Шакирова аткезчиликти ачыкка чыгаргысы келбейби?

Контрабандалык жол менен кирген препараттар дарыканаларга толуп кетти деп адистер коңгуроо кагып жатышат. Көзөмөлдүн жоктугунан дарыканалардагы баа да ар кандай болуп жатат. Мындан улам, дарылардын сапатына да эч ким кепилдик бере албайт. Эксперттердин баамында, муну көзөмөлдөй турган мекеме болсо чоң-чоң фармацевтикалык компаниялар менен коюн колтук алышып, аткезчиликкке жол берүүдө. Дары-дармек департаментинин жетекчиси Гүлмира Шакирова болсо контрабанда боюнча таптакыр үн катпай, мекеменин эски иштерин байма-бай айтып, маалымат булактарына мактанып бүтө албай жүрөт. Ал эми жайма базарларда сатылып жаткан дарылардын сапаты кандай экенин эч ким билбейт. Себеби далилдик базасы жок. 70 пайызга жакын препараттардын сапатына кепилдик жок болуп жаткандыгын тармактык адистер какшап жатып тилдери тешилди. Жайма базардагылар, Шакирова алгач дарыканаларда сатылып жаткан контрабандалык дарыларга тыюу салып, анан бизге сүйлөсө калыстык болот деп абдан ыңгайсыз абалга калтырышыптыр.

Айтор, учурда дары саясатын оңчулуктуу жүргүзбөгөндүктөн аткезчилик күчөп, препараттарга болгон туруктуу баа жоголду. Гүлмира айым дары мекемесинин милдети дары саясатын жүргүзүп, элди сапаттуу дары менен камсыз кылуу экендигин унутуп калды. Же бу киши аткезчилер менен байланышта болуп, капчыгын кампайтып жатабы? Муну укук коргоо органдары тыкыр иликтеп, мекеменин ишине көлөкө түшүргөн маселелерге тыкыр көңүл бөлүп, Шакирова бул тармакты тартып кете алаарын териштирүүлөрү керек. Анткени, калктын саламаттыгы баарынан кымбат. Аткезчилик менен келген препараттарды сатып алган тургундардын Саламаттыгына коркунуч келбейт деп эч ким кепил боло албайт. Шакирова департамент акча санай турган эмес, калктын саламаттыгына кам көрө турган мекеме экендигин эстен чыгарбашы керек эле. Иштей албаса, өзү билген касссирлик эле кесибин аркалап кетсе болмок. Антпесе, кайсы күнү ириген-чириген дары ичип алабыз деп эле кооптонгон киши көбөйдү.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *