Шайлообек Дүйшеев, акын: Жалгыз канат кушу бар, жалганда жалгыз ушу бар

Кыргыз эл жазуучусу, көркөм кара сөздүн чыныгы чебери Асанбек Стамов өзүнүн “Хан Тейиш” романынын бет ачар сөзүндө: “Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы классика, бирок мен аны туураган жокмун. Кала берсе мен ал романдын кемчилигин да көруп турдум.

Роман совет доорунда жазылгандыктан анда таптык жиктелүү бар. Ошондой эле “Сынган кылыч” баштан аяк реалисттик планда жазылган. “Хан Тейиште” романтика, лиризм, шарттуулук, кереметтүүлүк жагы ашып турат. Мындай учурлар “Манас” баштаган кенже эпосторубузда, жомоктордо баштан аяк учурайт. Кыргыз турмушунда гениалдуу оозеки адабияттын үлгүсү жашап турганы мага чоң жардам берди” деп жазган.

Буга далил катары Стамовдун “Хан Тейиш” романындагы “ӨГӨРӨК” деген кереметтүү куш жөнүндө эскергим келип турат. Мындан бир топ жыл илгери мен кыргыздын аттуу-баштуу эле бир жазуучусунан “Манасты” окудуңуз беле?” деп сурадым. Ал мени “дени-карды сообу?” дегенсип бир топко карап турду да, “Манасты” кантип окубайын” Окусаңыз “Манастагы” “Өгөрөк” деген куш бар экенин билесизби?” десем, бир топко ойлонуп туруп, “билбейт экемин” деди. “Анда жакшы окубапсыз” дедим.

Асанбек Стамов романында мына ошол “Өгөрөк” тууралуу:

Ашуу ашуу өткөндө,

Ак карлуу төргө жеткенде.

Асманды тиктеп үн салган,

Армандуу көзүн муң чалган,

Өгөрөк—деп коюшат.

Жалгыз канат кушу бар,

Жалганда жалгыз ушу бар.

Уча албайт көккө жеке өзү,

Жарымы келсе биригип,

Жабышып учат экөөсү,-деген саптарды мисал келтирет.

Байыртан эле элдик эпостордо, уламыштар менен жомоктордо эл өзүнүн сүйгөн каармандарын эч качан өлүмгө кыйган эмес. Аларды жалган сөздөр менен жаман көздөрдөн сакташ үчүн эмнелерди гана ойлоп таппаган. Андай жакшы адамдарынын жанын кырсык жете албасын деп жети кабат жердин алдына жашырган. Бут баспаган, куш барбаган аска-зоолордун ичиндеги үңкүргө, үнкүрдүн ичиндеги эчким ачалбаган сандыкка, сандыктын ичиндеги жумуртканын ичине салып каткан. Кээде Кошой, Каныкей, Семетей өңдүү каармандарын өлүмгө кыйбастан кайып кылып жиберишкен. Ал эми Эр Төштүктү кыргыздар жети баштуу Желмогуз кемпирден жашырып, жанын өгөөгө катканын билебиз..

“Манаста” “Өгөрөк” куш жөнүндө жогорудагы ыр саптарынан башка эчнерсе жок. Бирок Асанбек Стамов өзүнүн кудайдан алган талантынын күчү менен, бай фантазиясынын күчү менен окуган адамды ойдон ойго салып, бир гана айылдын же уруунун эмес, бүтүндөй элдин коргоочусу болгон, кыргыздын жаны болгон “Өгөрөк” куш жөнүндөгү эң сонун баянды көз алдыбызга тартат.

Анда сөз ошол баянда.

… Илгери, илгери бир өткөн замандарда кыргыздын колдогон пири—эки баштуу, жалгыз канат куш болгон экен дешет. Куш туубаптыр, тукуму да болбоптур. Эки башын эки жагына каратып алып, Көктөн Жерди карап, кыргыз эли Жер жарыктыктын кайсыл тарабына оосо, ошол тарабын көздөй учуп, боло жүргөн кырсык менен келе жүргөн алааматтан сактап жүрчү экен. Анда деле кыргыздар жылдыздай чачырап, эң эле көп чөлкөмдү ээлеп жатчу тура. Өгөрөк куш пейили таза, нарк-насилдүү, салт-санаалуу элин кокусунан душман келип кырып кетпесин деп, үстүнөн көрүнбөй айланып, көз салып учуп жүрө берет..

Канча айла-амалдардан кийин душмандар кыргызды кырсыктан сактаган Өгөрөк экенин, кыргыздын жаны ушул кушта экенин билип алышып, эки баштуу куштун артынан аңдый башташат. Аңдыган ажал албай койчубу? Канчалык сактыгына карабастан, бир чымчым жем, бир ууртам суу үчүн Жерге конгон маалында кушту кармап алышат да, эки баштын тең ортосунан бөлө чаап ташташат. Бөлө чабылган куштун бир башы бир жак ыптасына, экинчи башы экинчи жак ыптасына кеткен менен өлбөй калат. Бири-биринен өтө эле алыс түшкөн куштун бир башы экинчи башын сагынып, эңсеп, муңканып, бирин-бири издеп сайрай берет. Акыры бири экинчисин көздөй деңизден деңиз кечип, ашуудан ашуу ашып, чөлдөн чөл кезип, капталы менен жылып олтуруп, акыры табышып, жанаша калып денеси денесине жабышып асманга учуп чыгышат. Учуп чыгаары менен кайрадан эли, жерине кырсык жолотпой кайтара баштайт. Кыргыздардын кайрадан ынтымактуу болуп, күчтүү болуп, гүлдөй баштаганын көргөн душмандары кайрадан баш көтөрөт. Өгөрөк куш тирүү турганда кыргыздар эч качан бөлүнүп-жарылбай, бир ханга баш ийип, бир эл, бир журт болуп, дүйнөнү суктанткан өлкө болуп жашай бергени ниети бузуктарга жакпайт.

Ошондо калмагыбы, манжуусубу же дагы башкасыбы, Өгөрөк деген куш кыргыз элинин пири экенин, кыргыз элинин жаны экенин түшүнүп, кушту аңдып жүрүп кайрадан кармап алышып, бул ирет өлтүрүп туруп сөөгүн өрттөп жиберишет. Ошондон тартып кыргыз эли туш-тушка чилдей тарап, өзүнчө өлкө боло албай азап чегип калган дешет…

Карагай чер, токойлордо, тоолордо,

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?

Өйүз-бүйүз кыр-кырларда, жондордо,

Өзөн барбы кыргыз каны акпаган?— деген сай-сөөктү сыздаткан арман ыр ошондон баштап чыккан экен”—деп аяктайт Асанбек Стамов.

Мен Асанбек Стамовдун “Хан Тейишин” окуп жатып, ар кандай керемет түштөрдү да көп колдонорун көрдүм. Бул эми бардык эле жазуучуларда боло жүргөн ыкмалардын бири. Бирок ким кандай деңгээлде колдонот, кеп ошондо.

Ушул түшкө байланыштуу бир окуя эсиме түшүп жатат. Ал 2005-жылкы революциядан кийин, Бакиев жаңыдан бийликке келген жылдары болгон.

Мен “Азаттык” радиосунда иштечүмүн. Бир күнү эле биздин жетекчибиз: “Жазуучуларды Бакиев кабыл алат экен, сиз барып кабар жазып келиңиз?—деп жөнөттү. Бардым. Президент Бакиевдин кабинетине Жалил Садыков, Төлөгөн Касымбеков, Майрамкан Абылкасымова, Омор Султанов, Асанбек Стамов дагы башка атактуу акын-жазуучулар киришти. Сөздү адегенде эле Асанбек Стамов баштады. Мен ичимден “эмне үчүн сөздү жазуучулардын жашы улуусу баштаган жок?” деп ойлодум. Көрсө ушул өңдүү топ бузчу жерде, өзүнүн “Хан Тейишиндеги” термин менен айтканда “жоо саяр” кезде эрөөлгө эң биринчи Асанбек Стамов чыгат экен. Жазуучулар да таш дубалды бузуп бергенге адегенде Асанбек Стамовду салып, анан дубал бузулгандан кийин жабылып, ат коюп жөнөп бергенге жедеп көнүп бүтүшкөн экен. Асакем сөзүн ошондо түндө көргөн түшүнөн баштады.

-Курманбек Салиевич, мен түндө адаттан башкача бир түш көрдүм. Сиз келишкен ак боз ат минип кетип баратыпсыз. Болгондо да булутсуз көктүн асты менен, ак мөңгү баскан тоонун үстү менен. Жарыктык аттын туягы тоолордун учтарына тийип-тийбей, тийсе тим эле от жаркылдап, жылдыз болуп чачырап, учуп чыгып, айланага тарап жатты. Биз турган жер күндүзгүдөй жарык болуп турду. Эки тизгин, бир чылбыр колуңузда, буттарыңыз күмүш үзөңгүнү ишенимдүү тээп алган экен,-дегенде эле, Бакиев балбырап, денесине батпай, толуп-ташып, тили ээринине чыга калып, кайра кирип, “эмне сурасаңар ошону берейин” дегенсип, таптакыр эзилип туруп берди.

Андан кийин жабыла “ат коюп” Жакебиз да, Төкөбүз да, Майрамкан эжебиз менен Омокебиз да жаңы президент тууралуу жакшы каалоо-тилектерин айтышты анан баары туруп, Бакиевге Бакай калпак кийгизип, ала селген ак кементайды жабышты.

Көрсө жазуучулар ушундай ыкма менен союзга акча, мине турганына машина жана башка кем-карчтарды сурап алып турат экен. Бир ойлосоң, бул, байыртан бери эле ата-бабалардан келаткан нерсе экен. Бакиев ошондо жазуучулардын бардык маселелерин чечип берүүгө убадасын берип, ыраазы болуп коштошту.

Мунун баарын мен кийин түшүндүм. Көрсө Ак Үй аркылуу чечиле турган чоң маселелерди чечүүгө келгенде казуучулар союзу Асанбек Стамовду алышчу экен. Деги эле кандай гана тштер болбосун, кыргызда ушундай эаатыр, эр жүрөк адамдар элдин тагдыр чечер маселесинде өзгөчө роль эйногону белгилүү. Айрыкча эл башында турган адамдардын алдына селип ушундай түйүндүү маселелерди течерде сөздү жүйөө менен айта билген, кеби өтө турган, кааласа кадыры ленен карды ээрите турган кишилерди салган салтыбыз болгон тура маркум Асанбек Стамов дал ушундай адам болгон.

Мен эми Асанбек Стамовго арнаган ырымды окуй кетейин.

Асанбек Стамовго

Көрө жүргөм, көрөрмүн деп багымдан,

Көр турмуштун көйгөйүнө багынгам.

Көчүп-конуп, баш калкалаар жайым жок,

Көрүнгөндүн үйүн жалдап табылган.

Алды-арты жок жашап жүргөн кезимде,

Алып келген мени Стамов Нарындан.

Өлөп-жөлөп тартпаса да сырымды,

Өзумдөн да жакшы көрчү ырымды.

Өзгөлөргө теңечү эмес Турарды,

Өзү дагы Турарга окшоп жыгылды.

Журөгундө карасы жок эр эле,

Жугөну жок жөөлөп турган кылымды.

Стакеңдей баштап алып чыгышчу,

Стамовду “найза” кылып сунушчу.

Ал танк болчу, сүйлөгөндө тарыхтан,

Асанбекти баары муюп угушчу.

Арт жагында Мелис, Сейит, Төлөгөн,

Жалил, Майраш ж.блары турушчу.

Ак Үйду ал каалагандай “кеччү” эле,

Анатайга там алперген дешчү эле.

Акаевди сагыз кылып чойгулап,

Бакиевди сары майдай эзчү эле.

Жайыл тургай, Жазуучулар союздун,

Жалгыз “өзү” маселесин чеччү эле.

Керек кезде селин тостуң тосоттун,

Керек кезде отун кечтиң тозоктун.

“Жарым пааша” Киселевго тиш салып,

“Москвалык десанттарды” мокоттуң.

“Жайыл” атап орус атын, Чүйдү сен,

Калмактардан бошоткондой бошоттуң.

Өлум тура өрттү өрт менен өчүргөн,

Өрт өчкөндөй ажырадык өзүңдөн.

“Кармашчу жер” кадимкидей бош калды,

Кабылансыз жаман экен өкүнгөн.

Чалканбайлар топо салып, ошондо,

Калканбайлар “көкжалым!” деп өкүргөн.

“Талкалаарда” жаат кураган кездериң,

Тарыхты издеп ташты-кумду кезгениң.

“Стамовдун болгону үчүн жанында,

Кондучалова мыкты болгон” дешкенин.

Маданият дүйнөсүнүн мастери,

Мартабалуу кездериңди эстедим.

Жазмыш деген эчким билбес белет го,

Жалын дагы түшө бербейт жөн отко.

Жазуучунун таланттуусу дүйнөгө

Жараткандын буйругунан келет го.

Куйручуктун бала кезде батасын

Кудай дагы бекер берген эмес го.

Жамгыр-бороон, жайды-кышты эч билбей,

Жазгандарың жалгызсыбай, эскирбей.

Жарык нурун чачып турар элине,

Жакшы кунгө келип-кетчү мезгилдей.

Унутулбай жашай берет Стамов,

Унутууга акысы жок эчкимдей!..

Китептин аягында жанындагы небереси Бишкекке:

-Чоң ата, коркпоңуз, өлүмдөн.

Сиз аябай көп жашайсыз,-деди.

Бишкек ошондо:

-Уулум мен өлбөйм, мен жашай берем. Менин өлгөндөн кийинки өмүрүм сенин жашыңа байланыштуу. Мындан ары сен канча жашасаң, мен ошончо жашайм. Чоң аталар небереси өлмөйүнчө алардын эскөөнүнөн эч качан кетпейт. Сен жүзгө чык берекем,—деп айтат.

Анан небереси төмөн жакты көрсөтөт. Бишкек баатыр түптөгөн кыштакта сансыз оттор жайнап турган экен,— деп роман аягына чыгат.

Булак: «Багыт»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *