу саат болобу баары Сапарга cунулчу. Бир жолу баасы $3000 турган Louis Vuitton портфелинен экини алып, бирин  Сапарга белек кылып, аны да экөөсү окшоштуруп көтөрүп жүрүштү.

“Байдын байлыгын кедей аяптыр” болбойлу, бергени курусун, биздин айтарыбыз башка. Ошол досу Сапар Исаков жаңы президенттин каарына калып, премьер-министрлик кызматтан түшөрү менен Азамат Арапбаев телефон номурларын алмаштырып, Сапардан жаа бою качып, барбай да, таптырбай да койду. Исаков абакка түшүп калгандан кийин анын атын атагандан да коркот.

Атамбаев менен Исаковдон оомат тайгандан бери Азамат Арапбаев жаңы президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен анын оң колу Төрөбай Зулпукаровду айланчыктап “дос” болуп жүрөт. Ушундан Асылбек алыс болсо жакшы болор эле, сөз ээрчитпей…

Эми Азамат Арапбаев Бишкектин келечек мэри Азиз Суракматов менен ысык дос болуп, анын шайлоо кампаниясын каржылап жаткандыгы тууралу маалыматтар келип түшүүдө. Кантсе да Арапбаевдин мурду бул жагынан жытты жакшы билет, демек анын Бишкектеги курулуш бизнестери да эч бир мыйзам тоскоолдуктарына кабылбай  шыр кетип, “ити чөп жеп” каларын бөркүңүздөй көрүңүз.

Азамат Арапбаев досторунун лоббиси менен бензин, цемент, курулуш бизнестерин кантип өнүктүргөнүн эмкиде айтып берели. Бирок ага чейин Азамат Арапбаев абактагы досу Сапар Исаковду бир эстеп, тергөө абагына барып учурашып, көңүлүн көтөрүп койсо жакшы болор эле.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *