Сербия поездге байланыштуу окуядан улам Косового аскерлерин жөнөтөрүн билдирди

Поездеги «Косово — бул Сербия» деген жазуудан улам Сербия Косово ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кете жаздады. Сербия президенти Томислав Николич албандыктар тараптан этникалык сербдерге коркунуч жаралса, Косового аскерлерин киргизе турганын билдиргенин Associated Press агенттиги жазды.

14-январда Сербия «Косово — бул Сербия» деп 21 тилде жазылган жана серб желегиндеги түстөр менен кооздолгон поездди Белграддан Косового узаткан. Чек арага жеткенде косоволуктар аны токтотуп, кайра Сербияга жөнөтүшкөн. Анда Косовонун лидери Хашим Тачи окуяны чагым деп атаган.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич Косовонун коопсуздук кызматын поезд барчу темир жолду миналоого жана поезддин машинистин камакка алууга аракет кылган деп айыптады. Косовонун бийлиги бул айыптоолорду четке кагууда.

Мурдагы серб автономдук аймагы эсептелген Косово өзүнүн көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. Сербия Косовону дагы деле өзүнүн аймагы катары эсептейт, бирок ошол эле маалда Евробиримдиктин ортомчулугу менен Косовонун бийлик өкүлдөрү менен диалогго барууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *