Саясаттан бизнес жасаган бизнесмен Өмүрбек Текебаевдин 7 касиети

Бу пенде баласы жөнүндө ар тараптуу сөз козгосоң болот. Бир карасаң, Өмүрбек Текебаев чындап эле Кыргызстандагы №1-эмгек сиңирген юрист. Бирок, кимге эмгек сиңирген? Карапайым элгеби, же кадимки А. Акаевгеби? Бул өзүнчө чоң талаш жараткан маселе? Экинчи жагынан карасаң, 2010-жылкы апрель кандуу калаба күндөрү мародерчулукка кылмышка шектүү №1-адам. Үчүнчү жагынан карасаң, парламенттеги башкаруу коалициясын көмүскө башкарып турган №1-саясий фигура. Төртүнчү жагынан карасаң, КРнын президентине да, КРнын парламентинин төрагасына да №1-оппонент. Бешинчи жагынан карасаң, мамлекеттик бийликтин беш мүнөтү кем №1-оппозиционери! Алтынчы жагынан карасаң, КРнын президентинин бийлигин мыйзамсыз бекемдеп, узурпацияга жол берген №1-саясатчы. Жетинчи жагынан карасаң, саясаттан бизнес жасаган бизнесмен. Азырынча ушул 7 (жети) пункт менен чектелип туралы.

Биринчи пунктка токтолсок: Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлигинин тарыхында (жарактуу, жараксызын кошуп эсептегенде) эң көп мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат. Ошол эле учурда “Үзөңгү-Куушту” Кытай Эл Республикасына өткөрүп берүү маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде карап жатканда, жыйындар залынан КР ЖКнын мекенчил депутаттары ЖКнын жыйындар залын таштап чыгып кеткенде, ошол мекенчил депутаттар менен жыйындар залын таштап чыгып кетип, кайра башка эшиктен ЖКнын жыйындар залына кирип, “Үзөңгү-Куушту” Кытай Эл Республикасына өткөрүп берүү маселесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоого 41-депутат болуп катышып, кворум түзүп, анан, билмексен болуп каршы добуш берип, карапайым элди алдаганын А. Бекназаров баштаган ошол кездеги ЖКнын депутаттары өз элине, Ата-Мекенине жасаган чыккынчылык катары баалап келүүдө. Оппозициядагы мекенчил депутаттар менен бирдикте ЖКнын жыйындар залын таштап чыгып кетип, алардан жашынып кайра киргенинде, бийликке сатылып кеткен болушу керек-деп ошол кездеги коллегалары күмөн санап келет. Ошондуктан, “Үзөңгү-Кууш” үчүн Аксыда тынчтык митингине чыккан атуулдарга каршы бийлик жасоолдору курал колдонуп, ок атып, алардын арасынан 6 (алты) азамат бейкүнөө ошол кездеги авторитардык бийликтин курмандыгы болуп, окко учкандыгына да Ө. Текебаевдин моралдык күнөөсү бар деп айтууга негиз бар…

Экинчи пунктка токтолсок: Өмүрбек Текебаев 2010-жылкы апрель кандуу калаба күндөрү мародерчулукка шектелген № 1-адам экенин КР ИИМинин экс-министри З. Ырысалиев баш болгон КРнын бир нече жарандары тастыктап келет. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, мародерчулук боюнча сөз болсо эле Өмүрбек Текебаевдин “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн баш сабында турган Ө. Текебаевдин, Р. Төлөгөновдун, Т. Мадылбековдун башы кыймылдап калат. “Эл оозунда элек жок” демекчи, “Ата-Мекенди” карапайым эл “мародерлордун партиясы” деп атап алышты. Шайлоолордо “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүн ачык эле “эй, мародерлор” деп чакырышат. “Этеги жаман жерден айрылган” “Ата-Мекен” партиясы эл ичинде баягы эски аброюн кайтарып алыш үчүн А. Атамбаевди “аттан оодарып түшсө,” анда, чындап карапайым элдин катмарына жакындаша түшөт элек деген түшүнүк менен бүгүн А. Атамбаевге азуусун көргөзүп отурат. Бул “ууру качты кармагыла,  деп, ууру жүрөт кыйкырып” деген тажаалдардын ыкмасы экенин жалпы эл жашырбай айтып келүүдө. Эгерде Ө. Текебаевден башка киши болгондо өзүн-өзү сотко берип, өзүнүн актыгын далилдеши керек эле.

Үчүнчү пунктка токтолсок: Өмүрбек Текебаев парламенттеги башкаруу коалициясын көмүскө башкарып турган № 1-саясий фигура экенин өзүнүн “Сентябрь” телеканалына берген интервьюсунда өзү бекемдеп өттү. Анын өзүнүн айткан сөзүнө караганда, Өмүрбек Текебаев үчүн Кыргыз Республикасынын саясый-экономикалык абалы, Кыргыз Элинин келечеги 1 (бир) тыйынга да турбайт. Анын негизги максаты өзүнө ыңгайлуу бийликти сактап калуу экени айкын болду. 2010-жылкы апрель кандуу калабасынан кийин КР ЖКга “Ата Журт” саясый партиясы менен “Республика” саясый партиясы негизги күч болуп келип, Ө. Текебаев өзүнө ыңгайлаштырып даярдаган ЖКнын төрагалыгын күтүүсүз “Ата Журт” партиясынын лидери Ахматбек Келдибеков тартып алганын жашырбай айтат. Анысы аз келгенсип КРнын премьер-министрлерин гөлөч алмаштыргандай алмаштырып, президенттин бийлигин бекемдеп, узурпацияга жол ачканын, КРнын саясый-экономикалык абалын копол айтканда уруп да ойнобой, жеке кызыкчылык менен күрөшүп отуруп, акыр аягы Президент менен “абысын айтышка” чыгып, “Мен эмес, сен мародерсуң”-деп кыйкырып чыкканы, калыс карап турган карапайым элдин алдында өтө эле осол иш болду.

Төртүнчү пунктка токтолсок: Өмүрбек Текебаев КРнын президентине да, КРнын парламентинин төрагасына да № 1-оппонент. Аны бейиши болгур Салижан Жигитов көзү ачыктай “Текебаев президенттикке вечный кандидат” деп чейрек кылым мурда эле даана “диагнозун” коюп кеткен. Анда мамлекеттин башкаруу усулу президенттик ыкма эле. 2010-жылы өзү башында туруп жаздырган Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башкаруу формасы парламенттик болгондон бери ЖКнын төрагалыгынан көзү өтүп, эми парламенттин төрагалыгына да “вечный кандидат” боло баштады. Мамлекетти башкара турган адамдын “теңтушу бар, теңи жок, ачуусу бар, кеги жок” болушу керек. Анын учурдагы кыймыл аракетинен 25 жыл саясатта жүргөн Өмүрбек Текебаевдин териси жукарып, нерви ыргалып калгандай таасир калтырат. “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батышы” керек го. Анын ичине ээр токумдуу ат эмес, ээрдин кашы да батпайт. Кеменгер Кыргыз Элине таандык көрөңгөсү көрүнбөйт. “Ууру бир, күмөн миң”-дегендей, мародерлукка шек санап, “мародер окшойсуң…”-деп койгон адамды, шектүү шектенет болуп эки дүйнө жек көрүп, кеги ичине батпай кекечтенип кетет.

Бешинчи пунктка токтолсок: Өмүрбек Чиркешович мамлекеттик бийликтин беш мүнөтү кем № 1-оппозиционери. Ал өзүнө керек болгон учурда издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматовдорду “Ата-Мекен” партиясынын курамына киргизип алып, мамлекеттик бийликтин № 1-оппозиционери болуп чыга келет. Саясый компаниялар аяктап, шайлоолор өтүп, маселе чечилгенден кийин, “М. Мырзакматов кайда?”-деп сурасаң, “Ал ким эле?”-деп сурооңо суроо менен жооп берип таң калтырат. Шайлоочулардын пикирин, карапайым элдин көз карашын тебелеп өтүп, парламенттеги башкаруу коалициясына кирип, бийлик бөлүштүрүүгө киришет. Коргонуунун эң жакшы ыкмасы чабуул дегендей, мародерчулуктан кеп башталганда эле КСДП партиясынын өкүлдөрү М. Мискенбаев, А. Атамбаевдер 2010-жылы апрель коогалаңында каза болгон арбактардын акчасын, Бакиевдердин мүлкүн тымызын тартып алган.. — деп өзүн апапакай көрсөтүп актанып чыгат. Бүдөмүк позициясы менен туруктуу багытынын жоктугун айтсаң сиркеси суу көтөрбөй калчылдап, өзүн айга-күнгө теңеп, “Мен болгону мыйзам гана жазган бир бечара кембагал депутатмын. Эгерде аялым бизнес кылбаганда, баа-баягы ырынан чыры көп, байпакчан бойдон калмакмын”-деп ачууланат…

Алтынчы пунктка токтолсок: Өмүрбек мырза КРнын президентинин бийлигин мыйзамсыз бекемдеп, узурпацияга жол берген Кыргызстандагы № 1-саясатчы. Ал өзүнүн мыйзамсыз жасаган иш-аракеттерин мактануу менен айтып, “Өмүрбек Бабановду жакшы иштеп жатканына карабай өмгөктөтүп отуруп премьер-министрликтен кетирдим, Камчы Ташиевди тосмодон секирттим, өзүмүн акам Жантөрө Сатыбалдиевди сатып жибердим, Жоомарт Оторбаевдин оозуна момпосуй салып жедирдим, Темир Сариевди бир комоктун деңгээлинде ой жүгүртөт-деп, жолду жонуп жегени үчүн кетирдим, мына ушунун баарын мен Алмазбек Шаршеновичтин президенттик бийлигин бекемдеп, бийликтин мыйзамсыз узурпацияланышына шарт түздүм. Бирок, аны Алмазбек Атамбаев баалай албады”- деген таризде жалпы журтка жар салат. Ошол кезде эмне үчүн өзү жазган Конституцияны өзү сактаган эмес?! Же Өмүрбек Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн КРнын Конституциясын бузса боло береби?!

Жетинчи пунктка токтолсок: Өмүрбек Текебаев саясаттан бизнес жасаган улуу ишкер. Илгери Компартиянын курамына адамдарды кабыл алып жатып Парт Босс бир талапкерден сурайт дейт:

— Кытайда туугандарың барбы?

— Жок

— Басмачы болдуң беле?

— Ооба

— Анда сен Коммунист боло албайсың. Компартияга таза адамдар гана мүчө боло алат, басмачыларды албайбыз-деп өткөрбөй коёт. Анда жанындагы жолдошу сурайт дейт:

— Эмне болуп Компартияга өтпөй калдың?

— Басмачы болдуң беле?-деп сурады. Мен, ооба деп жооп берсем, өткөрбөй койду-десе, анда жолдошу:

— Айтпай эле койбойт белең басмачы болгонуңду-деп кейисе, компартияга өтпөй калган талапкер андан бетер кейип:

— Ал өзү биздин Корбашы болчу да, кантип айтпай коём-деп кейиген экен. Бүгүнкү Текебаев түзгөн партиялык системага да Корбашылар толуп алды. Парт Босстор бүгүнкү күндүн Корбашылары. Алар ЖоКеде каралган ар бир мыйзамды тыкыр иликтеп соодалашуу жолуна өтүп алганын өзүлөрүнүн эски коллегалары айтып келет. Ошол эле бийлик бөлүштүрүүдө, кадрдык саясатта да Парт босстордун ролу чоң экенин коомчулук жакшы билет. Шайлоолордо “алтын орундардын” 500 (беш жүз) миң АКШ долларына сатылып жатканын да талапкер болгон партия мүчөлөрү өзүлөрү тастыктап отурушат. Өмүрбек Текебаевдин ири бизнесмен болушунун негизги сыры мына ушунда…

 Улукбек Дүйшөнбиев

Булак: Жаңы Ордо

 

1 ой-пикир

  • Садир. says:

    Эгер сиз бул инсандын Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнө сиңирген эмгегин билбесеңиз, көрбөсөңүз анда сизди аёого гана болот. Мен сизди азыр чындап эле аяп турам.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *