Шаршен Касенов, Кыргызстан Олимпиадачылар Ассоциациясынын президенти: ““Чубак ажы өтө ашынып кетти”

– Шаршен агай, Чубак ажы Жалилов, Ноорузду майрамдабаш керек деп дөөдүрөдү. Ушул боюнча сиздин пикирди уксак?

– Молдоке өтө ашынып кетти. “Ноо­рузду майрамдабаш керек” деген бул келесоолук. Келесоонун кеби. Кыргызда негизги үч майрам бар. Биринчиси улуттун улуу майрамы Нооруз, экинчиси – 9-май Улуу “Ата-Мекендик” согушта жеңишке жетишкен күн, үчүнчүсү-31-август Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болушу, эгемендүүлүк майрамы. Мына ушул үч майрам өлкөбүздө сөзсүз түрдө майрамдалууга тийиш. Анан ар бир жарандын өзүнүн жеке туулган күнү. Туулган күн дагы жеке жаран үчүн, үй-бүлө үчүн чоң майрам болуп эсептелет.

-Өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө спорттогу жетишкендик күнү, спорт майрамы деген да бар. Бизде дагы ошондой спорттун баркын көтөрүү учун атайын жогорку деңгээлдеги спорт майрамын негиздесе болобу?

-Албетте болот. 2020-жылы Японияда дүйнөлүк олимпиада оюндары өтөт. Мына ошондо спортчуларыбыз алдыңкы орунду алып чемпион болсо, ошонун урматына атайын тарыхта кала тургандай спорт майрамын негиздөө керек. Спорт майрамын негиздөөгө негизи биздин мамлекетте дагы мезгил жетти.

– Кореяда өтүп жаткан кышкы спорттук оюндарга кандай баа бересиз?

– Спорттук оюндар абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Корея мамлекети жакшы даярдык көргөнү оюндун жүрүшүндө байкалууда. Биздин спортчулар өз дараметтерине, деңгээлдерине жараша өздөрүн көрсөтүштү. Бул ирет ийгиликке жетпегенибиз менен, кийинки боло турчу жайкы олимпиада оюндарында спортчуларыбыз ийгилик жаратат деп ишенип туралы. Баса, айрым спортчуларыбыз олимпиадага баратканда ашыкча мактанышат. Олим­пиадага бараарда эмес, жеңишке жетишип келгенден кийин мактанышса дээр элем. Ушуну спортчулар эске алышса…

Мирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *