Сарыбагыш уруусунун кезектеги курултайына 450 делегат катышты – Чолпонбек Абыкеев, Сарыбагыш уруусунун көрүнүктүү өкүлү

Кыргыздар тээ алмустактан бери бир нечелеген уруулардан куралган улут экендиги тарыхый чындык. Коммунисттик доордо уруу маселеси дээрлик унутулуп, ал түгүл аны сөз кылыштын өзү кылмыш катары каралса демократиянын келиши менен өз уруусу анын түпкү тарыхы тууралуу изилдеп иликтемейлер көбөйдү.
Буга чейин Мундуз, Базыс, Моңолдор, Саяк, Солто сыяктуу бир нече уруулардын курултайлары болуп өткөнү маалым. Ал түгүл Мундуз уруусунун “ Бүткүл дүйнөдө жашаган Мундуз уруусунун өкүлдөрүнүн курултайы” деген ат менен кыргызстанда эле эмес бир нече чет өлкөдө жашаган Мундуз уруусунун өкүлдөрү катышкан курултай да болуп өткөн.
5 – июнда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында “ Уруу ынтымагынан улут ынтымагына өтчүү жол” деген темадагы ой бөлүшкөн талкуу менен Сарыбагыш уруусунун курултайы болуп өттү.
Курултайга республиканын бүткүл аймагында жашаган сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү катышты. Келгендер жөн эле чакыруу менен келбестен жер жерлерден атайын шайланышып өздөрү жашаган аймактын делегаты катары келишти. Ошондой эле Оң, Сол, Ичкилик урууларынан чакырылган 50 гө чукул өкүлдөр да конок катары катышышты. Курултайга жалпысынан 450 дөн ашык делегат катышты.
Курултайда уруулар ортосундагы ынтымакты, биримдикти артыруу боюнча бир нече мазмындуу докладдар жасалды. Катышкандарга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жасаган доклады өзгөчө жакты. Депутат дүйнөдө, маселен Япония, Түштүк корея сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде уруучулук маселеси кандай жолго коюлганынан баштап биздин кыргызстанда бүгүн жана келечекте кандай өнүгүшү керектигине чейин мазмындуу сөз сүйлөдү.
Ошондой эле Мундуз уруусунан конок катары чакырылган белгилүү коомдук ишмер Кадыр Кошалиев да бүгүн кыргызды Түндүк-Түштүк бөлуп бөлүнгөн саркынды оорудан сактап бир ширелген ынтымакка бириктирүүчү күч бар экенин. Ал уруулардын ички ынтымагын бекемдөө менен улут ынтымагына өтүү экендигин. Муну түшүнүү менен кабыл алып туура иш жүргүзүү керектигин чечмелеген кеңири сөз сүйлөдү.
Бир учурда экиге бөлүнгөн Сарыбагыштын эки уулу, бир атанын балдары Орозбакты менен Дөөлөсбактынын кайра биригиши тууралуу да сөз козголду.
Курултайдын жүрүшүндө башынан уюштуруучулар тарабынан коюлган талапка ылайык саясый кызыкчылыктар жөнүндө сөз козгоого жол берилбеди.
Курултайда “Сарыбагыш Тагай бий уулу” коомдук бирикмесинин башкаруу системасы түзүлүп, мындан ары Сарыбагыш уруусунун атынан расимий иш алпаруу “Сарыбагыш Тагай бий уулу” бирикмесине жана анын Ордо Кеңеши менен Аксакалдар Кеңешине тапшырылды.
Чолпонбек Абыкеев, Сарыбагыш уруусунун өкүлү

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *