Сегизбаев экстремисттер менен катуу күрөшөт

2010-жылдан бери өлкөдө террордук жана экстремисттик багытта кылмыш жасап соттолгондордун саны 79 адамдан 422ге көбөйгөн. Бул тууралуу БУУнун баңгизат жана кылмыш боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Сегизбаев интернетте экстремизмди жайылткандарга карата көзөмөлдү күчөтмөй болду. Билдирүүгө ылайык, экстремисттер азыр адамдарды өзүнүн уюмуна тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууда. Анын ичинде социалдык тармак, онлайн видеоканалдар, радикалдык багыттагы чаттар жана башка жолдор бар. Мындан улам, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери үчүн атайын окуу иш-чаралары уюштурулган. Анда соттолгондордун арасында экстремисттик идеологиянын жайылып кетпешин көзөмөлдөөчү ыкмалар жана идеялар талкууланууда. Семинар эки жумага созулмакчы.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *