Шайлоо астында Атамбаев өзүнө оор сыноону алганы турабы?

Бир айдан бери Чыныбай Турсунбековдун жоругу, өз көлөкөсүнөн коркуп жүрчү коёнек кокусунан эле алп арстанга, өз алдынча саясый фигурага айланып, атүгүл ажосу Атамбаевге, анын КСДПсына да тиш кайрай баштаганы коомчулукту таң калтырууда. «Бул президенттин оюну эмеспи, Чыныбайды ал өзү «шайлоого катыш» деп шыкактап жаткан жокпу?» деген суроо да пайда болбой койбойт. Бирок, ошол замат дагы бир суроо туулат: «Эгер бул интриганын артында чындап эле Атамбаев өзү турган болсо, анда ага мындай оюндун эмне кереги бар? «КСДПга чыккынчылык кылдың» деп Турсунбековду партиядан кууп, спикерликтен кетириш үчүнбү? Мындан КСДП кандай пайда табат?» таризинде түкшүмөлдөр…

Бул суроолорго жоопту Атамбаевдин Казань шаарындагы интервьюсу берип тургансыйт. Ал «сентябрь айында өкмөт алмашат» дегенде биз «декабрды сентябрь менен алмаштырып алды го» деп ойлогонбуз. Эмне, президент чындап эле сентябрь айында өкмөттү алмаштырганы жатабы?

Көз каранды эмес ЖМКлардын биринин жазганына караганда, жакында Жогорку Кеңештин кезексиз, өзгөчө сессиясы чакырылып, анда Чыныбай Турсунбековду спикерликтен кетирүү маселеси каралат имиш. Эгер бул маалымат чын болсо, анда парламенттин спикери ким болот? Премьер-министрлик креслону ким ээлейт? Жаңы коалиция кандай курамда түзүлөт? Фракция лидерлери кызматынан кетип жаткан президентти угушабы? Атамбаев спикерликке жана премьер-министрликке өзүнүн ишенимдүү адамдарын коё алабы? Деги эле чоң өзгөрүүлөр астында, айталы, кетип аткан президенттин акыбалын элестетип көргүлөчү? Анын жеке тагдыры жана мамлекеттин абалы туңгуюкка кептелбейби? Албетте, ойлонто турган суроолор…

Мындай кадам күтүүсүз натыйжаларга, башаламандыкка алып келет. Президент алмашаарга бир ай калганда Иса Өмүркулов, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, «Кыргызстан» фракциясы өз ара сүйлөшүп, жаңы коалицияны КСДПсы жок эле курап, өздөрү каалаган спикерди, премьер-министрди шайлап алуулары мүмкүн да. Сооронбай Жээнбеков болсо президенттикке шайланбай калышы ыктымал. Фракция лидерлери мындай майлуу кызматтар үчүн дипломатичный кереметин көрсөтүп, оңой эле тил табыша алышат. Анан калса, жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын бирөө-жарымы премьер-министр болуп шайланса, анын депутаттык мандаты сакталат. Эбегейсиз бийликке ээ болуп, Жогорку Кеңештин алдында гана отчет берет.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *