Сатылган молдо

Талас өрөөнүндө Сатылган ажы Бает уулу аттуу даанышман адам жашайт. 7 жашынан 90 жашка келгиче беш маал намазынын бирөөсүн да каза кылбаганы мени таңгалдырды. Кымгуут түшкөн ушу заманда да айткан сөзгө так, убадага бекем, Эгесинин көрсөтүлгөн чийиминен чыкпаган түз адамдар жашайт экен. Дин эмес, жөн гана адамгерчилик көз менен караганда да айланаңдагы кумар, куу кекиртек, азгырык, алдым-жуттумдан алыстап, сага жашоо берген Жаратканды беш маал эстөөнүн өзүндө эмне деген эрк жатат! Кудайды эстөө – өлүмдү эстөө, өлүмдү эстөө – бирөөгө кыянаттык кылбоо, кыянаттык кылбоо, ак жашоо – жашоонун негизи эмеспи…
Суроолорум көп эле, жооптор аз болду. Сырга толгон жалган-чындын жандырмагын уга аламбы деген элем. «Кызым, беш жыл кечигип келдиң. Беш жыл мурун келгениңде кеңири маектешмек экенбиз. Чарчап кетем» деди Сатылган ата. Атанын ак батасын алып, кош айтыштык. Биз барганда жазган китептери калбай калыптыр, издеп атам окуюн деп. Ал кишинин өмүрүнүн урунттуу учурларын көргөн-билгендерден сурамжылап, белгисиз өмүрдүн белгилүү жактарын чагылдырганга аракет жасадык.

Ак сызыктын ары жагындагы жашоо,  алакандагы жазуу, жалынга күйгөн чиновниктер

– Кичине кезимден таятам Токтосундан таалим-тарбия алып калдым. Ал киши чоң молдо болчу. Жети жашымда, мектепке барып калган учурумда Аптээкти (араб тилиндегт диний китеп) окуп бүткөм. Ал кезде динге эркиндик жок эле. Сегизинчи класста окуп калган кезимде мени абдан куугунтукташты, себеби, диний билим алганымды да, намазымды да токтоткон жокмун. Ошондо мен ыйладым, «ээ кагылайын Кудай, дин келээр бекен, же ушинтип эле жок болуп кетеби?» деп. Ошо күнү түш көрдүм. Туман басып калган экен, баратсам Ташкенттеги устатым отуруптур. Мен ал кишини өмүрүмдө көргөн эмесмин. Алдындагы үстөлдө арабча, орусча, англисче жазылган үч китеп туруптур. Куран китепти ала койдум.

«Алла Таала бу тапта бу китепке кулпу салып койгон, ме сага ачкычын берейин» деп төш чөнтөгүнөн ачкыч алып чыгып берди. “Мен сизди кайдан табам?” десем, кол шилтеп коюп жок болуп кетти. Мединститутка өттүм. Мен өмүрүмдө ашканадан тамак ичкен эмесмин, бисмилласыз жасайт деп. Эми кантем, ичкен тамагым эмне болот, куран, намаз окуй албай калам го деп кейип да калдым. Түшүмдө аппак сызык турган экен бет алдымда. Сакалы аппак, сулуу абышка турат ары жакта. «Бул жакка өткөнгө болбойт, бул чын дүйнө, сен жак жалган дүйнө» дегенди түшүндүрүп, баш чайкап койду. Апамдын каза болгонуна эки эле ай болгон, ошону көрүп кетсем деп атам. Тиги аксакалды карасам, «менин алым жетпейт, Алладан сура» дегендей жогору жакты көрсөтүп койду. “Ээ, Алла апамды көрүп чыгайын” дедим. Аксакал киши ошондон кийин мага акырын кол жаңсап, “батыраак кирип чык” дегендей ишара кылды. Кийимимди алмаштырып, аппак көйнөк, ыштан кийгизишти. Сол жакка кайрылсам Турдакун Усубалиевдер менен иштеген таякемдин баласы бар эле кызыл-жалын отто жалбырттап күйүп туруптур. Ага кошулуп мединститутта окугандардын баары күйүп жатышат. Оң жакка кайрылсам, аппапак кийинген, жүзү тамылжыган апам сонун орундукта отуруптур. Экөөбүз бейиштин ичин кыдырып атабыз. Экиден ачкыч бар экен менде, улам бирөөсүн берем, мен келгенче кирип тур деп. «Убактың болду» деген үн чыкты, ойгонсом таң агарып калыптыр. Үйдө таятам, туугандарымдын баары бар экен. Көрсө, бир сутка өзүмө келбей, эс-учумду билбей жаткан экем.

Мамадалы кожо өлүп калды деген кагаз келди. Барсам кожо, молдонун баары ошол жерде экен. Баягы түшүмдө көргөн Ташкенттеги устатым отурат. Аны көрүп көзүмдүн жашын тыялбайм. «Балам, эмне ыйлап атасың?» деди. «Мен сизди сегизинчи класста түшүмдө көргөм» десем, «Сатылган» деп жазылган колундагы кагазды көрсөттү. Ошо менен мени Ташкентке алып кетти. Ал кишиден 16 жыл окуп, билим алдым. Ошентип, Орто Азия боюнча эң улук эшен Алихантөрө менин устатым болуп калды. Өзү Азиретаалынын баласы Асандан таркайт экен. Боло турган нерсени алдын ала билген, ойлогон оюңду окуй алган укмуштуудай олуя киши болчу, айтып отурсам узун сабак сөз.

17 карышкырдын арасында аман калган бала

– Кичине кезиңиздеги эсте калган нерсе эмне болду?

– Тоо аралап келатсам эшегим баспай жатып калды. Бир убакта карасам, бизди карышкырлар курчап алды. Мен анда 14 жашта болчумун. 17 карышкырдьш ичинде калып, коркуп калгам. Кудайдын кудурети менен аман калдым да. Үч күн сүйлөбөй жатыпмын, 9 ай суу ичип жакшы болгом. Жүрөгүм козголуп калган экен.

– Жүрөгүңүз азыр да ооруп калабы?

– Арыктыгым ошондон го. Армиядан «1,5 см ылдый түшүп калыптыр, сен дегеле семирбейсиң» дешкен. Астраханда кызмат өтөгөм. Анүстүнө «арам тамак кошулуп кетет» деп армиянын тамагын ичкен жокмун. Бир сындырым нан менен бир чыны чай ичем. «Арыксың» деп медкомиссия үйгө жөнөткөн алты айда эле. Алсырап атсам да намазымды каза кылган жокмун армияда да. Таластык 27 бала бир болдук, ошолор кезектешип жардам кылышчу, суу таап келишчү, далдалап  турушчу командирлерге көрсөтпөй, Мен кетээр-кеткиче баары мени кайтарып жүрүштү, ыймандуу балдар эле.

– Ата, өлүмдөн коркосузбу?

– Корком. Өлүмдөн коркуу- Кудайдан коркуу деген сөз.

– Сиздин оюңузча азыркы адамдар кандай?

– Баарынын жүрөктөрү карайган, Мен муну түшүмдө көрдүм, кадимкидей капкара болуп, адамды селт эттирет экен.Бул акыр замандын белгиси.

– Кудайдан эмне сурайсыз? Байлык сурагансызбы?

– Жок, мен дегеле байлык сураган эмесмин….

– Түш дагы сыр дүйнөнүн бири экен, түш бул реалдуу жашоо деп окумуштуулар коңгуроо кагып жатышат. «Кудайга келген сырды жамыга жарыя кылбоо керек, касиетин жоготот, же кайталанып көрүнбөй калат» деп да айтышат?

– Туура, айтып койсоң алыстап кетет экен. Азыр айтпай да калдым…

Маектешкен: Динара Бейшеналиева

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *