Семетей эл аралык чеберлердин эсебин берди

Россиянын Челябинск шаарында «Мемориал А.Н.Панченко – 2017» аттуу эл аралык шахмат боюнча мелдеш аяктады. Мелдешке Россия, Украина, Чехия, Сербия жана Кыргызстандан Семетей Төлөгөнтегин баш болуп шахмат оюну боюнча 10 эл аралык чеберлер катышкан. Алар айлампа түрүндө бири-бири менен беттешип, жалпы 9 оюндан ойношкон. Биздин Семетей уулубуз бир оюндан гана тең чыгып, калган 8 мыкчыгердин эсебин берген. 8,5 упай топтоо менен эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталган. Экинчи орунду украиналык Вячеслав Борисенко, үчүнчү орунду россиялык Сергей Дрыгалов ээлешти.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *