Шаардык милиция бир катар уурдоо фактыларынын бетин ачышты

Биринчи май РИИБне Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 1-4-январь күндөрү жаңы конуштардын биринде жайгашкан үйдүн жанынан белгисиз адам эки даана аккумулятор уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуга жалпы суммасы 20 000 сомдук чыгым келтирилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 37 жаштагы М.Т. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Октябрь РИИБне жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2017-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында жайгашкан интернет клубдардын биринен белгисиз адамдар 4 даана видеократты уурдап кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы И.Н. жана О.Э. аттуу тургундары кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иштери козголуп, иликтөө иштери уланууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *