Саясий эрк жетче6 коррупция менен күрөшсө болот

Коомдук-саясий турмушубузда, асыресе, коомчулуктун пикирин калыптандыруучу масс-медиа айдыңында, эгемендик жылдардын адеп башталышынан тартып, эң эле соңку жылдарга чейин, — ​башкача айтканда, Аскар Акаевден баштап, Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу бүткөнгө чейин туруктуу калыптанып калган мындай бир жагдай түзүлүп калган: кандайдыр бир эл аралык долбоор-кызматтардын маалыматтарына шилтеме жасап, цитаталарды келтирип, эл аралык аренада Кыргызстан демократиялык баалуулуктар, өкмөттүк эмес уюмдар, адам укугу, эркин басма сөз жана башка ушул сыяктуу багыттарда бир топ ийгиликтерге жетишти, ал тургай коңшулаш Өзбекистан, Казакстан жана Тажикстан (Түркмөнстан жөнүндө, айрыкча, Сапармурад Түркмөнбашы учурунда, сөз болушу да мүмкүн эмес эле!) сыяктуу өлкөлөргө үлгү болушу керек деген сыяктуу ой жоруулар массалык-маалымат каражаттарында жайнап жүрчү.

Ал гана эмес, башка мактанарлык жагыбыз дегеле жок болгондуктан улам, кез-кезде ушундай кампанияларды атайылап массалык түрдө уюштуруп, коомчулукту чыныгы коомдук-саясий абалыбыздан алагды кылууга болгон аракеттер да жасалып келгендиги түшүнүктүү!..

Соңку жылдардагы бир позитивдүү өзгөрүү — ​ошол эле көз карандысыз изилдөө институттарынын, эркин эксперттик борборлордун жана социологиялык иликтөө кызматтарынын негативдүү жактарды чагылдырган көрсөткүчтөрү да ачык жана бурмалоосуз жарыялана баштады…

Көрсө, өлкөбүздүн абалы анча деле жакшы эмес экен. Маселен, коррупция жана кылмыштуулук боюнча дүйнөдөгү эң эле артта калган африкалык өлкөлөр менен атаандаша ала турган “деңгээлге” жетейин деп калыптырбыз. Ал эми соңку жылдардагы (арийне, 2010-жылдагы апрель “революциясынан” кийин) мамлекеттик кызматтарды, ички иштер министрлигин, сот бийликтерин реформалоо сыяктуу аракеттердин алдын ала жыйынтыгы — ​бул багыттагы абал мурдагыдан да оорлоп бара жаткандыгын гана билдирип турат.

Мамлекеттик кызматтардагы паракорчулук жана коррупция жеткен чегине чейин жетип бүтүп, мамлекеттик кызматтардагы профессионалдуулук, жооптуу кызматтарга келе турган кандидатуралардын иш тажрыйбалары, билим деңгээли сыяктуу критерийлер такыр эле эске алынбай кала турган деңгээлге чейин “өсүп” жеттик. Ошонун айынан, агрономдук билими бар адам Улуттук коопсуздук кызматынын башына келсе, дене тарбия мугалими — ​экономикалык кылмыштар кызматын башкара башташты…

Анан дагы ушунун баары “таза коом”, “коррупция менен күрөшүү”, “мамлекеттик башкаруу системасындагы реформалар” деген сыяктуу пропагандалык пассаждар менен коштолгонуна кантесиң!?

Ушунун аягы деле, олуттуу түрдө ойлонуп көргөн адамга, мыйзамченемдүү аякталыш менен бүттү: кечээ жакындагы козголгон чуулгандуу кылмыш иштери логикалуу түрдө аягына чыгарыла турган болсо, бул соттук өкүмдөр кайсыл бир деңгээлде экс-президенттин тушундагы кадрдык саясатка жана мурдагы өкмөттөрдүн “профессионалдык-моралдык” деңгээлине дагы берилген таасын “баа” болуп калары шексиз.

Экс-премьер-министр Сапар Исаков эмне үчүн кызматтан кеткенден кийин гана  Бишкек ЖЭБинин чуулгандуу чатак иштери боюнча атайын кызматтарга күбө катары чакырылып олтурат? Анын ысымы мурдатан эле аталган соң, кызматтан кетишин күтүп олтурбай эле, дароо чакырып, суракка алып, эгерде зарылдык туула турган болсо, кылмыш иши да козголсо — ​дал мына ошондо биз чыныгы демократиялык өлкө экенбиз деп мактансак жарашмак!..

Бул жагынан алып караганда, Европалык мамлекеттер өздөрүнүн бардык кемчилдиктерине карабастан, чындыгын айтканда демократиялык баалуулуктарды туу тутуп, колдон келишинче сактоого умтулуп келе жатышат. Айталык, Франциянын экс-президенти Николя Саркози жакында эле ага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында, укук коргоочулардын убактылуу кармоочу жайында эки күн “эс алып” чыкты. Азыр тергөө иштери бүткөнгө чейин “эч жакка кетпөө кепилдиги” менен боштондукка чыкты. Балким, анын бул эркиндикке чыгуусу дагы оңойго турбаган кымбатка түшкөндүр, — ​Европалык мамлекеттерде накталай акчаны залогго коюу аркылуу убактылуу боштондугун сатып алуу калыптанып калган эмеспи… Арийне, ал эңсеткен эркиндик сот жообуна тартылуудан биротоло куткарып кете албайт! Эгерде күнөкөр болсоң, сөзсүз жазага тартыласың…

Бизде да айрым бир укук коргоочулар жакында эле экс-президенттерден “кол тийбестик” макамын алып салуу керек деп сунуш кылып чыгышты. Бул, чынында эле, коомчулук колдой турган сунуш.

Белгилүү бир фильмде айтылгандай, “эгерде менин күнөөм жок болсо, мага алибинин эмне кереги бар?!” — ​демекчи, бул мыйзамдык статус жогорку мамлекеттик кызмат адамына алдын ала эле: “Сен каалаганыңдын баарын жасай бергин, баары бир эч нерсе үчүн жооп бербейсиң” деген ишарат сымал, психологиялык кызыктуу, абсурд абалды жаратып жаткан жокпу? Эгерде ушундай жагдай башынан эле жок болсо, балким, Аскар Акаев эмдигиче “Кумтөр” алтын кени боюнча канадалыктар менен өлкө үчүн пайдасыз келишимди түзгөнгө башка жоон топ жооптуу адамдар менен катар эле жооп бербестен (а мүмкүн, эң башкы айыпталуучу катары да!), Үзөнгү-Кууш боюнча деле жоопко тартылмактыр?..

Азыркы кезде коомчулуктун көңүл борборунда турган Бишкек ЖЭБинин айланасындагы козголуп жаткан кылмыштуу иштер дагы, кайра айланып келип, мурдатан эле айтылып келген коррупциялык схемалардын былыгы, шиши эбак толуп, биротоло ириңдеп кеткенден кийин гана жарылып кетип, ачыкка чыгуунун натыйжасы катары кароо керек.

Электр тармагы биздеги бардык завод-фабрикалар жана өндүрүш, өнөр жай олтуруп калгандан кийин да туруктуу иштеп келе жаткан бирден-бир тармак болуп эсептелет. Узакка созулган электр жарыгын өчүрүүлөр орун алган соң, эми калк такыр жарыгы жок калбас үчүн, бул тармакка абдан чоң инвестициялар да тартылып, эскилиги жетип бүткөн тармактын техникалык жабдыктарын алмаштыруулар дагы такай улантылып келе жаткандыгы белгилүү.

Башкача айтканда, коррупционерлердин баары тең, ээн калган талаада башка эч нерсе таппагандыктан улам, уйдун жаңы түшкөн жампасына жабыла үйүлүп алышкан чымындар сыяктуу, ошол Бишкек ЖЭБи тараптан гана чыгып жатышканы эч таң каларлык деле эмес!..

Дал ушул сыяктуу эле, жол тармагы дагы коррупционерлер үчүн “өтө кирешелүү” жайыт бойдон кала берүүдө. Эгемендик доорундагы бул тармакка салынган акча каражатынын жалпы суммасын эсептеп көргөндө, Бишкек-Ош, Ош-Мургаб, Бишкек-Торугарт сыяктуу эл аралык трассаларга (ал эми ички жолдорубузду, райондор аралык жолдор тууралуу сөз кылбай эле коелук!) кеткен чыгымдар кыргыз элинин кийинки муундарынын моюнуна илинген карыз бойдон турат, ал эми ошол эле кезде төрөлгөн балдар эрезеге жетип, али үй-бүлө курууга жетише элек кезинде, ал жолдордун баарынын тең тамтыгы чыгып, алды беш ирет, арты эки ирет оңдолгонго жетишсе да, техникалык жактан орточо критерийлерге да жооп бере албаган бойдон калууда…

Европа жана Россиянын ири шаарларынын жана шаарлар аралык жолдорун айтпай эле коелук, бизге коңшулаш Алматы шааарынын жана анын айланасындагы деңгээлдеги жолдорго да такыр жете албай койдук го, чиркин!

Мунун чыныгы себептери, кайра териштире келгенде эле, баягы эле коррупциялык схемалар болуп чыгары анык. Бул “кирешелүү тармактардагы” кылмышкерлер өтө эле айлакерби, же алардын былыктарын аныктоо ошончолук эле кыйынбы? Жок, андай эмес: себеп — ​кирешелүү, майлуу тармактагы акырга башын салып алгандар укук коргоо тармактарынын кылтагына илинери менен эле, аларга дагы өз “жеминен” бөлүп ыргытып коюп, кутулуп кетип жатышкандыгында болуп жатканы жашыруун эмес. Бекеринен, эл арасында “тоок уурдадың — ​тутулдуң, миллиондорду уурдасаң — ​кутулдуң” деген эң таамай байкоо, учкул сөзгө айланып кеткен жок да?..

Апрель “революциясынан” кийин электроэнергия тармагында узак жылдар бою жетекчилик кызматта иштегендердин бири — ​Сапарбек Балкыбеков аттуу адамдын чет өлкөгө качып кеткени дайын болгон. Басма сөздө жарыяланган айрым кабарларга караганда, ал кайсыл бир өлкөдөн өзүнө океандардын арасындагы аралды (!) сатып алып, жыргап-куунап жашап жүрүптүр…

А бирок, биздин укук коргоо органдары мунун чын-төгүнүнө жетишке кандайдыр бир далалаттарды жасап көрүштүбү? Ал эмне үчүн качып кетти? А балким, бул тармакты жедеп-олтургузуп, колунан келишинче тоноп туруп, андан соң гана куйругун түйгөндүр? Аралды жеке өз каражатына сатып алуу үчүн азырынча биздеги эң эле бай делген олигархтар деле батына алышпаса керек?..

Айтор, эч кандай аракет кылышпаса, анда неге “Интерпол” сыяктуу абройлуу укук коргоо уюму менен өз ара иштешкенге келишимдер түзүлөт?..

Биздин укук коргоо органдарына жана мамлекеттик маанидеги кызматтардын алдына бул сыяктуу жоопсуз суроолорду массалык түрдө коюуга болот. Арийне, ага убаралануунун деле анча зарылдыгы жок. Анткени, эч кандай түшүнүктүү, конкреттүү жооп алууга мүмкүн эмес. Же баягы эле “мына, эми чындап күрөшүп баштайбыз, реформа кылабыз” деген сыяктуу гана дежурный жооптор угулушу мүмкүн…

Жогоруда айтылгандан башка да, бизде эң эле кирешелүү жана көмүскө тармак — ​соода тармагы жана аны менен тыгыз байланышкан бажы төлөмдөрү жана товарларды өткөрүүгө байланыштуу майлуу кызмат орундары турары талашсыз. Башкача айтканда, жумушка жарамдуу калкынын дээрлик жетимиш беш пайызы жумушсуз болгон өлкөнүн эли кайсыл булактардан алынган каражаттарына жашап жатышат деген суроо өзүнөн өзү жаралары турган иш.

Мындан да тагыраак айта турган болсок, азыркы Кыргызстан эли ашкан байларга-олигархтарга жана күнүмдүк жашоонун гана керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн өлкөдөн сыртта тентип, кор болуп жүрүшкөн жарандардын өлкөсүнө айланган. Ал эми ар кандай өнүккөн өлкөдө туруктуулуктун жана өнүгүүнүн омуртка-бели деп эсептелген ортоңку катмар бизде дээрлик калыптанбаган бойдон калууда. Эки жолку президентти алмаштырууга алып келген толкундоолордун натыйжасы да дал ушундай себептерден улам орун алган.

Анан дагы, эң эле жаман жери, — ​биздеги бай-олигархтардын анча чоң эмес тобунун көбү өз байлыктарын арам жол менен, же эгемендиктин алгачкы жылдарындагы орун алган башаламандыктардан жана жеке шылуунчулдуктан улам топтошуп, “көтөрүлүп алышкандар”. Дал ошондуктан улам, карапайым элдин кыжырдануусу жана аларды мыйзамченемдүү “ак сөөктөр” катары кабылдабай, уурулук жана шылуундук жол менен байышкан адамдар катары жек көрүү менен кароосу дагы узак убакытка чейин улана берери шексиз…

Эгерде бул алардын ак эмгегинин натыйжасынан, же ата-бабаларынан калган байлык болуп, алардын укмуштай тез жана күтүүсүздөн байып кетишкени шек жаратпаса, айкөл кыргыз эли аларга эч убакта мындай мамиле жасамак эмес. Бекеринен “аккан арыктан суу агат”, “казанда болсо чөмүчкө чыгат”, “эстүү атанын кашыктап чогултканын эси жок бала чөмүчтөп чачып жок кылат” деген сыяктуу “политэкономиялык мааниси” бар нукура элдик накыл кептер эзелтен жашап келе жаткан жок да! Арийне, азыркы олигархтар андай мамилеге жетүү үчүн, дагы бери эле болгондо эки-үч муун алмашышы зарыл.

Ошондой болгондо деле, коомчулук толук бойдон тазаланып кетеринен эмитен эле күмөн жаралып жатканы да жаман. Себеби, биздеги азыркы калыптанып бара жаткан коомдук көз караштарда “уурунун баласы ууру болот, паракордун баласы паракор болот” деген сымак, азыртан эле, коррупционерлердин биротоло тамыры кыркылары күмөн жаратууда…

Асыресе, эбак эле коррупциянын очогуна айланган бул тармактарда күрөш жүргүзмөк турсун, салык, бажы жана укук коргоо кызматтары ошол мыйзамсыз иштерге түздөн-түз аралашып, ал тургай, толук катышууга чейин жетип калышкан!..

Муну январда өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков өзү жалпы элге шардана кылды. Дал ошондуктан улам, жаңы шайланган президенттин коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө чындап ниети бар экендигине эл дагы ишеним артып, үмүт байлай баштагансыган маанай жаралды.

Айта кете турган нерсе, ошол эсте калган жыйындан кийинки берилген кыска маектеринин биринде, президент аталган укук коргоо мамлекеттик органдарына бул багытта май-июнь айына чейин абалды оңдоо жана кескин чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилгенин жана да ошол иштердин жыйынтыгы боюнча алгачкы кадрдык жыйынтыктар жана дайындоолор жасаларын билдирген. Эми ал мөөнөт көп күттүрбөй эле келип калды. Демек, биз азыр алдын ала жыйынтыктар чыгарыла турган мерчемде турабыз. Жаңы президенттин ишиндеги эң алгачкы жемиштерине дагы күбө боло алабыз…

Чынын айтканда, коррупция кайсыл тармактарда катуу өнүгүп, ал тургай, биротоло терең тамырлап алгандыгы укук коргоо органдарына деле, анан калса, жалпы эл үчүн деле чоң сыр эмес. Ошондуктан, жогоруда аталган тармактардагы учурдагы күрөштөргө “кампанейщиналык” мүнөз бербей, азыркы актуалдуу болуп жаткан кылмыш иштерине биротоло чекит коюу менен бирге, бул жаатта ырааттуу жана туруктуу максатта иш алып баруулардын программасы иштелип чыгууга тийиш.

Ошондой тоталдык мүнөздөгү тазалануудан кийин гана, биз “таза коом” жөнүндө сүйлөй баштасак, бул биздин коомго бир аз болсо да жарашат. Ансыз мамлекеттик кызматтарга жана жогорку бийликке карата коомчулукта жаңы гана пайда боло баштаган ишенимди биротоло жоготуп, эгемендик жылдарынан бери эми гана араң ойгонуп келе жаткан үмүттү дагы биротоло өчүрүп алабыз.

Ишенбек Муртазаев

Булак: Жаны Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *