Саясаттагы уюшкан жылмышма топтор

Кыргызстанда ОПГ бар деп айта берип оозубуз эбак көнүп бүткөн. Эми «саясатта да уюшкан кылмыштуу топтор бар» деп айта берсек болчудай, анткени бул терминди экс-спикер Чыныбай Турсунбеков өзү жарыя кылбадыбы. Тиш кагып калган саясатчы Кыргызстандын эгемен мамлекет болгондон берки саясий турмушуна саресеп салып келаткан адам катары айтса керек. Анын бул ою айрыкча КСДПнын сьездинде президенттик жарышка өз талапкерлигин коеюн деген ниетин билдиргенде, «көчүгүңдү кыс, партия бир гана талапкерди сунуштайт» дегенден кийин ого бетер бекемделген сыяктуу. Таарынган экс-спикердин сөзүндө чындыктын үлүшү көп.

Саясатта уюшкан кылмыштуу топтун бар экендиги саясий партиялардын айрыкча шайлоо алдындагы мандат саткан «аукциондорунда» ачык сезилет. Айрым партиялар ал турмак “балдарымдын” боорун жейин» деген сыяктуу Гиннес китебине кирчүдөй болгон антташууга чейин барышпадыбы? Кайран гана кыргыз?! Депутаттык мандатка, тигил же бул кызматка жетиш үчүн эмне деген гана сасык нерселерди жегенге, эмне деген ыплас ушактарды айтканга, анан анттарга барышпайт? Ал турмак Ак үй-көк үй ичинде апасын саткан сойкукана ээси жүрөт ко?

Уюшкан саясий кылмыштуу топтун түзүлүшүнө алгачкы президент Аскар Акаев же азыркы президент Сооронбай Жээнбеков деле күнөөлүү эмес. Ага күнөөлүү – эл өзүбүз экенбиз. Бир баатыр же ханга баш ийбей жашап келген 40 уруу кыргызды (Манас бабанын доору же Улуу Кыргыз кагандыгын эске албаганда!) орус эли баш ийдирип, «совет эли» деген улутка айландырам деди – анысы ишке ашпады. 70 жыл башка элдин башкаруусунда келген кыргыздын башы бошоду эле  – каныбыздагы баягы баш ийбөөчүлүк кайра ойгонду. Акаевди президент, эл башчысы деп номиналдуу тааныганыбыз менен анын жүргүзгөн ишине ичибиз толбой, «кыз теке», «кысталак» деп, тандаган кадрларын «лаборант», «жолчубек» деп теңсинбей баштадык. Ар бир уруу ичинде мамлекет башында өзүнөн чыккан уулдары отурса деген эңсөө токтогон жок. «Платон досум, бирок чындык андан да жогору турат» деген принцип менен мамлекет башкаруу кыргызга али эрте экенин түшүнгөн академик президентибиз же досун тандабай, же чындыкты тандабай, ушул экөөнүн ортосундагы сайпаналыкка өтүп алды. Анан албетте, дос тарабындагылар бир ОПГ болуп, чындык тарабындагылар экинчи ОПГ түзөт да. Сооронбай Жээнбеков азырынча Сократ айткан эреже менен иш жасап, досу Платон тараптагылардын тымтыракайын чыгарып жаткан кези.

Чыныбай Турсунбеков ушундай жагдайларды эске алып, «саясатта да уюшкан кылмыштуу топтор бар» деп айткан чыгаар. Башка билгендери бар болсо, келип ой бөлүшсө эл да, Сооронбай Жээнбеков да ыраазы болмок.

Ал эми «кылмыштуу топ» дегенди «жылмышма топ» дегенибиздин жөнү бар. Чоң саясатчыбы, балапан депутатпы, үстөл кучактаган атка минерби, дегеле элби – айтор бүт кыргыз коомун калыстыкты карманбаган сайпана, жылма, сатылма эл болуусуна кайра эле Акаев чыйыр салып берди. Ак үйдүн 7-кабатына жеткен коррупцияны жеңе албасына көзү жеткенден уламбы – «шайлоо алдында ким эмне берсе ала бергиле да, кабинага барганда жүрөгүңөр каалаганга добуш бергиле» деген насааты айрыкча саясатта уюшкан жылмышма топтордун түзүлүшүнө үрөн болуп берди. Базар мамилелерине өтүп, экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирип жашап баштаган элдин чындык, калыстык, адилеттүүлүктү туу туткан, убадага турган уюткулуу жашоо-турмуштук принциптерине жарака салынды. Папке, үстөл, бийлик, машина, квартирага жетиш үчүн бул принциптердин кереги жок экендигин ажо өзү айтып берди. Ким эмне берсе ала берип, кабинага жүрөгү бар кыргыз эмес, Плюшкиндер кирип калышты. «Алга, Кыргызстандан» «Ак жолго», андан азыркы Жогорку Кеңеште отурган 6 партияга, бийликтен сыртта жүргөн партияларга «удачно» өтө качкандар өкмөт башчы, спикер, министр, губернатор, мектеп директору, бакча башчысы же Эл баатыры, эл артисти, чайкана ээси, пансионаттын чарба башчысы, сауна иштеткич, туалет жуугуч болушту. Бүт Кыргызстан жылмышма топтордун өлкөсүнө айланды. Азыр эл шайлоо алдында «ким эмне берет» деп күтүп калды, анткени 120 депутаттын болжол менен 80 пайызынын ишкерлиги бар экенин спикер Дастан Жумабеков «Азаттыктын» «2×1» клубундагы маегинде ырастаган. Демек кийинки парламенттик шайлоодо экс-спикерлер Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясын чанып, башка бир партиянын тизмеси менен аттанышса, аңырайып оозду ачмай жок. Партияны, досту сатып кетүү, кечүү менен Кыргызстандан качып кетүү, өз элин кызыл жаян канга батырып атып кетүү Кыргызстандагы кадимки көрүнүш болуп калбадыбы?

Машакбай Рахманкулов

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *