Шадиев 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Өкмөттүн бардык тапшырмаларынын аткарылышын камсыздоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, энергетикалык компаниялар кыштын эң суук күндөрүндөгү милдетин аткарууга өз убагында жана сапаттуу даярданганына байланыштуу, жылытуу мезгилинен баштап энергетика тутуму стабилдүү иштеп келе жатат. Буга катар Токтогул суу сактагычында суунун ашып кеткенине байланыштуу жана Өкмөттүн өз убагында аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча  кабыл алган чараларына ылайык, электр энергиясын берүү ички рынокто гана эмес, кошуна мамлекеттерге дагы экспорттоо камсыздандырылган. Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы 13-декабрга карата 18,4 млрд куб метрди түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 2,0 млрд. куб метрге жогору эсептелет.

«Эң негизгиси, биз Өкмөттүн «Жаңы доорго  кырк кадам 2018-2023» программасынын чегинде жылытуу, ысык суу менен жабдуу жана азык даярдоо максаттарына электр энергиясын пайдалануу укугу менен техникалык шарттарды берүү боюнча чектөөлөрдү алып сала алдык. Ушул чаралар биздин өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Аскарбек Шадиев.

Буга катар биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, чектөөлөрдү алып салуу энергия жабдууларына болгон жүктөмдүн жогорулашына алып келет. Буга байланыштуу ал бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы энергия компаниялары менен бирдикте бардык энергия компанияларга кыш мезгилинде келүүчү жүктөмдүн бийиктигине карата милдетти аткаруу боюнча алардын даярдыгын камсыздоо максатында жабдуулардын техникалык абалын контролдоону күчөтүүсү тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Аскарбек Шадиев билдиргендей, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери 2017-жылдын жыйынтыгына карата электр энергиясын жоготуу деңгээли боюнча Өкмөттүн тапшырмасын милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Өкмөттүн ушул тапшырмасы аткарылбаган учурда компаниялардын жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселе каралат.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, бардык бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар боюнча 11,8 млрд сом суммасындагы төлөм чогултулуп, план 100,3% аткарылган, бул болжол менен 1,4 млрд сомго жогору.

Биринчи вице-премьер-министр республика боюнча отун даярдоо маселесине басым жасап, жыл соңуна дейре көмүр ташуу графиги аткарылышы керектигин белгиледи.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте калк үчүн көмүр баасын орнотуу, анын ичинде отун базаларындагы жана чекене соодадагы баа маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуусу тийиш.

Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүүсү жалпысынан графикке ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *