БШК убакытты созбостон Аскар Шадиевдин депутаттык мандатын алсын

Түрмөгө отура турганын кимдир бирөөлөр кулагына жакшылап шыбырап коюп, натыйжада Кыргызстандан чыга качкан «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди мандатынан ажыратыш керек. Козголгон кылмыш ишине ылайык келсе эле камала турганын билген Шадиев жакын арада келбейт. Демек, БШК убакытты созбостон, Аскар мырзанын мандатын башкага бериши абзел. Мына эл арасында Шадиевдин баш айланткан мүлктөрү бийликке таасирдүү адамдардын карамагына өтүп жатканы айтылууда. Маселен, “Боорсок” деген аталыштагы супермаркеттер тармагы кимдир бирөөгө «белек» болуп кетиптир.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *