Шералы тапкан, Шамшыбек жеткен сулуу кыз

Ушул мезгилде Шералыны эскерүү парзыбыз бар. Анткенибизге он беш жылдын жүзү болуптур. Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы болгон Шералы 2002-жылы 7-февралда 22 күн саясый ачкачылыкта отурган жеринен мүрт кеткен. Бул окуя кыргыз тарыхында кара тамгалар менен тарыхта жазылып калган. Бир келген өмүрдү кечүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Өлүмгө аң-сезимдүү түрдө барган нукура патриот тууралуу сөз айтыла бермекчи. Анын сыңарындай ар убак Шералынын жан дүйнөсүн окугум келет. Ага Кыргыз эл артисти, маркум Шамшыбек Өтөбаевдин “Сен ооруба… Ата Журт” китебиндеги “Шералынын сүйүүсү” деген тема ойго салбай койбойт.

…Китепте Сабира анан Шералы деген жанаша (глава) аттар турат. Бири жакын досу болсо, бири өмүрлүк жары. Бул китеп биз билбеген бир сырды ачып отурат. Ал Шералынын сүйүүсү, балалык махабаты, таттуу сезими тууралуу учкай жазылыптыр. Журналист катары Шералынын мекенчил, эл-жеринин бүтүндүгү үчүн өмүрүн бергенин, патриоттугун жада-калса үйү жок жүргөнүнөн бери жаздык. Анан кайдагы үй-бүлө, танапташ жары болмок эле, үйү жок жүргөн немеде кайсы жарытылуу турмуш болмок эле- ушунун баары жазылды. Саясый ачкачылыкта отуруп каза болгон Шералынын калеминен жаралган публицистикалык материалдарын чогултуп Алмаз Эркебай уулу китеп да чыгарды. Ошол китеп, Шералы тууралуу жазылмалар анын өмүрлүк жары, бала-чакасы, тууган-уругу болуп өмүрүн улап калды. Ошентип жыл сайын эскеребиз. Жаңы демилге, жакшы пикирлер, айкын ойлор менен тарайбыз. Теги Шералы деген тема бар. Ал тема далай талкууларды, ый аралаш сөздөрдү жаратып, Шералынын ким экенин ачыктап келатат. Ушулардын чокусунда бир кол булгалап турган ыйык, адамзатка тартуу кылынган, жашоону түп тамырынан өзгөрткүч күчкө ээ болгон, адамзатты бактылуу кыла алган махабат, кыз сүйүү темасы ачык бойдон турат. Ошол теманы коюндаш өскөн, балапан кезден бирге чоңойгон Шамшыбек Өтөбаев Шералынын өмүр таржымалы тууралуу эскерип, кыска бирок нуска сүйлөм менен жазып калтырганы Шералынын бактылуу учурун толуктаганга көмөк болот.

Шералынын сүйүүсү

Шералы бардык учурда тапкыч болуптур да. Идеяны табат, жаратманы башка болот. “Ата Журтка” обон жаз деген Шералы. Анан дагы… Сулуу кызга көзү түшөт, ал кызды таап келген Шералы, ала качып кеткен Шамшыбек болуп жатпайбы. Анда ирети менен айталы.

…Экинчи курста окуйбуз. Досум Шералы бөлмөгө кубанычтуу кирди. “Билесиңби, мен бүгүн бир кыз көрдүм. Сулуу экен. Бирок тааныша албадым. Сүйлөшпөй койду”, деди. Жаштык оту жалындап турган убак. Биз дагы кызыгып калдык. Ал кыз ФПИнин жанындагы дүкөнгө практикага келген экен. Анын Фрунзедеги соода техникумунда окуурун, жердиги Нарындан экенин билип алганбыз. Анткени күндө баарыбыз өз-өзүбүзчө барып, сыртынан акмалап келебиз. Курсташыбыз Дүйшөнов Канаттын сүйлөшүп жүргөн кызы Гүлжеке дагы дүкөндө иштечү. “Ошол кыз менен тааныштыр»- деп, анын да жанын койбойбуз. Ансайын маалкатып жүрүп алды. Дагы бир аз чуркашсын деген окшойт. Биз ого бетер бири-бирибизден өтүп өтүнүчүбүздү күндө кайталайбыз. Гүлжеке каткырып күлүп,, “Ай, чурулдабай адегенде өзүңөрчө чечкиле, кимиңерге тааныштырам» деди. “Акырында биз, “сен баарыбыз менен тааныштыра бер, калганын ал кыз өзү чечсин» дедик.

Көрсө демократия деген, бизде ошондо эле бар турбайбы! Анда Гүлжеке “Жакында менин туулган күнүм болот, ошондо тааныштырам» деди. Биз окууну деле унутуп, күн санап туулган күндү күтүп калдык. Анын туулган күнү өзүнчө эле той болуп кетти. Келген жигиттердин көпчүлүгү, ошол кыз менен таанышсам деп турушкан экен. Аны алар кийинчерээк моюндарына алышкан. Ошентип туулган күн 1970-жылдын 16-май күнү, ал кыз Сабира менен тааныштык!

Бирок таанышкан күндөн көп өтпөй эле ал кызга өз-өзүнчө көмүскө ашык болуп жүргөн достор биригип, башкалар менен «разборкалар» башталды. Ошондон кийин ал кызды сактап, коргоо баарыбыздын милдетибиз болуп калгандай болду. Эч кимди эч ким, суранган деле жок. Жагдай өзү эле ошондой болуп түзүлүп калды. Биринчиден буга көпчүлүгүбүз «интернатский» болгонубуздун таасири болду окшойт. Анткени интернаттан чыккандар абдан ынтымактуу болушат. Анан калса интернат эркек балдарга эркекче тарбия берет эмеспи. Жаат-жаат болуп беттешүүлөр политехте, мединститутта же Фрунзенин башка жерлеринде болуп жатты. Андай учурларда дайыма менин жанымда Заирбек, Алижан, Шералы, Ыйманбектер болушчу

Баягы Шералы сүйүнчүлөп келген сулуу кызды алдырып ийбейли деген эле ойлор кетти достор арасында. Андай ой менде деле бар эле. Мен алакачып кеттим. Ошко самолет менен учтук. Фрунзеден бизди көпчүлүк досторубуз чогулуп узатышты. Шамалдуу-Сайга алып келишти. (кыскартылып берилди). Ошентип баягы Шералы досум биринчи сүйүнчүлөгөн Нарындык сулуу кыз, түштүктүн тоолуу, керемет кооз Айкөл аттуу жайлоосуна барып келин болуп отуруп калды. Досум айткан ошол сулуу кыз, бүгүн алты баламды тарбиялап өстүргөн, балдарымдын энеси — ​Сабира”.

Автор: Ошол Шералынын балалык кезинде жүрөгүнө сүйүү отун тамызган сулуу кыз тууралуу Шамшыбек Өтөбаев жазып жаткан соң ар бир эле адамдын оюнан не бир күлүк ат минип чапкан кыялдар, бала кездеги таасирлер, кийинки турмуш жазмыштардын оюш-кыйыш себептерин калчаган ойлор жан дүйнөңдү аралап өтөрү бышык. Өтөбаев бул сырды кыска болсо да бекеринен бербегендир. Биз ойлоп жатканды ал деле ойлогон болуш керек. Бала бойдон өттүң досум деген фразаларга караганда таттуу сезимди, таптаза тунук сезимди ошол эле кезде сезимге доо кетип калганбы деген ой маданияттуу жаратман адамдын оюна түшпөй койбогондур дейсиң. Кантсе да ыйманы жол бериптир. Баары кеч, баары артта калды, ал өмүрдү кайрып келүү мүмкүн эмес, ошондон сөз учугун таштап коюптур.

Шералы менен идеялаш, саналаш, пикирлештеринин биримин. Эмнегедир Шералынын турмушу жана сүйүү темасында сөз кылбаптырбыз. Шералы бирөө менен жашаганга же бирөөнү сүйгөнгө болбойт дегендей ойлогонбузбу ким билсин.. Ал ошондой жүрчү. Көртирлик ал үчүн жок эсепте эле. Бизге анын жүрүшү ошондой туюлчу. Бир турмуштун туткасын бек кармап өткөнгө бардык жагынан кудуреттүү жигит болчу. Бир жагынан өзүндөй ички дүйнөсү бай, рухий жан дүйнөсү Шералыныкындай таза айымдарга жолукпады чагымда. Үй-жайды ойлобой жер кезип жүргөндү кайсыл аял жактырат? Ал өзүнө танапташ аялды издеген да жок. Эмнеге? Бул суроого бала күндөн бирге жүргөн Шамшыбек Өтөбаевдин ыймандай эскерүүсүндө бир катылган сырдын башы кылтыйып, ар бир баео сезимди барктап, сөз баккандардын жадына бир оттуу сезим өчкөндөй сес берет. Шералынын көзү түшкөн, аны сүйүнчүлөгөн кызга биринчи кимдин көзү түштү? Өмүр бою идеясын, оюн уурдатып жүргөн Шералы балким Өтөбаев айткандай жаштык оту жалындап турган убакта жолуккан сулуу кызды тагдыр тушуктурган болуш керек эле. Ал тагдыр кантип Шералыны жандап өттү.Тагдыр демекчи анын сүйүүсү, сулуусу Шералыга жолугат да буйругу башканыкы болуптур да? Неге? Албетте жаш кезде Өтөбаев айткандай, талашка түшкөн кызга ким биринчи кол сунса, ким биринчи озунса ошонуку болуп калды да. Тагдыр буйругу неге Шералыга калыстык кылууда алсыз болуп калды десең? Анткени, анын назик сезимине башка бирөө кол салып жаткандыгы эч кимге байкалбады? Ал эмес аны Шамшыке да билген жок. Кеп ушунда. Ошончо баланын талашына салып берген Шералынын сүйүнүчү өзүнө ыраа болуп калбагандан көкжал, акылгөй, зирек бала өмүрүнө жылт берген сүйүүсү менен кош айтышып койгону Шамшыбектин көңүлүнө акырындап барып бүлүк салышы да мүмкүн. Эмне дейт элек. Демек Шералы сүйүүсүз жашады. Кимдир бирөөнү сүйүүгө анын жүрөгү макул болбой жүрүп жалкы адамдай өмүр кечирди. Ал өмүр артык көрүндү керек болсо. Жоготкон сезимин ар кайсы аялдан издеп да көрбөдү. Бирок пендечилик деген ар бир адамда болот эмеспи. Албетте көз кырын салган, бута жолдон чыккан аялдары болду.Табияттын сыры ушундай. Бирок Шералыны адам катары, мекенчил инсан катары гана эскерип жүрүү парзыбыз бар.

Шералы Назаркуловдун каза болгонуна быйыл он беш жыл толду. 1950-жылы Кара-Кулжа районундагы Токбай деген ыйык жерде жарык дүйнөгө келген. Ал аймак Шералы Назаркулов атындагы айыл өкмөтү болуп аталмак эле. Кантсе да Шералыдай мекенчил инсанды Токбай талаа айылы, ал жердин эли берди. Ага таазим этебиз. Анан Шералынын өмүр таржымалы тарыхта калган атактуу адамдардын катарын толуктайт. Бул ыйык жердин эли да ыйык. Күн келет Шералынын атын кийинки муунга калтырганга айылдын акыл-эстүү эли эрте-кечпи жасаарына ишеним чоң.Анткени, Бишкек шаарынын чок ортосундагы № 80 мектеп Шералы Назаркулов атындагы мектеп болуп аталып, анын ачылыш салтанаты алдыда болмокчу. Бул мекептин окутуучуларына жана окуучуларына ыраазылыктан башка не демекчибиз!— деп бул жолку эскерүүнүн аягына чекит коюп туралы.

Жаркын Темирбаева (Суран кызы)

Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *