Сереп: Бабановдун жолу

Саясый жактан атаандашуу лидерлер үчүн күндө күтүлгөн күрөш. Ортодо коомчулук сынчы, тараза. Публикадагы ар бир саясатчынын кылган иши, сүйлөгөн сөзү, кыймыл-аракетинен бери эл астында бааланат. Ошого жараша упай топтолот, рейтинг аныкталат.

Учурда бийликти өзгөчө кооптондурган бир гана күч бар. Ал – Өмүрбек Бабанов. Негиздерин кандай өңүттө ачсак да, анын утушка бараткан багытын көрөбүз. Маселен, Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңешке шайлоолор 22 аймакта өтүп атса, РАЖ 21 жерден атсалышууга чыкты (КСДПдан башка партиялар РАЖга тең келе албай калганын бу жолку таймаштан баамдасак болот). Мунун өзү Бабановдун кулачы Кыргызстандын баардык аймагына кенен жеткенин түшүндүрөт.

Өткөн аптада КСДП фракциясы түзүп аткан коалициядан РАЖ баш тартып, өз алдынча саясый жолун аныктап алды. Албетте, бул – Өмүрбек Токтогуловичтин саясаттагы көз карашы. Ошого катар ал Конституциянын жаңы долбоорун аягына чейин колдой турганын, бийлик менен биротоло кол үзбөй “ымдашып” кете берерин билдирди. Эгер Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев сыяктуу ал дагы Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыкса, президент Алмазбек Атамбаев менен мамилесин бузуп алмак, мындай кыйчалыш кырдаалдын кереги жок экенин жакшы билет. Аныгында, парламенттеги береги үч саясатчы карама-каршы жээктеги оппозициялык күч катары таанылганы менен бийлик машинесине туруштук бериши кыйын. А каарманыбыз болсо, коалициядан сыртта калган оппозициялык фракция катары конструктивдүү жолду тандап, “чабал өрдөк мурда учат” болгон жок. Айтмакчы, илбирс аңчылыкка чыкканда жемин алыш үчүн үч күн, үч түн болсо дагы былк этпей ордунда жата берген сыңары, келечек ыңгайын күткөн Ө.Токтогулович сабырдуулугу менен жеңишке жетүүгө баратат. “Ортодогу алтын сызыктуу жолду” тандаганы да бекеринен эмес го…

Өмүрбек Бабанов саясатта биттин ичегисине кан куйгандай эле такшалуу баскычтарынан өттү. Акаев доорунан эле коомдук иштерге аралашып, ошого катар бизнесин кыйла өркүндөтүп, депутаттык мандат үчүн да багын сынаган. Кийин Бакиев режиминин тушунда, 2006-жылы “Реформа үчүн” кыймылына кошулуп, саясаттагы тушоосун кескендей болгон. Аянттагы толкуган элдин астында сары футболкачан жаш жигиттин жалындуу сөздөрү күнү бүгүнкүдөй элдин эсинде. Ошондо чоң күрөшкө чыйрак, күчтүү лидердин келатканына күбө болгонбуз. Көп өтпөй 2007-жылы Ө.Токтогулович КСДПнын №1 тизмеси аркылуу парламентке аттанат. Ага чейин бийликтин кысымына бир топ туш болуп, бизнесине да басымдар жасалып келген. Тилекке каршы, тагдырдын сыноосу кайрадан аны жерге чабат. “Казак жараны” деген айып менен ал талапкерлигинен кол жууйт. Ошентип, кагылып-согулуп жүрүп, акыры Максим Бакиевдин тилин табууга аргасыздык жараткан шарт түрткөн, убактылуу болсо да 1-вице-премьер-министрлик кызматка көтөрүлөт. Бирок, алдыдагы саясаттын капсалаңын сезе билген жаны 2010-жылдагы 7-апрелге чейин эле кызматын Акылбек Жапаровго өткөрүп берип, бизнесине шылтоолоп четке чыга берген.

Кийинки жеңиштери элдин эсинен кете элек. 2010-жылдагы парламенттик шайлоого карай өлкөдөгү капчыктуу, тың жаштарды чогултуп, “Республиканын” туусунун астында аламанга аттанат. Үзүрү жакшы болду, марага үчүнчү болуп келди. Кайрадан 1-вице-премьер, андан соң премьер-министрлик кызматтарды аркалады. Бул убактарда дагы эчендеген саясый оюндарга кабылып, убактылуу түрдө интригалардын курмандыгы болгону менен эч бир моюн бербестен, жыгылса да бутуна туруп, саясаттан убактылуу чегинип турууну туура көрдү. Эң башкысы, ал тажрыйба топтоду, жаңылган кадамдары сабак болду. Өсүү жолунан тайган жок. “Өкчөсөң эле айкүр турат” дегендей, 2015-жылкы парламенттик шайлоого “Республика – Ата Журт” партиясы менен аттанды. Камчыбек Ташиев менен тандем болгону, андан сырткары, электораты бар, акчалуу жаштарды өзүнө тарта алды. Башка партияларга салыштырмалуу аламан жарышта стратегия, тактикалары күчтүү экени, амалдуулугу айрыкча байкалды.

Натыйжада, бүгүн Бабанов эч кимге көз карандысыз саясатчы. Атамбаев менен теңата эсептешип, жеке позициясынын бекем экенин тастыктоодо. Эл астында упай алганды жакшы билет. Керек болсо, резинка өтүк кийип, дыйкан талааларын аралап кетмей жайы бар. Анын сырткы келбети, харизмасы, тынымы жок эмгекчилдиги – жогорку артыкчылык экенин билебиз. Жаш туруп саясый ийгиликтердин дээрлик баардыгын багындырды. Эми бир гана президент болуу, мамлекетти башкарууну толук кандуу колго алуу үчүн жан үрөп иштеп атат. Мындай шартта тигил же бул күчтөргө кошулуу — түпкүлүгүндө аброй апкелбесин билет. Буга чейин бийлик да, оппозиция да Бабановду өзүнө тартып көрүү үчүн кыйла амалдарды жасады. Жыйынтыгында, баарынан сылык түрдө баш тартып, өзүнүн келечекке карай потенциалын анализдеп, күчтүү лидер катары багытынан жанбай келатат. БӨТтүн күчтүүлүгү эмнеде? Биринчиден, адамдарга жугумдуу, өзүнө керектүү фигураларды тарта билет, кооз сүйлөйт, кандай гана кырдаал болбосун элди ынандыра алат. Экинчиден, Кыргызстандагы баардык саясатчылардан бай, кандай шарт болсо дагы акчанын күчү менен максатына жете алат. Үчүнчүдөн, жетекчи катары бышты, ички маданияты бийик, интеллектуалдык деңгээли жогору. Санай берсек артыкчылыктары арбын эле…

Кийинки жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов президент Алмазбек Атамбаев менен ачык эле сүйлөшүшү мүмкүн. “Мен дагы бактымды сынап көрөйүн, мыйзам чегинде, саясый маданияттын үлгүсүндө күрөшөлү, утулсам жер көтөрөт, утсам кыргыз элин башкарам” деген кыязда. Албетте, мындай шартта бут тосуулар болбой койбойт. Эгер бийлик Бабановго кылмыш ишин козгоп, камоо үчүн багыт алса, анда Кыргызстанда саясый туруктуулук бузулат. Атамбаевге каршы күчтөрдүн баары түп көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Себеби, өч алуу үчүн ыңгайын күтүп жаткан “көзкамандар” арбын. Кала берсе, оппозиция талаасында күчтүү лидердин чыкпай атканы, ошон үчүн бытыранды болгон топтор улам эле камакка алынып, аларды эл ээрчибей келгенин моюнга алалы. Саясатты сымап сымал бир орунда турбаган кубулуш сыңарындай элестетсек, кокус эртең Бабановго куугунтук башталса дагы эл колдойт. Президенттик шайлоого аттанса да көпчүлүк катмар добушун салып берет. Себеби, БӨТ буга чейин коомчулук астында өзүнүн саясый брендин жасап койгон. Ал эми бийлик кадрларынын ичинен мураскер катары “жарк” эткен саясый жүздү көрбөй атпайбызбы. Ким туруштук бере алат? Балким, административдик ресурска ишенген айдатма талапкер чыкса, баягылардын бири катары элдин астында күлкү болушу ажеп эмес. Буга чейин күбө болуп келдик го, Акүйдүн таптаган жаш кадрлары мамлекеттик жогорку кызматтарга даяр эмес экени, иштей албаганы менен ачыкталып калбадыбы!

Ток этери, Бабановду миң жаман көрсөк дагы, канчалык кылдан кыйкым издебейли, анын саясаттагы таасирине туруштук берүү кыйын. Кааласак-каалабасак да ушундай, жөргөмүштүн желеси тартылып калгандай образды элестете бергиле. Акыры амалкөй жана күчтүү лидердин астында түндүк-түштүк тыңчыкмалары кызматташуу үчүн моюн сунушат го…

Эске салсак, буга чейин Атамбаев электораты бар белдүү, капчыктуу саясатчыларды катар-катар “сындырып”, түрмөгө камачусун камап, жолду тазалап салган. “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, Бабановдун босогосуна Жараткандын буйругу келип канган жокпу?..

Арстан Алгырбеков   

Булак: “Азия ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *