Кочкор элинин президентке кайрылуусу: “Сапар сот чечими чыккыча бошотулуп, энесинин жанында отура турса…”  

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго

 Кочкор районунун элинен

Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз, жалпы Кочкор районунун эли сиздин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясый ишиңизге колдоо кылуу менен түйшүктүү мээнетиңизге ийгилик каалап, төмөнкү кайрылууну өзүңүзгө жолдодук.

Өзүңүз билгендей, Кочкор өрөөнү хандарга, бийлерге, улуу инсандарга бай өрөөн. Буга далил тарых барактарында калган Ормон хан, Медет датка, Канат бий, Баялы Исакеев баштаган бир катар көрүнүктүү инсандарыбыз бар. Ошону менен катар 25 жыл Кыргызстандын башында эл жүгүн көтөрүп ак эмгек кылган айтылуу Турдакун Усубалиев атабыз менен да сыймыктанып келебиз. Бүгүн да уучубуз куру эмес. Сизди биз тарыхты жакшы билген жана тарыхый инсандарды даңктаган жетекчи катары жакшы билебиз. Ошол себептен тарыхый жердин жана элдин колдоосун алып, сиздин президент болууңузга салымыбызды кошконбуз.

Бүгүн ушул касиеттүү өрөөндүн уулу Сапар Исаковдун саясый оюндардын курмандыгы катары камалышы боюнча өз оюбузду сизге түз билдирип коюну чечтик.

Сиздин бүгүнкү күндө канча убакыттан бери элдин канын соруп келген коррупция менен күрөшүп жатканыңызды толук колдоого алабыз. Бирок, биздин баамыбызда коррупция менен күрөшүү жогору жактагы кайсы бир кызматкерлердин буйругунун негизинде, жеке, кээ бир адамдар үчүн гана иштеп, башкалар үчүн иштебей жаткандыгы өкүндүрөт. 27 жыл ичинде желип келген эл байлыгы үчүн бир гана инсанды күнөөлүү кылуу оңтойлуу иш эмес. Эгер күнөөсү бар болсо, ал баласы болсо да жазасын алышы керек. Бирок, азыркы учурда буга чейин айтылып жаткан кылмыштар үчүн катыштыгы бар баары эмес, кээ бирлеринин гана жоопко тартылышы элди экиге бөлүүгө алып барат. Тамырлашып кеткен коррупциянын түбүнө жетүү үчүн бир тууганды, досту да карабай жазалаш керек. Андай ишке барууга сиздин эркиңиз жана күчүңүз жетет. Ошол себептен эл сизди колдогон жана бүгүн да колдоп келатат. Шайлоо учурунда Кочкор эли Сапар уулун жана башка уул-кыздарын колдоого алганынын жыйынтыгында сизге тийиштүү жогорку добушту алып берди. Биз ал шайлоодо уул-кыздарыбыз үчүн тикебизден тик туруп бергенбиз. Бүгүн да алар үчүн адилетсиз жана акыйкатсыз иш болсо, тикебизден тик туруп бергенге даярбыз. Себеби, “чептен эрдин күчү бек” деп ата-бабабыз айтып келген.

Сөзүбүздүн аягында сизден Кочкор эли Сапар Жумакадырович Исаковдун иши боюнча адилеттүүлүктү жана акыйкаттыкты күтөт. “Ак көз”, “кара көз” кылып бөлбөй, күнөөсү барлардын баарын жазалоого аракет кылсаңыз, биз да колдойбуз. Соттун чечими чыкканча биздин уулду “күнөөлүү” деп айыптоого аракет кылып, “кара пиардын” үстүндө жүргөндөрдү да көзөмөлгө алышыңыз абзел. Азыркы тапта сот күнөөлүү деп таба элек. Бирок, сотторду да адилеттүү чечим чыгарууга чакырыңыз, саясый оюн кылып нааразычылыкка алып барбасын. Болбосо сизге жана сиздин ишмердигиңизге, жаныңыздагы адамдарга болгон элдин ишеними кетет. Кыргыз элинде жакшы макал бар: “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген. Ошого эл ырыскысын жедиби, тууганга карабай жазасын алууга алып барыш керек. Биздин сыймыктуу уулубузду да өз уулуңуздай, өз бир тууганыңыздай карап, туура чечим чыгарат деген ишенимибиз бар жана сот күнөөлүү же күнөөсүз деп чечим чыгарганча уулубузду бошотуп, энеси, үй-бүлөсү жана эли менен бирге болуусуна шарт түзүп берүүңүздү жалпы Кочкор эли өтүнөт.

Кайрылууга Кочкор районунун 1000ге жакын тургуну кол койгон жана түп нускасы редакцияда сакталуу.   

Булак: “Азия Ньюс”

 

2 comments

  • Кыргыздар мактанганын качан коет деги.Аныбыз бар мунубуз бар, тиги болгон бул болгон деп.
    Кыргызстан элинин мулкун жеп тоногондорду жактагандарды качан Токтотобуз деги!!!

  • Алтын says:

    Эми кое тургула да сот чечкиче! Уй,камагына чыгара коюп, качып кетсе дагы эле бийлик куноолуу болот качырып ийди жен ичинен суйлошуп делип… Качан коебуз ушу шашмалыкты. 10 сом пулун алып эле жактай бербейли да. Ишеним менен шайладынарбы ажону, анда куткуло…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *