Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны: “Өсөөр эл өзүм дейт, өчөөр эл өзүн жейт”

—Шаке, “Шакен азган” деген китебиңди окуй элек элем, жакында окудум. Аны Мекенине күйгөн акындын эли-жерим деп санаа тартканы, азган-тозгон ойлору, асанкайгысы деп түшүндүм. Анан рубрикабызды китебиңдин аты менен “Шакен азган” деп атадым. Буюрса ырларыңды гезитибизге басып турсак дейм. Жакшы ыр жандүйнөгө эм болот эмеспи. Эми эл сурайын дегенди озунуп мен сурайын, азыр эмне кылып жатасың?

—Буюрса эки жылдан кийин 70ке чыгам, китеп даярдап жатам.

—Биз да карыган экенбиз.

-Карыдык, Бакен. Адам карыбай коё албайт турбайбызбы. Шашпай карысак деген элек, болбойле экөөбүздүн отуз жылдык өмүрүбүздү эгемендик деген жеп кетиптир. Бишкекке келгенимде 33 жашта элем. Сегиз жылдай мурун жазуучулар менен өлгөндөн кезигип, сүйлөшүп турсак, бири  сурап жатпайбы, “Ии, 60ка чыккан кандай болот экен?” деп. Алдыбызда кечээки эле солкулдаган жигит кезин бир заматта таппай калган Бексултан Жакиев менен Төлөгөн Мамеев агаларыбыз бараткан. Ошолорду көргөзүп,“60 кандай болорун тетигил 70ке чыккан чалдардан сура?” дедим. Андыктан 70 кандай болорун чыккандан кийин айтайын. Мындан 27 жыл мурун казак тилинен кыргызчалатып, “Кайдыгерликтин” 1-басылышына кирген Мухтар Шахановдун “Карылык тууралуу аңгеме” аттуу төмөнкү ырынан үзүндү окуй кетейин.

Карылар бар аргымагы сай жарган,

Жигерине бир силкинткен талааны.

Сулуулукка суктануудан калган жан,

Чын баарынан калары.

 

Жер бетинде жел өчүргөн из азбы,

Жигерсиздин өрүш жолу тар болгон.

Отузунда кемпир болгон кыз азбы,

Жигит азбы отуз беште чал болгон?

 

Ким жаш, ким карт, мезгил өзү иликтээр,

Эр көбөйсүн жолдош кылган кыялды.

Карылык—оттун азаюусу,

Оту азайган жигиттер,

Качан болсо коом үчүн зыяндуу,-деген эмес беле.

—Эмнеге эле президенттердин баары сени жакшы көрүшөт? Эл алчу сыйлыктарды бизге бербей, баарын жалгыз эле Дүйшеевге берип койду деп ичи өрттөнүп, күйүп жүргөндөрдү көп көрчү болдум. Буга эмне дээр элең?

—Орус адабиятчылары 70-жылдары бир ооздон “азыркы күндүн Пушкини” деп атаган мыкты акыны Юрий Поликарпович Кузнецовдун 80-жылдары бир топ ырын кыргыз тилине которуп жарыялагам. Сурооңо ошол акындын өзүм которгон ыры менен жооп берейин.

“Ал ким экен? Кудай бекен? Энеңди!…

Жазгандарын жазыш керек жамандап!”

Адамдардын көралбастык дегени,

Ич тардыгы бычак кайрайт жалаңдап..

 

Мейли алар да токсон, жүздөн кем калгыс,

Чыксын жашка, калбайт бирок катарда.

Кузнецов деген менмин. Мен жалгыз,

Калганы бүт—жалган жана жасалма!-

деген болчу. Кузнецов тирүү кезинде ырларымды которуп, Москванын “Молодая гвардия” басмасынан жарыкка чыккан жыйнакка жарыялаган. Юрий Поликарпович кезинде Россиянын Мамлекеттик сыйлыгын баш кылып, Эл арлык бир далай сыйлыктарды алган. Бирок “Эмне үчүн аны Пушкин дейсиңер? Эмне үчүн сыйлыктардын баарын эле Кузнецовго бере бересиңер?” деп орустун бири да айткан эмес.

Баратбай, айрыкча сен экөөбүздүн муун, бизден кийинки дагы  бир топ муун аренадан биротоло кетип, бардык тармакка акниет, таза, билимдүү муун келмейин өлкө катары да өспөйбүз, көр албастыгыбыздан да ажырай албайбыз. Мынча болду Мухтар Шаханов Кыргызстанда элчи болуп турган кезинде мынабул ырды жаздым эле.

Шаханов ат көтөрө алгыс акын,

Шаанисин кайран казак тангыс акын.

Казакта Мухтар аттуу эки дөө бар,

Кыргызда Шайлообек дөө жалгыз акын!

 

Бар болсун деп казактын катарында,

Бата кылам кыргызга жатарымда.

Кыргыз деген эт жеген карышкыр го,

Карышкыр го эт жеген казагым да.

 

Карышкырбыз, чын эле карышкырбыз,,

Каныбызда канат бар карышкырдык..

Кыргыз болуп кубулуп тоону кезип,

Казак болуп талаада агып турбуз.

 

Кара жердин бүткөнбүз толтосунан,

Кара дөөнүн алганбыз колкосунан.

Кара мышык өтпөсүн, кара мышык,

Казак менен кыргыздын ортосунан.

 

Айтканымды агатай күнөө дебе,

Аргымакты болбостур күнөөлөгө.

Шаханаов да казакта бирөө болсо,

Шайлообек да кыргызда бирөө эле!-деп.

Мен президенттер мага үйдү да, Мамлекеттик сыйлыктар менен наамды да корккондорунан же көркүм үчүн беришкен эмес, чыгармачылыгым үчүн беришти, карандай мээнетим үчүн беришти. Алгысы келгендер жакшылап жазсын да каалаган сыйлык-наамдарын ала беришсин. Мисалы “Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз” деген ырым башкы редактору Талант Конокбаев болгон агездеги “Мугалимдер газетасына” басылып чыккан. Талант иним Шералынын чокоюндай болуп: “Байке биздин гезит сиз үчүн акжолтой болгонун эсиңизден чыгара элексизби?” деп дайыма эскертип турат. “Сенин ырыңды эл менен жолуккан жерде Акаев жатка айтып жүрөт, радиодон уктук” деп мага айтып келгендер болушту. Ичимден ыр Акаевге жаккан тура деп кубанып койдум. Анткени анда: “Кыргыздар жер-жерге бөлүнбөгүлө? Бөлүнүп-жарыла берсеңер, акыры душмандын эмес, өз колуңардан өзүңөр өлөсүңөр. Бириңдин көзүңдү бириң оесуңар. Бириңдин сөөгүңдү бириң кое албай талаада каласың. Кыргыз өлсө бөлөк-бөтөндөн эмес, бөлүнгөндөн өлөт!” деп, тээ байыркы Бакай бабабыздан бери эле “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнсөң, бөлөк элге кеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөрүлөр келип жеп кетет” деген, же болбосо “Бөктөргү кушту учкан жейт, бөлүнгөн журтту душман жейт” деген түбөлүктүү түгөт ойду, улут болуп уюп бүтмөйүн айтыла берчү, жазыла берчү, какшана берчү мүшкүл ойду айткан элем. Жакында маркум Дооронбек Садырбаев агабыздын “Даанышман” аттуу китебин окуп олтуруп, анын казактын кеменгер уулу Динмухаммед Ахмедович Кунаевге барып жолукканын, кетеринде Кунаев Докеме: “Кыргыздын душманы кыргыз, ушундан сак болгула!” деген сөздү айтканын эстеп, менин ырымды да, Докемдин биз үчүн жазып келген Кунаевдин бүтүндөй бир кыргыз жери көтөрө алгыс керээз сөзүн да уккан адам болбогонуна жаным сыздап, айнектей бычырап, таштай талкаланып олтурам. Атаганат, мугалим болсом ушул “Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз” деген ырымды мектептин ар бир окуучусуна жадыбалдай жаттатат элем. Кыргыз эл артисти, театр менен кинонун жылдызы Жамал Сейдакматова эжекебиз бул ырды сахнага укмуштай үнү менен окуп чыкканда, залдагы эл муюп, дымып  угар эле.

Кайран эл ай, кайран эл караңдаган,

Каатчылыктан кабагы салаңдаган.

Калкты бөлүп жатышкан кара беттер,

Кас экенин билбестен алаңдаган.

Калкан болуп кыргызга туралбастан,

Канжыгадай бөлүнгөн тарам-тарам.

Кайран эл ай, кайран эл карандаган!

 

Уулдарыңды карачы, аяп койгон,

Урмат менен бийликке таяп койгон.

Өтүктөрүн төргө илип бүгүн алар,

Өз элине өздөрү манап болгон!

 

Уулдарыңды карачы, алгыр болгон,

Убадасы жыртылып калбыр болгон.

Кылгылыкты кылышып бүгүн алар,

Өз элине өздөрү айгыр болгон.–деген саптар бар эмес беле анда.

-Андан кийин “Эл акыны” деген наамды Бакиевдин өзүнөн албадыңбы?

-Ооба, ал кездеги Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасынын орунбасары Болот Шердин кызылдай аракети менен “Эл акынын” мен, Анатай Өмүрканов, “Эл артистин” Түгөлбай Казаков, “Эмгек сиңирген ишмер” наамын Кыялбек Урмамбетов төртөөбүз алганбыз. Болот болбосо балээни да алмак эмеспиз. Бакиевден сыйлык-наам алгандар ошондо баш-аягы 20дан ашуун болсок керек эле. “Азаттыктан” Кыяс Молдокасымов, Жаркын Суран кызы да бар эле. Үйдө сүрөтү турат.

-Тигилер Болот-Шердин жардамы менен алган экен, сен кандай алдың эле?

-Мен деле Болоттун жардамы менен алгам. Бирок ага дейре мындай болгон экен. Болот Шер айтты: ”Үсөн Сыдыков агабыздан уктум, Шаке. Сиздин “Кет Буканын ыры” деген ырыңыз Бакиевге катуу жагыптыр, уккандан тажабайт экен, анан “ошол Кет Бука 13-кылымда эле биздин күндү көзү ачыктай айтып салган турбайбы, тооба!” дептир, – дегенинен Үсөн акеге: “Үсөн аке, ал 13-кылымдагы Кет Бука, тиги дүйнөдө эмес эле, бул эле Бишкекте жашайт, аты Шайлообек Дүйшеев дедим”,- деп мага айтып атпайбы. Эл акынын алышыма чын эле ошол ырым да себеп болгон.

-Отунбаеваны айтпай эле кой. Андан “Манас” орденин алганыңды, 60 жылдыгыңда сахнага чыгып куттуктап, “Шаке” деп ырларыңды окуп, машина мингизип, сонун кылып өткөргөнүн элдин баары билет.

-Кыргыздын Розадай мыкты кызын студент кезимден бери эле биле турганымды сен жакшы билесиң. Роза анда философиядан сабак берген, МГУну жаңы эле бүтүп келген, жапжаш, келбети келишкен сулуу эжейибиз эмес беле. Менин далай мыкты ырларым ушул эжекебиздин асыл сапатына, акылына, сулуулугуна суктануу менен жазылган болучу. Роза Исаковна менин ушул күнгө чейин бузулбай келаткан системанын былыгын ашкерелеген “Кайдыгерлик” баштаган ырларымды жактырып угуп, эл чогулган жерге алып барып окутуп, сыйлап-урматтап турчу. Чынында эле чыгармачыл адамдарды Отунбаевадай сыйлаган, Отунбаевадай түшүнгөн президент эми качан келерин ким билет. Бир арманым Англияга чакырганда самолетко түшкөндөн коркуп барбай койгонум…

-Англияга чакырганда коркуп, Санкт-Петербургдан Айтматов сыйлыгын аларда самолеттон коркпой учпадыңбы?

-Эмне кылам анан, Алыкул айткандай адам деген бечара чоң акча аларда эч аанерседен коркпой калат турбайбы, ошон үчүн учпадымбы. “Санкт-Петербургдан” Парламенттер аралык Ассамблеянын маданият иштери боюнча жооптуу катчысы, орус досубуз да “Чыныңызды айтыңызчы, Кыргызстандан бул жерге эмне үчүн келдиңиз?” деп тамашасына мен да тамаша менен: “Акчасы үчүн эле келдим” десем каткырып, колумду кайта-кайта кыскан эле.

-Эми Атамбаевге келели. Андан да кур калбай “Манас” орденинин экинчи даражасын албадыңбы? Аны кантип алдың?

– Салижан айтчу эмес беле, “кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөйт” деп. Орусча айтайын,  кашайып ошондон кийин “алчность” деген оору жабышпадыбы, сыйлыкка көнүп алган жаным, сыртка чыксам эле омсоңдоп Ак үйдү карайм, үйгө кирсем эле туталанып телефонду бурап жиберем. Эси-дартымдын баары эле сыйлык, эси-дартымдын баары эле  наам. Талгак болгон немедей тим эле ак эткенден так этем. Иштен келаткан сайын жол жээктеп басам, чала тагынып алган бирөөлөрдүн орден-медалдары жол боюна түшүп калбады бекен деп. Тияк-биякка чалам, айланайындар “сыйлык бере турган жерди угуп калсаңар эчкимге айтпай мага кабарлап кое көргүлө, элден мурда жетип барып мен ала калайын?” деп Кыргызстандын булуң-бурчунун баарына чалып чыктым. Таластын “Кырк Казыгында” кудаларым бар эле аларга да чалдым, Манастын күмбөзүнө келчү чоңдорду акмалай жүргүлө деп. Анан кудай жалгап бир күнү эле кадимки Кыргыз эл артисти, айтылуу куудул Келдибек Ниязов үйгө кирип келди бакырып: Ой ушу!.. Деги сенин кенебестигиң качан калат ыя? Качан болсо эле Президенттерди чуркатып коюп жүрө бересиң, күйбөгөн жерди күйгүзүп? Атамбаев “Манас” орденин тагам деп эки сааттан бери үйүңдү табалбай “Арча-Бешикти” айланып-тегеренип жөө чуркап жүрөт?! – деп.

Шашып сыртка чыксам чын эле Алмазбек Атамбаев президент башы менен менин өйдө жагымдагы бизнесмен кошунам Карабайдын төрт кабат особнягынын дарбазасын каккылап турган экен. Уялып кетип:

Уландысы бар

Маектешкен Баратбай Аракеев

Булак: “Багыт”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *