Шаршенбек Абдыкеримов депутат Нурлан Макеевдин түрктөр менен бизнес кылам де­ген акчасын алып иштетип жиберип, эми неге кайтарбайт?

“Кыргызстан” партиясынын көшөгө артындагы кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов парламенттик шайлоо учурундагы нааразычылыктардан дагы деле арыла албай айласы кетүүдө. Алсак, учурда “Кыргыз­стан” партиясынын тизмеси менен шайлоого барган Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы ди­ректору Байгазы Кенжебаевге жолуккандан качып жүргөн кези. Көр­сө Шаки Таластан көп добуш алган Байгазыны депутат кылбай, андан аз добуш алган Дастан Жумабековду депутат кылып, калыстыктан тайып ойт бериптир. Мындан улам бир жылдан бери Байгазы депутат кылгың келбесе, шайлоого кеткен акчамды кайтарып бер деп артынан сая түшүп, жолуктура албай убара. Эми болсо Дастан экөөң чечишип алгыла деп, суудан кургак чыгып жатыптыр. Буга дейре Нурлан Макеевдин түрктөр менен бизнес кылам де­ген акчасын алып иштетип жиберип, акчаны кайтарбайсыңбы деген Макеевге “Үлкөн комитетке төрага кылдым, берген акчаңды ошол жактан чыгарып албайсыңбы?” – деп оозун аппак кылды дешти эле. Сыягы соодагер баары бир кызыл кулактыгын кылбай койбойт экен да…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *