Шаршен Касенов: “Биздин чемпиондор баарыбыздын сыймыгы”

Эркин күрөш, самбо жана дзюдо боюнча СССР спортунун чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти, “Дордой” спорт клубунун башчысы Шаршен Касенов менен бир чай куюм кебилештик. Аскар Салымбеков менен кантип таанышканын, спорт клубдун жетишкендиктерин, материалдык базаларында кандай өзгөрүүлөр бар экенин эргүү менен айтып отурду. Шакемдин уурутунан чыккан ширин сөздөр мени да жомок дүйнөсүнө жетелеп кеткендей болду…

 — Шаршен мырза, Аскар Салымбеков менен тааныш болгонуңа 40 жылдын жүзү болгонун билем, кандай шартта таанышкансыңар?

— Аскар Мааткабылович менен 1977-жылы дене тарбия институтунда студент кезимде таанышкам. Комсомол комитетинин башкатчысы болчу. Ал кезде комсомол күчүндө болуп, жөн адамдарды тарта берчү эмес. Байкап көрсөм спорт дегенде ичип аткан ашын жерге коё чуркаган, абдан ышкыбоз адам экен. Мейли дүйнөлүк спорт болсун, мейли кыргыз спорту болсун, билбеген жери жоктой көрүндү. Дене тарбия институтун аяктагандан кийин андагы Крупская атындагы, азыркы Шералы Сыдыковдун наамын алып жүргөн  спорт интернатта жаш балдардын эркин күрөш боюнча машыктыруучусу, насаатчысы болуп иштеп калдым. Бир нече жылдардан кийин, тактап айтканда, 1997-жылы ошол эле окуу жайга директор болуп шайландым. Сыдыков атындагы олимпиада спортчуларын даярдоочу училищенин абалы абдан оор экен. Өлкөбүз эгемен алган жылдан тарта эч бир ремонт иштери жүрбөй, дубалдары урап, полдору чирип, чатырынан суу агып, бассейн жана башка кээ бир чакан залдар жарактан чыгып калыптыр. Капиталдык оңдоо кылайын десем мамлекеттин абалы ал жылдары башка жыртыктарды бүтөгөнгө шайы келбей турган чак болчу. Ошондо Аскар Салымбековго кайрылып, жардам сурадым. Аскар кол ачыктыгын кылып, училищенин оңдоп-түзөө иштерине, спорттук инвентарларга, эмеректерине аябагандай чоң жардам кылды. 2002-жылы кыргыз спорт комитеттин башчысынын орун басарлык кызматына которулганымда Аскар Мааткабылович “Дордойдо” спортту бирге көтөрүү максатында мени ишке чакырды. 2003-жылы ассоциациянын вице-президенти кызматы менен бирге “Дордой” спорт клубдун башчылыгы кылып бекитти. Мына ошондон бери бул адам менен бирге иштеп келатабыз.

— Сиз мени “Суке” десеңиз, мен деле сизди “Шаке” дей берейин. Айтсаңыз, спорт клубда спорттун кайсы түрлөрү бар жана алардын жараткан ийгиликтери тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз?

— Биринчи кезекте футболду баса көрсөтөйүн. Мен келген учурда “Дордой” эл оозуна алынып калган. Бүгүнкү күндө 9 жолку өлкө чемпиону. Эки жолку күмүш, үч жолку коло медалдардын ээси. АФК президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдешти эки жолу багынткан. Учурда футбол менен 22 балдар тайпасы клубда тикелей машыгышат. Андан сырткары, филиалдарда 800гө жакын жаш топ тепкичтер бар. Бу жерде улуттук спорт четте калган эмес. Биринчи кезекте көкбөрүнү айтпаса болбойт. Аскар Салымбеков көп жылдары бою Көкбөрү федерациясын жетектеп, каржы жагынан аябай колдоп келди. Нарын, Чүй облустарынын базасында бокс, волейбол, эркин жана грек-рим күрөштөрү, дзюдо ийримдери иштейт. Жакынкы беш жыл ичинде алыш, хоккей, көркөм гимнастика секциялары ачылып, өлкө ичинде болобу же эл аралык деңгээлде болобу,  жараткан ийгиликтери жаман эмес.

— Ошондо кимдер?

— Дүйнө, Азия жана олимпиада чемпиондорун атай кетейин, эми эстешимче. Алсак, Уран Калилов, Каныбек Жолчубеков, Данияр Көбөнов, мен олимпиада чемпиону деп Урматбек Аматовду айтып атам. Бу жигит Сингапурда өткөн жаштар арасындагы биринчи олипиаданы багынткан жигит. Надырбек уулу Самат, Саякбай Усупов, Догдурбек уулу Эламан, Магомед Мусаев, Нурбек Аканов, Турат Осмонов, Айнура Асанбекова, Аяна Болотканова ж.б.

— Спорт клубдун техникалык базалары болбосо спорт кайдан өнүгөт?

— Туура айтасыз, Кой-Ташта футзал менен чоң теннис, Ново-Покровкада футбол боюнча өспүрүмдөр мектеби, Ысык-Ата районунда күрөш жана дзюдо залы, Нарын шаарында спорттук стадион, Ат-Башы районунда футболдук талаа, күрөш, дзюдо залдары, Ак-Талаа районуна күрөш залына көмөк көрсөтүлдү, Бостериде эл аралык чоң мелдештерди спорттук иш чараларды өткөрө турган амфитеатр курулду.

— Бул 2017-жылы Ташкул Керексизов агабыздын идеясындагы курулушту айтып атасыз да?

— Ооба, аны өзүң деле көрдүң. Быйыл Көчмөндөр оюну өткөнү жатпайбы. Бостеридеги амфитеатрдын кереги абдан тийет. Муну менен токтоп калбайбыз. Ысык-Көлдө, Чүйдө ушуга окшогон спорт жайларды куруу боюнча Аскар Мааткабылович менен сүйлөшүп жатабыз.

— Шаке, ушуну менен узун кепти токтото туралы…

— “Дордой” ассоциациясы спортко жандуу жардам берип турат. Ар жыл сайын 100 миллион сомдон кем эмес акча турат. Бул мамлекетке кошкон салым деп билишибиз керек. Абдан чоң рахматымды “Дордойдун” жетекчилерине айткым келет. Ар качандан бир качан спорт дегенде эч бир каражаттарын аябай, спортчуларга колдоо көрсөтүп турат. Жогоруда айткан клубдун техникалык базаларын кеңейтип, аларды жаңылап, спорттун кайсы түрү гана болбосун жеринде шарт түзүп берип, жакшы жыйынтык бере турган демилгелерди колдоп турат, болду го дейм.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *