“Шеп” кызматка кетти

Президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов кеңешчилик кызматынан бошоп, эми СДПКнын жергиликтүү кеңештерге шайлоосуна кам көрөт экен. Мындан башка ишеничтүү адамы жок экен АШАнын. Жергиликтүү кеңештерди шайлоодон кийин Илмиянов Жогорку Кеңешке депутат болуп келээри күтүлүүдө. Коомчулук тарабынан бул кишиге бир топ сын-пикирлер айтылганы менен Икрам мырза тоготчудай эмес. Колдогон кожоң чоң болсо «дыңк» этпей иштей берет экенсиң да.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *