Себахаттин Балжы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору: Кыргызстан менен тарыхыбыз да бир

– Сизди билим берүү тармагы чарчатып жиберген жокпу? Балким башка кесиптин ээси болуп башка максаттарга жетет белеңиз?

– Албетте, андайды ойлогон убакыттар болду. Мага көптөгөн чет өлкөлөрдөн “бизге кел, биздин мекемеге жетекчи бол” деген сунуштар түшүп турду. Америкадан, Европадан, Африкадан чакырышты. Баарына рахматымды айтып, баш тарттым. Анткени, мамлекетим мага 3-класстан баштап билим, тарбия берип, чоң үмүт арткан эле да. Чаңкыры шаарында иштеп жүргөндө Суданда да кесиптик окуу жайын куруп, аны негиздедим. Андан кийин Косоводо, Македонияда ушундай иштерди кылдым. Ал жердегилер дагы биздин эл, аларга жардам беришибиз керек. Ар дайым бир бутум Түркияда, бир бутум башка мамлекеттерде болду. Ал кезде Түркиянын бизнес ишкерлери менен тыгыз иштедик. Алар менен жакшы ассоциацияларды биргеликте курдук. Андан кийин Анкарада өнөр жайды автоматташтыруу борморун ачтым. 1990-жылдардын ичинде бизге жаңы түшүнүктөр кирип жаткан. Мен Америкадан, Европадан көргөндөрүмдү бизде ачууну сунуш кылып, Ишкерлер ассоциациясынын башчысына окутуу борборун ачуу керектигин айттым. Бирок жардам бере алышкан жок. Алар менен эки жылдай күрөпггүм. Кийин Өнөр жай министрлигине барып, технологияларды автоматташтыруу борборун түзөлү дедим. Алар бир жылдай болбойт деп турушту. Анан. алардан 250-300 миң доллардай акча алып, автоматгаштыруу технологиясы деген борбор ачтык. Ага бүт өнөр жайда иштегендер, университеттин профессорлору келип билим алып башташты. Ага жаңы технологияларды үйрөтүү, иштин сапатын артгыруу максатын койдук. Бир жылда 300-400 адам окуду. Бир жылда эле ал өзүнүн чыгымын жапты. Алар зор деп чече албай жаткан маселени жеңил эле чечсе болоорун үйрөнүштү.

– Сиз демек чет өлкөдөн үйрөнүп келген тажрыйбаңызды башка адистерге үйрөтүп, өлкөиү өнүктүрүүгө салым кошкой экенсиз.

– Кыска убакытгын ичинде өнөр жайда жана окуу жайларда иштеген адистерге билим бердик. Биз жетектеген жогорку кесиптик-окуу жайлардын жана биз ачкан борбордун чынында салымы чоң болду.

– Ал азыр дагы иштейби?

– Өнөр жайга барып иштей турган адистер үчүн ал борбор дагы деле жакшы кызмат кылып келатат. Азыр ал Ишкерлер ассоциациясы-нын бир борбору. 25 жыл жогорку кесиптик мектепте иштеп жүрүп, замандын талабына ылайык Түркияда мурда болбогон кесиптерди киргиздик. Мисалы, электроника индустриясы, климат системасы, телекоммуникация технологиялары деген жаңы түшүнүктөр Түркиянын окуу жайларында жок болчу. Биз буларды окууга киргизгенден кийин мени жаман көрүштү. “Булардын кереги не, булар кайда иштешет? Мамлекеттин акчасын чачып жатасың” деп нааразы болушту. Ал кезде Түркияда туристтердин 80 миң жатагы бар болчу. Ал кездеги Президент Тургут Озел “кыска убакта туризм кирешелүү тармак болот”,-деди. “80 миң орун менен кандайча кирешелүү тармак болот, туризмде комфорт жок болсо”, – деп ойлоп, жогорку кесиптик мектепке туризмди окутууну киргиздик. Ошол кездеги Президенттин чоң аракети менен Түркия туризмден өнүктү. Биз окуткан кесип ээлери комфортту түзүштү. Азыр 1 млн 200 миң жатак бар. Мында биздин эмгегибиз зор. 1990-жылдардын башында сатууга чыгара турган сапаттуу продукциябыз жок экен. Соода жүгүртүү болгону 5 млрд доллар. Жаңы технологияларды окуп бүтүргөн адистер ишкерлер менен иштеп, жаңы доорду ачышты. Азыр Түркиянын 160 млн долларлык экспорту сатуудан түшөт. Анын 80%ы өнөр жайлардан келет. Бул жацы технологияларды окуп өздөштүргөн адамдардан келди. Жогорку кесиптик окуу жайлардын заманбап болушу үчүн долбоорлорду жазып, Дүйнөлүк банктан дагы 200 млн доллар кредиттерди алып, башка жогорку кесиптик мектептерди өнүктүрдүк. Алардын саны 80дей болду. Мунун мааниси – мамлекет жетекчилери, өнөр жай ишкерлери, университеттер жана жогорку кесиптик мектептер бир максатка биригиши керек. Ошондо гана кыска убакта натыйжасы жакшы болот.

– Сизди бекер тандашкан эмес экен. Кесиптик окуу жайлардын кадырын көтөрүү менен жацы доордогу Түркиянын өнүгүшүнө кол кабыш кылыптырсыз. Кийинки жашооңуз кандай болду?

– 25 жылдан кийин Стамбулга келдим. Менчик университеттин башчысы мени дароо чакырып, “Сиз мамлекеттин дөөлөтү үчүн көп иштерди жасадыңыз, эми менчик университетке салым кошуцуз, тажрыйбаңызды бөлүшүңүз”, I деп суранышты. 3-4 ай ойлбндуь? Акыры Анкарадан кетип, Стамбулдагы менчик университетте Камкорчулар кецешинин башчысы, ректордун жардамчысы болуп иштей баштадым. Ал жерде айтылган сөз боюнча мен кийин ректор болмокмун. Бир жыл иштегенден кийин Билим берүү министрлигинен мага Кыргызстандагы Кыргы Түрк “Манас” университетине иштөөгө сунуш түштү. Мен муну күткөн эмесмин. Стамбулда калып эле иштейин деп сурандым. 5-6 ай ойлонуп макул болбой жүрдүм. Алар башка жол жок экенин айтышты. Акыры 30-январда Кыргызстанга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору болуп Ата Журтума кызмат кылганы жубайым, кичүү уулум менен келдим. Бир жумадан кийин көнө баштадым. Бирок университетке Түркия мамлекети тарабынан бөлүнгөн акчалар толук иштетилбей, берилген инвестиция өз максатына жетпей жатканын көрдүм. Кыргызстандын ичиндеги университеттерден дагы артта экен. Эки айдан кийин 7-апрель болду. Ошол күнү 4 саат парламенгте болдум. Кудай буюруп, баары жакшы бүттү. Өнүгүүгө бет алдык. Университеттин түзүмүн алмаштырдык. 8 жылдын ичинде университет үчүн бир топ иштерди бүтүрдүк. Бул менин өмүрүмдүн бир тамчысы. 56 жашымда дүйнөлүк тажрыйбага ээ болуп Кыргызстанга келсем, азыр 64 жашка келдим. Акча үчүн келген жокмун. Кыргызстан деген Ата Мекенге кызмат кылганы келдим.

– Бардык акча Түркия мамлекетинин бюджетинен каржыланабы?

– Албетте. Мурдараак жылына 32-33 мл» доллар алып турганбыз. Бул жылы 23 млн доллар алдык. Студентгер бекер окушат. Акчанын баары Түркиядан келет. Ага имараттарды курабыз, мугалимдерге айлык беребиз, студенттер үчүн бардык шарттарды түзөбүз, технология боюнча иш-аракеттерди жасайбыз.

– Тур кия мындай универси-теттерди бардык Орто Азия мамлекеттерине ачканбы?

– Жок. Орто Азияда бул жалгыз. Түркестанда Түрк-Казак университета бар, бирок экөө окшош эмес. Түркиянын эң жакшы тажрыйбасы жана ийгиликтүү иштеткени Кыргыз-Түрк “Манас” университети болду.

– Сизди азыр Түркияга башка жумушка чакырса дароо кетесизби?

– Мен үчүн азыр Түркия да, Кыргызстан да бирдей. Эгер мага Түркияда талап болсо, кызматымды көрсөткөнгө даярмын. Бирок Кыргызстанды таштоом кыйын болот.

– Кыргызстан сиз үчүн кандай өлкө?

– Кыргызстанды мен чет өлкө катары сезе албадым. Мындагы эл менин бир туугандарымдай сезилет. Мисалы мен Американын 20дай штатында болдум. Ал жердеги адамдар тургай багы дагы, тоосу дагы жат келет. Бул жерде эч нерсе жат эмес.

Бош убактыцызда кантип эс аласыз?

– Менде бош убакыт жок. Кечкиге чейин иштеп, андан кийин башка иштерге аралашам. Өзүмдү өнүктүрүү үчүн түнкү 1гe чейин окуйм.

– Кыргызстанда өзүңүз үчүн бизнес же борбор ачкансызбы?

– Эч качан жеке ишимди аралаштырган жокмун. Мында эч качан талаш-тартыш маселеси чыкпаш керек.

– Кыргыздардан жүрөгүңүзгө жакын дос күтө алдыызбы?

– Албетте. Дос болбосо бул жерде жашаштын да кереги жок.

– Кыргызстанды сиз жакын-кы жылдары кандай элестетесиз?

– Акыркы 7-8 жылдан бери Кыргызстан туруктуу жашоого өттү. Өнүгүү үчүн туруктуулук абдан керек. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн жакшы жетекчи жана дүйнөлүк тажрый-баларды билген жакшы команда керек. Жетекчилер ар дайым өзүн өнүктүрүп турушу зарыл. Эски доордо болгон иштерди кайталаштын эч бир кереги жок. Систейаны алмаштыруу процесси тынбай жүрүп турушу керек. Эң кыйыны логиканы алмаштыруу. Менин сунушум – Кыргызстанда логиканы кыска убакта алмаштыруу керек.

Булак: Ачык Саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *