Семетей Талас уулу, эркин журналист: “Жакында дагы бир «вор в законе» шайланат. Анын түрмөлөрдө авторитети абдан күчтүү”

Дөө-Чыңгыз эркиндикке кандай жол менен чыкты деп ойлойсуз?

-Сүйлөшүүлөр жолу менен чыкты да. Баягы Канат Исаевдин камалышындагы «эмгеги» эске алынып. Биротоло «эмгек сиңирген артист» наамын да берип коюшса болмок.

Түштүктө «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов камактан чыкты. Бул жакта «Дөө-Чынгыз», Камчы Көлбаев да эркиндикте. Мындан улам бийлик криминал менен бирикти деп ойлойсузбу?

-Бирикпесе да кызматташып жатат да. Шайлоодо булардын күчүнө таянышты. Мисалы Ош менен Нарын шаарларында, Көлдө криминалдын күчү менен эле добуш алгандай болушту.

-Бостериде жеке ишкерлерге басым болуп баштады. Бир жеке ишкердин рестораны өрттөндү. Камчынын таасири кайрадан күчтөндү десек болобу?

-Камчынын таасири кеткен эмес болчу. Ал мурдагыдай эле күчтүү. Бирок ушундай чектен чыккан балдарын тыйып койсо болмок.

-Бийлик криминал менен кызматташып, анча-мынча маселесин чечип калды ачык эле. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, аягы эмне менен жыйынтыкталышы мүмкүн?

-Ушундай жол менен кете беришсе Бакиев, Акаевдин тарыхын кайталашат. Эл да тажап калды булардан.

-Түрмөдө «Сакал» кайма­на аты менен таанылган Улан Токтосунов отурат. Ал да күчтүү жигит. Анын мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн? Анткени, бул жигитке карата «крест» коюлган деп «каралар» арасында сөз жүрө баштады.

-Билбейм тагдыры кандай болот? Бирок бул бийлик барда ал жакын арада чыкпайт. Ка­тары калыңдап жатканы менен быйыл дагы бир күчтүү кримавторитет «вор в законе» болуп шайланганы турат. Ал азыр кримдүйнөдө премьер-министр макамында. Анын түрмөлөрдө авторитети абдан күчтүү. Демек булардын арасындагы согуш эркиндиктен зымтордун ичине өтүшү мүмкүн.

Баян Көлбаев

Булак: Ачык саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *