Шаршенбек Абдыкеримовдун арак бизнесине байланыштуу кызыкчылыктары ишке ашуудабы?

Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы №576 жана 2017-жылдын 27-январындагы №50 токтому менен алкоголь продукцияларын өндүрүүнү жа­на айлантууну көзөмөлдөө функциясы мамлекеттик салык кызматынан айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине өткөрүп берди. Бул токтом биздин оюбузча, мамлекеттин ишмердүүлүк саясатына карама-каршы келет. Ошого катар президентибиз Алмазбек Атам­баев көзөмөлдөөчү органдардын санын кыскартуунун зарылдыгы тууралуу бир нече жолу айткан болчу. Өкмөт болсо өзүнүн бул токтому менен ишкерлик субъектилерин текшерүүгө укуктуу дагы бир органды пайда кылып отурат.

Өкмөт 2017-жылдын 27-ян­варындагы токтому аркылуу белгисиз себептер менен салык органынын функциясынан алкоголь продукцияларын коштоочу документтерди (накладнойлор, эсеп-фактуралар) текшерүү укугун алып салды. Ишкерлердин каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгондуктан, бул документтер дал са­лык кызматы тарабынан текшерилүүгө тийиш. Өкмөт өзүнүн токтому менен алкоголь про­дукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын гана документтерин текшерүүнү алып салганы өтө таң калычтуу.

Мамлекеттик салык кыз­маты көзөмөлдөө функциясын ишке ашыруу мезгилинде лицензияларды берүү, са­лык төлөөчүлөрдү жана алко­голь продукцияларын өндүрүү процессин көзөмөлдөөнү автоматташтыруу боюнча бир топ иштерди жасаган. Бул иштерди аткарууга тышкы инвесторлордон (атап айтканда, Азия өнүктүрүү банкынан) келген бир кыйла каражаттарды жумшаган болчу. Ал каражаттар, албетте, мамлекеттик карыздын бир бөлүгүн түзүп, аны республикабыздын карапайым жарандары төлөөгө туура келет.

2015-жылдан тарта мамле­кеттик салык кызматы ишкер­лик субъектилери үчүн шарттарды жакшыртуу максатында аймактык салык органдарына лицензияларды берүү боюнча бир топ иштерди жасады, ар бир райондо берилип, анын натыйжасында салык төлөөчүлөр үчүн шарттар жакшырды, транспорттук жана башка чыгымдар кыскарды.

Айыл чарба, тамак-аш жа­на мелиорация министрлигинде башкармалыктын түзүлүшү бул талаптарга жооп бербейт. Анткени, ал Бишкек шаарында жайгашкан бир орган болуп эсептелет, кол коюу укугу жа­на мөөр башкармалыктын начальнигинде гана бар. Мындай системанын өзү башкармалыктын кызматкерлерин коррупцияга түртөт. Себеп дегенде, лицензияларга жана башка документтерге кол койдуруш үчүн дайыма Бишкекке келиш керек болот. Бул салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнө түшчү ашыкча чыгым. Мамлекеттик салык кызма­ты колдонуп келгендегидей программалык камсыздоону түзүү үчүн чоң каражат жана убакыт керек, бул болсо айланып келип эле өлкөнүн жарандарынын мойнуна артылган жүк болот.

Алкоголь өндүрүшүн көзөмөлдөөнү жаңы механизмдерди, анын ичинде GPS датчиктерди колдонуу менен толук автоматташтыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралып жаткан. Бул долбоорду ишке ашыруу ишканаларда са­лык постун орнотуудан баш тартууга мүмкүндүк бермек. Бирок, өкмөт өзүнүн жогорудагы токтому менен салык кызматынын алкоголь продукцияларын өндүрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү

багытындагы баардык келечектүү багыттарын жокко чыгарып салды.

Салык кызматына мамлекет­тик бюджетти толтуруу боюнча планды аткаруу милдети жүктөлгөн, демек, салык кызматы план аткарылбай калса толугу менен жооп берет. Ал эми айыл чарба, тамак-аш жана мелиора­ция министрлиги эмнеге жооп берери түшүнүксүз. 2017-жыл­дын башында көзөмөл функцияларынын жоктугунан улам акциз салыгы боюнча планды аткара алган жок, жыйымдар 2016-жылга салыштырганда да аз чогулду.

Zanoza.kg сайтында мындай кызыктуу маалыматтар жарыяланган. 2012-жылы мамлекет­тик салык кызматы менен антикоррупциялык кызмат алкоголь продукциясынын көмүскө айлануусуна бөгөт коюу багытында бир топ иштерди жүргүзүп, «Аю» ЖЧКсынын жасалма акциздик маркалары чапталган көп сандагы алкоголь ичимдиктерин алышканы боюнча… Ошол кезде Ж.Жоробаев АКСтин төрагасынын орун басары болуп иштечү.

2012-жылы И.Масалиев жетекчиликке келген соң Ж.Жоробаев мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин, алкоголь жана курамында спирт бар продукциялардын өндүрүшүн жөнгө салуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги болуп дайындалат. Ал бул башкарма­лыктын жетекчилигине келген соң жасалма акциздик марка­лары бар продукцияларды алуу кыскарган.

2015-жылы Ж.Жоробаев «Кы­ргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлөт (55-тизме). Бул партиянын башкы түзүүчүлөрүнүн жана каржылоочуларынын бири арак магна­ты, алкоголь продукцияларынын 80%ын өндүргөн «Аю» жана «КыргызАлкоТрейд» ЖЧКларынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) экени белгилүү да.

Андыктан, Ж.Жоробаев салык кызматында иштеп турганда жогоруда аты аталган ЖЧКлардын кызыкчылыгын көздөп, АКСтеги байланыштары аркылуу алардын үстүнөн козголгон кылмыш иштерин жабууга, өзү жетектеген башкармалыктын кызматкерлеринин ал ишканаларды текшерүүсүнө тоскоол болуп турганына шек туулбай койбойт.

Ж.Жоробаевдун айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ал­коголь өндүрүүчүлөрдү көзөмөлдөөгө жооп берген башкармалыгынын начальниктигине дайындалышы да анын айрым бир алкоголь өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын колдоосуна шарт түзүүсү мүмкүн.

Салык органдарынын ишин, атап айтканда, алкоголь рыногун көзөмөлдөө боюнча көзөмөл функциясын аткаруу боюнча ишин анализдөө бул тармакта чоң көлөмдөгү көмүскө сег­мент бар экендигин көрсөттү го? Алкоголь продукцияларынын көмүскө айлануусунун орточо проценти ички рынокгогу баардык алкоголь продукцияларынын 80%ын түзө турганы болжонууда.

2015-жылда акциз салыгы боюнча салык жыйымдарын (927,2 млн. сом) эске алганда, мындай көмүскө ишмердүүлүктөн келген зыян жылына 460,0 млн. сомдон 740,0 млн. сомго, НДСти жана киреше салыгын эске алганда 1,5 млрд, сомго жетиши мүмкүн.

Белгилей кетчү нерсе, салык кызматынын сайтынын маалыматы боюнча 2015-2016-жылдары жасалма акциз маркала­ры чапталган алкоголь про­дукцияларын алуу эки эсеге көбөйгөнү каңкууланган. Бирок, 2015-2016-жылдары «Аю» жана «КыргызАлкоТрейд» ЖЧКсынын продукциясы эң көп (400 миң бөтөлкөгө жакын) алынса да са­лык кызматынын сайтынан көрө албадык.

Бул тармакта өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн алкоголь өндүрүүчүлөргө карата мамиледе кардиналдуу чаралар зарыл. Негизи тиешелүү иштер жүргүзүлүп, алкоголь продукцияларынын көмүскө айлануусу кыскарса мамлекеттик казынага 3 миллиард сомго чейин кошумча каражат түшүүсү мүмкүн.

Алкоголь продукцияларын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Күреңкеев 2013-жылы «Ж.Жоробаев иштеп турган кезде салык кыз­маты «Аю» компаниясынын заказын аткарат, анын ээси Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн абалын пайдаланып, компаниясына пайда алып келчү мыйзамдарды демилгелейт» деп бир нече жолу айтканын уктуңар беле?

Бул жагдайлар салык органдарынын коррупциялашканын, айрым бир алкоголь продукци­яларын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жатышкандарын тастыктап турган жокпу?

Өкмөт мамлекеттик бюджет­ти колдоо үчүн республиканын тышкы карыздарын көбөйтүп, жыл сайын кредиттик карыздарды алып, ошол эле учурда ички резервдерди колдонбой жатканы кызык.

Акыл Бусурманов

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *